2026-жылдын 16-июнунда Ош шаарында Түштүк компетенциялар борбору – Кыргызстандын түштүк аймактарындагы мектептердин жана бала бакчалардын тамак-аш блокторунун ашпозчулары жана кызматкерлери үчүн жаңы окуу аянтчасы ачылды.
Бул окуучулардын ата-энелери үчүн маанилүү жаңылык. Эртең мененки ысык тамак же мектептеги түшкү тамак – баланын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү. Бирок ал зор эмгектердин натыйжасынан улам келип жаралат, анын ичине тең салмактуу тамактануу рационун камсыз кылуу, азыктардын сапатын жана пайдалуулугун сактоо, мектептеги коопсуз тамактануунун бардык эрежелери жана стандарттары боюнча даамдуу тамакты даярдоо кирет. Бул жерде ашпозчулар жана тамак-аш блокторунун кызматкерлери мына ушул жөндөмдүүлүктөргө үйрөнүшөт.

Түштүк компетенциялар борбору Ош мамлекеттик университетинин алдындагы №12 кесиптик лицейдин базасында түзүлүп, Россия Федерациясы тарабынан каржыланган долбоор. Ал Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, КМШнын окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму болгон “Тармактык тамактануу институту” (SIFI) АКУнун колдоосу менен ишке ашырылган.
Ачылыш аземге Агартуу министрлигинин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин атынан Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова жана Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев катышты. Коноктордун арасында Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкө боюнча директору Кожиро Накай, SIFI президенти Владимир Чернигов жана SIFIнин эл аралык кызматташтык боюнча директору Елена Болотникова болду.
Ачылыш саламдашуу сөздөрү жана тасма кесүү менен башталды. Андан соң Түштүк компетенциялар борборунун жетекчиси Чынаркан Обдунова конокторду окуу имараттарына алып барды. Андан кийин Кыргызстандагы Ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов мектептеги тамактарды даярдоо боюнча мастер-класс өткөрдү, ал эми коноктор аларды ыракаттануу менен даамдап, татып көрүштү.
Борбордо эмнелер окутулат?
Борбордогу окуу практикага негизделет. Мектептеги жана мектепке чейинки тамак-аш блокторунун кызматкерлери тамак бышыруунун заманбап технологияларын, санитардык жана гигиеналык талаптарды, азык-түлүк коопсуздугун, рациондорду пландаштырууну жана балдардын тамактануусун уюштуруунун стандарттарын өздөштүрүшөт.

Курстун соңунда катышуучулар сертификаттарга ээ болушат. Мектептер жана бала бакчалар үчүн бул тамактанууга бирдиктүү мамилелерди акырындык менен курууга, ал эми ашпозчулар жана ашкана кызматкерлери үчүн кесиптик жөндөмдөрүн бекемдөөгө жана күнүмдүк ишинде аларды ишенимдүү колдонууга болгон мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Түштүк аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
2022-жылы Бишкекте Республикалык компетенциялар борборунун түзүлүүсү менен башталган ишти Түштүк компетенциялар борбору улантууда. 2023-жылдан бери өлкөдө ашкана кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу программалары иштеп жатат. Эми түштүк аймактардын адистерине да мына ушундай мүмкүнчүлүк ачылды.
Мектептеги тамактануудагы алдыда боло турган өзгөрүүлөргө байланыштуу окутуу системасын өнүктүрүү өзгөчө маанилүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен 2027-жылдын 1-январынан баштап мектептеги тамактанууну каржылоо ар бир окуучу үчүн күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин жогорулатылат. Бул менюну ар түрдүү жана тең салмактуу кылууга, ал эми ашкана кызматкерлеринин даярдыгын жогорулатуу менен балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
«Күн-Нуру» бала бакчасынын тажрыйбасы
Салтанаттан кийин катышуучулар Ош шаарындагы «Күн-Нуру» балдар бакчасына барып, балдардын тамактануусун уюштуруу иштери менен таанышышты. Балдар бакчасында 573 бала тарбияланат. 2025-жылдын сентябрынан тарта БУУнун ДАТПнын мектепке чейинки тамактануу боюнча пилоттук программасынын биринчи этабы башталган.
Балдар бакчасы БУУнун ДАТПтан байытылган буудай унду балдардын санына жараша, 50 граммдан алат. Ошондой эле мекемеге ашкана жабдуулары, анын ичинде колго кармалуучу блендер жана бууга бышыруучу комплект тапшырылды. Ашпозчулар Республикалык компетенциялар борборунда атайын окуудан өтүштү.
Түштүк компетенциялар борбору адистер билим алып, көндүмдөрүн өркүндөтүп, тажрыйба алмаша турган жайга айланууда. Ал эми балдар үчүн бул күн сайын мектепте жана бала бакчада алардын эмне жеп жатканына көбүрөөк көңүл бурулат дегендикти билдирет.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio