Кош бойлуу кыргызстандык аялдарынын дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт
2022-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн жылдын күз айларында жүргүзгөн масштабдуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Дарыгерлердин, илимпоздордун жана аткаминерлердин максаты Кыргызстандын балдары менен аялдарына кандай азыктануу элементтери көбүрөөк жетишпей жатканын аныктоо болгон. Ал мынай экен.
NIMAS
2021-жылдын сентябрь-ноябрь айларында республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги өнөктөштөр*, анын ичинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте балдардын жана аялдардын тамактануусу боюнча маалымат чогултуу боюнча иш-чараларды уюштурган. Акция NIMAS – Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө (NIMAS) деп аталды. Көчмө топтор бардык аймактарда, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында иштешти. Жалпысынан 3452 үй чарбасынын жашоочуларынын маалыматтарын иштеп чыккан.
Анкеталоого катышуучулар төмөндөгүдөй топторго бөлүнгөн:
● 6 айдан 59 айга чейинки балдар
● 5-9 жаштагы балдар
● 10-19 жаштагы өспүрүм кыздар
● репродуктивдүү курактагы 15–49 жаштагы аялдар
● кош бойлуулар
Маалымат жыйноочулар катышуучуларга анкета толтурууга жардам беришти, алардын боюн жана салмагын ченеп, үй чарбаларынан туз менен ундун үлгүлөрүн алышкан. Ага кошумча, медициналык кызматкерлер адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн анкета толтуруучулардан кан жана зааранын анализин алышкан.
Кан анализин изилдөө үчүн Германиянын, Иорданиянын жана Танзаниянын сертификатталган лабораторияларынын адистери тартылган. Натыйжада Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу калктын айрым топторун кыйнап жаткан оорулардын портретин тартууга мүмкүн болду. Атап айтканда, кыргыз балдар менен аялдардын арасында аз кандуулук, темирдин жетишсиздиги, А витамининин жетишсиздиги, аз же тескерисинче ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөрдүн таралышын баалоо мүмкүн болду.
Изилдөө эмнени көрсөттү
NIMAS учурунда жасалган тандоо айрымдардын ийгилигин, ошол эле учурда, кыргыздардын ден соолугун чыңдоо боюнча башка мамлекеттик программалардын анча деле эффективдүү эместигин ачып берди.
Оң жактарынын арасында – йодду керектөө деңгээли. Анкеталанган бардык топтордун арасында бул көрсөткүч жакшы деңгээлде экени белгилүү болду. Демек, бул министрликтин тузду йоддоштуруу программасы иштеп жатканын билдирет.
Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагында дагы көп иштер жасалышы керек экен. Ошону менен бирге, ар кандай мамлекеттик органдар тарабынан биргелешкен иш-аракеттер талап кылынат: бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аракети жетишсиз болушу мүмкүн.
Эң кеңири тараган оорулар
Изилдөөнүн эң тынчсыздандырган натыйжаларынын бири… ачарчылык болду. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй областтарында калктын жарымына жакыны начар же жетишсиз тамактанат. Мунун себеби – жакырчылык. Анкеталоого катышкандардын 90%ынын айтымында, азык-түлүктүн баасы акыркы жылдары – COVID-19 пандемиясынын тараганынан кийин кыйла жогорулаган. Жана бул көйгөйдү кандайдыр бир демилгенин алкагында жеңүү мүмкүн эмес. Инфляцияга каршы күрөш жана экономикалык кырдаалды системалуу түрдө жакшыртуу – бул эң керектүү негиз, ансыз тамактануу тармагында, демек, саламаттыкты сактоодо да прогресске жетишүү мүмкүн эмес.
Азыркы айрым кыргыздардын дасторконундагы азыктардын сапаты жакшырса дейбиз. Айрыкча илимпоздордун жана медиктердин тынчсыздануусун жараткан – улуттук тамак-аш үчүн салттуу азыктардын бири болгон ун. Камыр үчүн колдонулган унда көбүнчө маанилүү микроэлементтер жана витаминдер жок. Өкмөт бул көйгөйдү көптөн бери чечүүгө аракет кылып келет – 2009-жылы Республикада “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Бирок мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде унду микрокошумчалар менен байытуу программасы азырынча натыйжасы аз. NIMAS изилдөөсү көрсөткөндөй, үй чарбаларынын 2% гана курамында минералдар жана витаминдер боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген, байытылган унду колдонушат.
Улуттун саламаттыгына түздөн-түз коркунуч келтирген дагы бир көйгөй – кош бойлуу аялдардын аз кандуулугу. Изилдөөнүн катышуучуларынын кан анализи боюнча, кош бойлуу кыргыз аялдарынын дээрлик жарымы – 49%! – анемиядан жабыркашат. Кошумчалай кетсек, бул оору 5 жашка чейинки балдарда да кездешет: Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарында балдардын 30%дан ашыгы жабыркайт. Оорунун жеңил формасы өнөкөт чарчоо, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү менен коштолот. Демек, гемоглобиндин олуттуу жетишсиздиги аз кандуулукта пайда болот – бул мөөнөтүнөн мурда төрөлүү, баланын өнүгүүсүнүн артта калуу коркунучу, ал тургай эненин да, баланын да өлүмүнө алып келет деген кооптуулукка алып барат, абдан коркунучтуу.
Мындан тышкары, 49 жашка чейинки кош бойлуу эмес аялдардын жана өспүрүм кыздардын 80%ында фолаттар (фолий кислотасы) жетишсиз. Кош бойлуу эненин түйүлдүгү үчүн фолий кислотасынын жетишсиздиги өзгөчө коркунучтуу. Ал түйүлдүктүн омурткасы, жүлүн же мээсиндеги кемчиликтерге алып келет. Бул оорулар көбүнчө жашоого жол бербейт.
Албетте, кош бойлуу аялдар бул затты өздөрүнүн гинекологдорунан кошулма катары алышат. Бирок организмде фолаттардын жетишсиздигин толтуруу үчүн убакыт талап кылынат, ал эми эненин ичиндеги түйүлдүк фолий кислотасына дээрлик кош бойлуу болгон учурдан тартып муктаж. Ошондуктан, изилдөөнүн сунушунда: бардык курактагы аялдарды фолий кислотасы менен кошулмаларды ичсин деп, ошондой эле рационунда фолий кислотасы бар азыктарды – брокколи, цитрус жемиштер, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгактар, байытылган ундун көлөмүн көбөйтүү керек деп кызыктыруу белгиленген.
Кыргызстандын калкынын ден соолугунун башка көйгөйлөрүнүн арасында: жашы улуу аялдардын (44%) жана балдардын ашыкча салмагы жана семирүүсү кездешет. Бишкекте 5 жаштан 9 жашка чейинки ар бир бешинчи бала семирүүдөн жабыркайт.
Дефициттердин ичинен эң тынчсыздандыргандары:
● D витамининин жетишсиздиги (кош бойлуу эмес аялдардын 51% жана өспүрүм кыздардын 40%)
● А витамининин жетишсиздиги (5-9 жаштагы балдарда Ош шаарында (27%), Чүйдө (22,5%) жана Баткенде (20%), ошондой эле 5 жашка чейинки балдарда – Бишкек шаарында 20%, Ошто жана Ош областында – 19%
● темир жетишсиздиги жашы улуу аялдарда 56%, 10-18 жаштагы кыздарда жана 6-59 айлык балдарда 47%.
Азыртадан эмне кылса болот
Албетте, мамлекеттик органдар улуттук программаларды иштеп чыгышы керек, биринчи кезекте, аз кандуулукту көзөмөлдөө, буудай унун байытуу программасын жакшыртуу, D витамининин жетишсиздигин азайтуу боюнча саясат жана башка көптөгөн нерселер.
Бирок, азыртадан эле NIMAS изилдөөсүнүн жыйынтыгын билгенден кийин, биз өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн көп нерсе кыла алабыз. Айрыкча, тамактанууга түшүнүү менен мамиле кылуу. Таттууларды колдонууну азайтуу. Рационубузга эт, жалбырактуу ашкөктөр жана буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу темирге бай азыктарды кошуу. Тамактануунун ар түрдүүлүгүнө умтулуу. Пайдалуу заттарга бай азыктарды тандоо. – Өзүңдүн жана балдарыңдын физикалык активдүүлүгүнө көз салуу. Анткени, дени сак балдар – дени сак эл.
* Өнөктөштөрдүн толук тизмеги: ЮНИСЕФ, БУУнун Азык –түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ), Мерсико – Mercy Corps, USAID и USAID Мыкты азыктануу
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio