Мектеп тамактары ар түрдүү, даамдуу, жакшыраак: Россияда эң мыкты мектеп ашпозчуларынын жана ашканаларынын сынагы өттү

Мектепте тамактанууну уюштуруу – оңой эмес квест. Балаңызды СанПиН нормаларды сактап,  чектелген бюджеттин чегинен чыкпай, өсүп келе жаткан организм үчүн максималдуу пайда жана окуучунун тарелкасындагы тамактын калдыктары минималдуу болгондой кылып тамактандырып көрүңүзчү.

Мындай квестти Россияда кантип чечишет?

Акыркы эки жылдан бери бул жерде балдардын сапаттуу, туура тамактануусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Мындай социалдык маанилүү маселенин активдүү өнүгүшүнө 2020-жылдагы Россиянын президенти Владимир Путиндин бардык башталгыч класстын окуучуларын бекер ысык тамак менен камсыздоо тапшырмасы түрткү болду.

Ошондон бери өлкөдө Президенттин буйругун колдоо, ошондой эле балдардын жана алардын ата-энелеринин арасында туура тамактануу идеясын жайылтуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Тематикалык жумалыктар, акциялар, сынактар ​​ар кандай форматта жана ар кандай деңгээлде: айылдык мектептен баштап бүткүл россиялык масштабдагы иш-чараларга чейин өткөрүлөт

Быйылкы жылдын олуттуу окуяларынын бири Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги демилгелеген үчүнчү Бүткүл россиялык “Мыкты мектеп ашканасы – 2022” сынагы болду. Балдардын ден соолугуна пайдалуу жана ырахаттанып жей турган сапаттуу ысык тамактарды уюштуруу боюнча мыкты тажрыйбалуу адистерди аныктоо үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан келишкен мектеп ашпозчулары жана тамактандыруу боюнча адистери кесиптик сынактарга катышты. 

Адатта, сынак мектепте туура тамактануу үчүн жооптуу адистерди: эксперттерди, ашпозчуларды, технологдорду, мектеп кызматкерлерин жана, албетте, мектептеги тамактанууну көзөмөлдөөгө катышкан ата-энелерди чогултат. Алар биргелешип мектепте тамактанууну уюштурууда, өсүп келе жаткан жаш муундун ден соолугун сактоонун жана жашоо сапатын жакшыртуунун оптималдуу системасын түзүү боюнча эффективдүү чечимдерди издеп жатышат.

Мамлекеттик Думанын үй-бүлө, аялдар жана балдар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Татьяна Буцкая айткандай: «Тарелканы туура тамак менен толтуруу аздык кылат, тарелкага салганыбызды балдар жегени абдан маанилүү. Биздин мелдеш мына ушул жөнүндө».

Мелдештин этаптары

Сынак эки турдан турду: регионалдык жана федералдык. Биринчиси региондук деңгээлде өттү. Аны алар өз алдынча өткөрүшүп, андан кийин федералдык турга арыз жөнөтүштү.

Федералдык тур өз кезегинде үч этаптан турган: жарым финал, финал жана суперфинал. Өздөрүнүн мектеп ашканасын көрсөткөн жарым финалга өткөн ашпозчулар менен тамактандыруу боюнча адистердин командалары   Уфада – Башкортостан Республикасынын борборунда жолугушту. Мыктылардын мыктылары Москвадагы суперфиналга жөнөштү.

Финалдык мелдештер

21-ноябрда Уфанын “Торатау” конгресс-холлунда III Бүткүл россиялык “Мыкты мектеп ашканасы – 2022” сынагынын федералдык этабынын салтанаттуу ачылышы болду.

Регионалдык деңгээлдеги тандоодон кийин өлкөнүн 75 регионунан 400гө жакын катышуучу федералдык турга өттү.

«Мектепте тамактануу балдарыбыздын ден соолугун чыңдап, алардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө жардам берүүсүн кандай уюштура алабыз? Мектепте тамактануу өлкөбүздүн келечеги ишенимдүү, күчтүү колдордо экендигине алып келет дегенди кантип уюштура алабыз? Бүгүн биз тажрыйба алмашуу, изденүү жана жаңы технологияларды жана алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүү үчүн чогулдук. Бирок бул таймашууга тоскоол болбойт. Бүгүн бул жерге эң мыкты ашпозчулар чогулушту. Бүгүн силерге эң мыкты мектеп ашканалары көрсөтүлөт», – деди сынактын уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Россиянын Билим берүү министрлигинин окуучулардын тамактануусуна мониторинг жүргүзүү боюнча федералдык борбордун жетекчиси Валентина Иванова.

Мелдештин финалы эки күндүк каныккан активдүүлүктөр менен коштолду. Биринчи күнү мектеп ашпозчулары жеке профессионалдык «Кулинардык баттл» сынагында ат салышып, команданын калган мүчөлөрү «Мектеп тамактары 3.0» тематикалык көргөзмөсүндө өздөрүнүн мектеп менюсун көрсөтүштү, блиц-турнирде ата-энелердин суроолоруна жооп беришти. Экинчи күнү командалар «Коопсуз азык блок» квест-практикумунун тапшырмаларын аткарышты. Бул сыноолордун ар биринен топтогон упайларынын негизинде алдыңкы командалар суперфиналга өтүштү.

Ал ортодо, эксперттер,  тамактандыруу боюнча адистер жана ата-энелер сынактын алкагында ошол эле жерде өткөн илимий-практикалык конференцияга жана белгилүү ашпозчулардын кулинардык мастер-класстарына катышты.

Конкурстук комиссия анын масштабына туура келди. Ар бир сынак үчүн өз калыстар тобу: эксперттер, кесипкөй калыстар тобу, ата-энелер, мектеп окуучулары.

Келечектин мектепте тамактануусу

Федералдык турга командаларды салттуу тандоо менен катар уюштуруучулар катышуучуларды үй тапшырма – «Мектепте тамактануу 3.0» тематикалык дасторконун даярдап келүүнү сунуштады. Мектептин менюсунун конкурсуна коюлган тамактар ​​саламаттыкты сактаган жана пайдалуу мектеп тамактануусу жөнүндөгү талаш-тартыштарга чекит коюшу керек болчу, ошол эле учурда алар даамдуу жана жагымдуу болушу керек эле. Балдар үчүн уюштурулган сынактын үй тапшырмасын балдар өздөрү баалады.

Ата-энелерден блиц-сурамжылоо

Мектепте тамактануунун маселелеринде катышуу жана көзөмөлдөөдө ата-энелер менен партнердук кызматташуу – мектептер жана тамактанууну уюштуруучулар үчүн жаңы чакырык. Балдардын баары ар кандай, табити ар башка. Бирок алардын ата-энелерин бир эле суроо тынчсыздандырат: балдары үчүн мектепте тамактануу кандай уюштурулат, ал канчалык коопсуз жана сапаттуу. Бул суроолордун бардыгын ата-энелерден турган атайын калыстар тобу «Ата-энеден үч суроо» деген кезектеги сынакта командаларга беришти.

Эң мыкты ашпозчу

Жеке кесиптик сынактын алкагында мектеп ашканаларынын жана коомдук тамактануу комбинаттарынын ашпозчулары мектептин менюсунан тамактарды даярдашты. Алардын эмгегин ресторан бизнесинин адистери баалашты. Сынактар ​​колледждердин базасында өттү, ал эми процесс түз эфирден көрсөтүлүп, каалагандар конгресс-холлдун экранынан ашпозчулардын ишин көрө алышты. Тапшырмалар “Мектеп ашканасынын мыкты ашпозчусу – 2022” номинациясынын жеңүүчүлөрүн аныктады.  

Коопсуз азык блок

Сынактын финалдык таймашы «Коопсуз азык блок» квест-практикуму болду. Чектелген убакыттын ичинде тамактанууну уюштуруучу профессионалдар белгилүү бир азык блокторунун төрт цехинин ар бириндеги СанПиН нормативдеринен четтөөлөрүнүн барын аныктоого тийиш болчу. Ар бир цехте калыстар тобунун өкүлү отуруп, сынактын катышуучусунун кетирген каталарын жазып турган. Сынак иштеп жаткан мектептердин жана колледждердин базасында өткөрүлдү.

Кулинардык мастер-класстар

Үй шартында туура тамактануу – бул балдар мектепке келгенде, бардык сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык даярдалган тамактарды кубануу менен жей турганынын кепилдиги. Эгерде бала үйдө чипсы жана картошка фри жеп көнсө, мектепте эч качан пайдалуу шорпо ичпейт. Бул жерде кеп анын даамдуулугун жактырууда эмес, тамактануу адаттарында. Ошондуктан балдардын үй шартында эмне жегенине көңүл буруп, аларга туура тамактануу көндүмдөрүн бала кезинен тартып калыптандыруу абдан маанилүү.

Сынактын алкагында өткөн мастер-класстардын бири Социалдык тамактанууну өнүктүрүү боюнча өндүрүштүк бирикменин башкы ашпозчусу Григорий Мосиндин «Мектептин эртең мененки тамагын өзүбүз даярдайбыз» аттуу мастер-классы болду.

Башкы ашпозчунун жетекчилиги астында Уфалык 9-класстын окуучулары пайдалуу сырниктерди жасоону үйрөнүштү, а бул жагынан аларды Мамлекеттик Думанын комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Татьяна Буцкая жана «Территория счастья» кайрымдуулук фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Каринэ Хабирова колдоо көрсөтүштү.

«Биз эртең менен күндү кандай баштасак, кечке чейин күнүбүз ошондой өтөт. Биз силердин активдүү жана ийгиликтүү болушуңарды каалайбыз, бирок бул туура тамактануусуз мүмкүн эмес. Келгиле, күнүбүздү эртең мененки туура тамак менен баштайлы», – деп баса белгиледи Каринэ.

Мектепте тамактануу боюнча мыкты тажрыйбалуу адистер

Ашпозчулар үчүн сыноолор менен катар ушул эле конгресс-холлдо «Мектеп ашканасы окуучулардын туура тамактануусунун экосистемасындай» аттуу Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференция өттү. Конференция мектептерде ысык тамак уюштуруу, мектеп менюсун жакшыртуу, мектепте тамактанууну көзөмөлдөө системасын санариптештирүү, балдар менен өспүрүмдөрдүн туура тамактануу тартибин калыптандыруу жаатындагы региондордун алдыңкы тажрыйбалуу адистери менен алмашуу аянтчасы болуп калды. Мектеп окуучуларына ысык тамак уюштурууга ата-энелердин катышуусу конференциянын негизги темаларынын бири болду.

Конференцияда Мамлекеттик Думасынын депутаттары жана Россиянын Федерация Кеңешинин мүчөлөрү, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин, Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчилери, регионалдык аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, РАН академиялык институттардын, мектеп тамактануу операторлорунун жана тамактануу бизнес-коомчулугунун аццоциациялары чыгып сүйлөштү.  

Мектепте тамактануу боюнча Башкырлардын тажрыйбасы

Башкортостан Республикасынын Билим берүү жана илим министри Айбулат Хажин республикадагы туура тамактануу маселелеринде ата-энелер менен балдардын өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул жерде Саламат бейшембилерди үзгүлтүксүз өткөрүп, ата-энелерге үй-бүлөдө тамактанууну кантип уюштуруу керектигин айтып турушат. Мектептерде ай сайын «Башкортостандын ата-энелери туура тамактануу үчүн» деген барына бирдей республикалык ачык эшиктер күнү өткөрүлөт, анда мектеп окуучуларынын ата-энелери тамак-аш көргөзмөсүнө барып, алардын даамын татып, ченемдик документтер менен таанышып, туура тамактануу маданиятына кошулуп, аны үй шартында үй-бүлөлөрүнө көрсөтүшөт.

Алар ошондой эле ата-энелер коомчулугунун екулдеру менен зоналар аралык семинарларды, «Башкы ашпозчу менен бир кун» акцияларын өткөрүп, жогорку класстын окуучулары республиканын атактуу башкы ашпозчулары менен жолугушуп турушат. Сүрөт конкурстары, туура тамактануу жумалыктары. Бардык иш-чараларга врач-диетологдор, медицина кызматкерлери, коомдук пикирдин лидерлери катышат. «Менин улуттук тамагым» республикалык флешмобун өткөрүү жакшы салтка айланды, анда ата-энелер балдары менен өздөрүнүн сүйүктүү тамактарын жасашат.

Балдардын үйдө жана мектепте туура тамактануусун уюштурууга коомчулукту тартуу боюнча активдүү иш республикада балдардын 97%га жакыны мектептерде ысык тамак менен камсыз болушуна алып келди. Көрсөткүч таасирдүү.

Мелдеште ким жеңди?

Москвада Россия Федерациясынын Коомдук палатанын чоң концерттик залында суперфиналдын жыйынтыгы боюнча “Шаар мектебинин мыкты ашканасы-2022”, “Айыл мектебинин мыкты ашканасы-2022”, “Миллион калкы бар шаардагы мыкты ашкана-2022” номинацияларынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Москвалык Сергей Газизов жана Башкортостандык Татьяна Екимова мектеп ашканасынын мыкты ашпозчулары болушту.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

«Шаар мектебинин мыкты ашканасы»

1-орун – А.В. Гордеев атындагы «Лидер» Бобровский билим берүү борбору (Воронеж областы), Уфа шаарындагы №161 лицейи (Башкортостан Республикасы); 

2-орун – Южно-Сахалинск шаарындагы «Надежда» коррекциялык мектеби (Сахалин областы), Великие Луки шаарындагы №6 мектеп (Псков областы);

3-орун – Саранск шаарындагы №10 мектеп (Мордовия Республикасы); М.Вахитов атындагы №2 гимназия, Набережные Челны ш. (Татарстан Республикасы).

Сынактын лауреаттары: И.И. Прохоров атындагы Толмачев мектеби (Ленинград областы), №691 мектеп (Санкт-Петербург), №48 мектеп (Севастополь), Комсомольск-на-Амуредеги инженердик мектеби, №1 мектеп (Анадыр).

«Айыл мектебинин мыкты ашканасы»

1-орун – Ново-Гурьевская айылынын мектеби (Калининград областы), Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы Садовое айылынын орто мектеби (Чечен Республикасы);

2-орун – В.И. Данильченко атындагы №5 мектеби Стародеревянковская айылы (Краснодар крайы), №7 Сельцовская мектеби (Ленинград областы);

3-орун – Иглино айылындагы №1 мектеп (Башкортостан Республикасы), Заостровская орто мектеби (Архангельск областы).

Сынактын лауреаттары: Буздяк айылындагы №2 мектеп (Башкортостан Республикасы), Завьяловская мектеп-интернаты (Алтай крайы), Хабез айылындагы Р.Р. Арашуков атындагы мектеп (Карачай-Черкес Республикасы), Кэнтинская мектеби (Саха Республикасы (Якутия)).

“Миллион калкы бар шаардагы мыкты ашкана”  

1-орун – №1554 мектеп (Москва шаары), Нижний Новгород шаарынын №24 мектеби (Нижегородск областы);

2-орун – Волгоград шаарындагы №75 мектеп (Волгоград областы), Казань шаарындагы №159 лицей (Татарстан Республикасы);

3-орун – Челябинск шаарынын №2 окуу борбору (Челябинск областы), №25  

В.Г. Феофанов атындагы мектеп. Екатеринбург (Свердлов областы).

Сынактын лауреаты: Самара шаарынын №11 гимназиясы (Самара областы).

Эң негизгиси, белгилей кетчү нерсе, бул мелдеште утулгандар жок. Ал эми чыныгы жеңүүчүлөр – бул балдар, сынак ошолор үчүн уюштурулган. Кантсе да, натыйжадан алар пайда көрүшөт. Алардын мектептеринде тигил же бул жол менен тамактанууну жакшыртуу жөнүндө ойлонушат, ашпозчулар бардык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен мындан да даамдуу тамактарды жасаганга аракет кылышат, алардын тамактануусуна ата-энелер үйүндө кам көрүшөт, адистер, мамлекеттик кызматкерлер, эксперттик коомчулук мындан ары да мектепте тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн эмгектенип, бул асыл ишке – дени сак, бакубат муунду тарбиялоого күч-кубатын жана каражатын  жумшайт.

Мелдеш мектепте тамактанууну уюштурууну жакшыртуу үчүн күчтөрдү бириктирип, процесске бардык тараптарды тартуу, алардын эффективдүү өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун эң сонун үлгүсү болуп калды. Бул сынак мектепте тамактануунун туруктуу системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иш алып баруу менен башка өлкөлөргө дагы ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга шыктандырат деп ишенебиз.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа