Алардын максаты – мектеп окуучулары үчүн даамдуу жана пайдалуу тамактарды даярдоо

Кыргызстандын эң мыкты мектеп ашпозчусу наамына ээ болуш үчүн үчүнчү жолу өткөрүлгөн сынактын тандоо туруна өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык мектеп ашпозчулары катышты. Сынак жыл сайын, 2020-жылдан баштап Россиянын тармактык тамактануу институту (SIFI)  Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк  азык-түлүк программасы (БДАТП) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт.  Жыл сайын катышуучулардын саны өсүүдө,  финалисттердин саны да көбөйүүдө. 

Мурунку эки жылда  бешөө болсо, азыр өз аймактары боюнча тандоо турлардын жети жеңүүчүсү  финалга чыкты.

Сынак мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле балдар үчүн туура тамактануунун маанилүү экендигине  коомчулуктун  көңүлүн буруу максатында уюштурулууда.

 Мектеп ашканасында  даамдуу бышырылган тамак  коомдогу тамак-аш маданиятын калыптандырууга салым кошот.  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  Улуттук статистика комитети менен бирдикте өткөргөн  акыркы изилдөөсүнө ылайык Кыргыз Республикасында туура эмес тамактануу  ден соолукту сактоого таасир этүүчү негизги фактор болуп саналат.

«Мектеп жөн гана билим ала турган жай эмес, ал келечектеги коомчулуктун тиреги жана мектептерди ар түрдүү ысык тамак менен камсыз кылуу окуучулардын ден соолугу чың жарандардан болуп өсүшүн камсыздайт жана    алар өз кезегинде  күчтүү коомчулукту өнүктүрүүгө эгедер  болот, – деп ишенет Кыргыз Республикасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  өлкө директору  Майкл Хаггинс. — Демек, мектепт ашпозчуларынын чыгармачылык мамиле  менен талбас эмгеги балдардын жакшы жана жаркын келечегинин пайдубалын түзөт».

Мектеп окуучулары жайкы каникулга эс алууга кетери менен мектеп ашканасынын жумушчуларынын  сынакка катышуу үчүн  арыз берген  кызуу мезгили башталды. Анткени,  июнь айынын аягында – июлдун башында өлкөнүн жети облусунда сынактын тандоо турлары өткөрүлүп, финалисттер тандалып алынган. Ноябрь айында алар Бишкекке келип, өз кесибинин мыктысы экендигин көрсөтүш үчүн бетме-бет кулинардык таймашка түшүшөт.

Ар бир облус үчүн кеңешчи жана калыстар тобунун мүчөсү , Кыргыз Республикасынын Ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы  Шухрат Шарипов “Мектеп тамактарынын рецепттери китебинен”  ​​региондор боюнча салттуу тамактардан айырмаланып турган биринчи жана экинчи тамактарды  тандап алган. Бул нерсе ашпозчулар  үчүн адаттан тышкары тамактарды даярдоо үчүн жасалган.

«Алар менден модалуу ресторандын ашпозчусу мектептеги кесиптешинен эмнеси төмөн деп сурашты, мени бул суроо терең ойго салды , – деп мойнуна алды Шухрат Шарипов. Чынын айтсам, мен бул жөнүндө көпкө ойлондум. Анан мен бир күндө 200 кишини жөнөкөй тамак менен тойгузушум керектигин  элестеттим. Жөн гана тойгузбастан, баарын калтырбай жегидей даярдашым керек. Ресторандын шеф-ашпозчусу мектеп ашканасында  иштей алабы  – бул чоң суроо, бирок анын карапайым  кесиптешинин эң чебер гурманды да таң калтыра аларына  эч күмөнүм жок».  Шухрат Шарипов ар бир облуста сынактык тапшырмадан тышкары мектеп рационуна эч ойлонбой киргизилиши мүмкүн болгон ар кандай тамактарды даярдоо боюнча мастер- класс өткөрдү.

Анда Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген ашпозчуларга кабачкиден салат жана азербайжан-палоосун кантип жасоо керектиги көрсөтүлдү.  Сынактын катышуучулары кабачкиден жөнөкөй  салат жана башка тамак- аштарды даярдоого азыктар мектебинде жетиштүү  жана даярдоого каалоосу бар экендигин белгилешти.  Ош облусунда ашпозчуларга “Майдаланган жумуртка менен “Зразы” тамагын даярдоо технологиясы менен таанышуу сунушталды.

Ал кадимки котлетке салыштырмалуу толтурмасына жарты жумуртка жана фарш азыраак көлөмдө колдонулгандыктан бюджеттүү.

Ал эми Жалал-Абаддагы мастер-класста аймактын ашпозчулары эт колдонбостон, даамдуу жана арзан тамак даярдоону – помидор жана райхон менен спагетти даярдоону үйрөнүштү. 

Сынактын катышуучуларынын көбү ишенимдүү түрдө сунушталган тамактарды даярдашты, бирок катачылыктар да болду. Ошентип, Нарын облусунда сынактын катышуучуларына борщ  даярдоо эч кандай кыйынчылык жараткан жок, бирок сырникти эч ким жасай алган ган жок. Тандоо туруна келген мектеп ашпозчуларынын 10нун  бири да эч качан мындай жөнөкөй тамак жасап көрбөптүр.  А бирок балдардын рационуна быштак жана башка кычкыл сүт азыктарын киргизүү зарыл , анткени ал баланын организми толук кандуу өсүшү  жана скелеттин  курулушу үчүн зарыл болгон  белоктор, витаминдер жана минералдык заттар менен камсыздайт.

Даяр болгон тамактардын даамдык сапаттарын баалоодон тышкары, калыстар тобунун составына кирген Шухрат Шарипов, Россиянын тармактык  тамактануу институтунун өкүлдөрү, областтык   «Инсан-Лейлек» КФнын байкоочусу жана мектеп окуучуларынын ата-энелери мектеп ашканасынын ишиндеги маанилүү көрсөткүчтөрдү,  санитардык-гигиеналык нормалардын, техника коопсуздугун жана продукциянын  керектөө нормаларынын сакталышына  баа беришти.

Бардык катышуучулар мындай сынакка канааттанышты, анткени алар өздөрүнүн гана билимин сынакта колдонбостон, иш жүзүндө кесиптештери менен тажрыйба алмашып, мектеп рациону үчүн жаңы тамактарды жасаганды үйрөнүп , аларды  даярдоодо кандай каталарды  кетиргенин билип алышты. Көптөгөн ашпозчулар келерки жылы да, ушундай сынактарга катышууга кубанычта болушарын билдиришти. Калыстар тобу тандоо турунун жыйынтыгы боюнча жети финалистти аныктады: Назигүл Сооронова (Жалал-Абад обласу), Бурмаш Жумаева (Ош облусу), Бумайра Дандыбаева (Талас облусу),  Тынымбү Кулмурзаева (Нарын облусу), Мария Курбанова (Баткен облусу), Айгүл Акбаева (Чүй облусу), Венера Абдышева (Ысык-Көл облусу).                                   Ноябрда алардын бардыгы 2022-жылдын Кыргызстандын эң мыкты мектеп ашпозчусу наамына ээ болуш үчүн Бишкекте чогулат. 

Финалда алар тамак бышырууда  калыстар тобу тарабынан коюлганган  катуу чектөөлөрдөн чыгууга мүмкүнчүлүк алышат жана   бир ысык тамакты даярдоо үчүн өзүнүн  уникалдуу рецебин сунуштоого тийиш, ошондой эле чектелген бюджет менен,  мектеп тамагына уруксат берилген  ингредиенттерди  гана колдонуу керек. Биз бардык финалисттер бул тапшырманы татыктуу аткарат деп ишенебиз, -деп тандоочу турдун  жеңүүчүлөрүнүн бири , 17 жылдан бери мектепте ашпозчу болуп иштеген  Айгүл Акбаева айткандай : «Бул менин жашоо маңызым! Мен балдарды жакшы көрөм, кесибимди сүйөм жана ага бүт ыкласымды жумшайм!”

Сүрөттөр шилтемедеhttps://drive.google.com/drive/folders/1bcZnI-SCnOh7TD6E5d5Qmy-5X0vmfA1f?usp=sharing

Видеоролик: https://youtu.be/FgsFp5cXkJI

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа