Мектептеги түшкү тамактанууну баалоо: Бишкек жана Ош шаарларында Кыргызстандын мыкты мектеп ашпозчулары тандалат

Мектептеги түшкү тамактанууну баалоо:

Бишкек жана Ош шаарларында Кыргызстандын мыкты мектеп ашпозчулары тандалат

Финалисттер ашканадагы жумушчу кырдаалдарда өздөрүн сынап көрүшөт, мектеп тамактарынын автордук рецепттерин сунушташат, аларды кесипкөй калыстар тобу менен бирге башталгыч класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери баалашат.

Жакшы даярдалган мектеп тамагы балдардын ыраазычылык менен жеген тамагы болуп саналат. Аны кантип пайдалуу кылууну “Мыкты мектеп ашпозчусу–2026” сынагынын финалисттери көрсөтөт. Сынак 11-ноябрда Бишкекте жана 13-ноябрда Ошто өтүп, анда Кыргызстандын алты облусунан ашпозчулар чогултулат.

Сынак Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен уюштурулат. Борбор калаада Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү, Ошто Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын өкүлдөрү жолугушат.

Быйыл “Даам лабораториясы: “Дени сак окуучу” миссиясы” деген аталыштагы финал бир эле учурда сынак жана окуу дагы болот. Тапшырмалардын негизин мектеп ашканасынын күнүмдүк иши түзөт, мында сапатсыз азык-түлүктү өз убагында байкап, тамак даярдоо эрежелерин туура сактап, түшкү тамакты өз убагында берүү маанилүү.

Башында катышуучулар өз билимдерин көрсөтүшөт: мектеп ашканасынын ишиндеги кемчиликтерди табышат жана ашканадагы кырдаалдарды талдашат, жөнгө салышат. Андан кийин “Кемчилигин тап” тапшырмасында азык-түлүктөрдүн сапатын баалашат жана кайсынысын колдонсо болорун, кайсынысын жеткирүүчүгө кайтарып берүү керектигин аныкташат.

Ашпозчулар өзгөчө көңүл бура турган негизги сыноо – бул алардын үй тапшырмасы катары иштеп чыккан рецепти боюнча автордук тамагын даярдоосу. Калыстар тобу ашпозчунун буюмдарды жана шаймандарды кантип кармаганына, гигиенаны сактаганына, рецептти так аткарганына жана убакытты кантип бөлүштүргөнүнө байкоо жүргүзүп турушат.

Даяр болгон тамакты жөн гана бербестен, аны тааныштырып, сунуштоо да керек. Ар бир финалисттин үч мүнөткө жакын убактысы болот, анда алар эмне үчүн бул рецепт башталгыч класстын окуучуларына ылайыктуу экенин, анын пайдасы эмнеде жана балдардын даамдары кантип эске алынганын айтып беришет.

Калыстар тобу өзүнүн эксперттик баасын берет, ал эми башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери тамактарды татып көрүп, «Элдин даам татуучусу» номинациясынын жеңүүчүсүн тандап алышат.

            Бул жолугушууга ашпозчулар бир нече ай бою даярданып, сынактын аралыктан жүргүзүлгөн этабынан өтүштү. Алар окуу материалдарын окуп, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициолог менен вебинарларга катышып, автордук рецепттерди иштеп чыгып, мини-меню түзүштү. Финалдын жыйынтыгы боюнча ашпозчулар мындан аркы окуу боюнча жеке сунуштамаларды алышат.

             Жыйынтыгында босого баллдан жогору балл топтогон катышуучуларга компетенциялар борборлору тарабынан  окуудан өткөндүгү күбөлөндүрүлгөн сертификаттар тапшырылат.

Эки финалдын ар биринде байге ээлерине ашкана техникасын сатып алууга сертификаттар тапшырылат:

биринчи орун үчүн – 70 миң сом,

экинчи орун үчүн – 40 миң,

үчүнчү орун үчүн – 30 миң сом.

            «Мыкты мектеп  ашпозчусу» сынагы алгачкы жолу 2019-жылы Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу программасынын алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен өткөн. Ошондон бери ал өлкө боюнча ашпозчуларды бириктирип, алардын чеберчилигин өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана мектептеги түшкү тамакты даамдуу, пайдалуу жана ар түрдүү кылууга көмөктөшүп келет.

Өтө турган жайы жана убактысы:

            11-ноябрь – Бишкек, И.Раззаков атындагы КМТУнун базасындагы Республикалык компетенциялар борбору, Ч. Айтматов проспекти, 66.

            13-ноябрь – Ош, ОшМУнун №12 кесиптик лицейинин базасындагы Түштүк компетенциялар борбору, Черемушки кичи району, Өскөналиев көчөсү, 1.

Уюштуруучулар тууралуу

            Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) – дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм. Ал өзгөчө кырдаалдарда азык-түлүк жардамын көрсөтүп, кризистерден кийин адамдардын калыбына келүүсүнө көмөктөшөт. 2013-жылдан бери БУУ ДАТП мектептеги тамактануу программасын өнүктүрүүдө Кыргызстандын өкмөтүн  колдоп келет: ашканаларды жабдууга, ашпозчуларды жана мектеп кызматкерлерин окутууга, балдарды коопсуз жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоого жардам берүүдө.

            КМШ өлкөлөрүндөгү окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму «Тармактык тамактануу институту»  АКУ (SIFI) – бул Россиянын эксперттик уюму, ал Россияда жана башка өлкөлөрдө мектептеги тамактануу программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат. Институттун адистери тең салмактуу рациондорду түзүшөт, методикалык материалдарды иштеп чыгышат, персоналдарды окутушат жана мектеп ашканаларынын ишин жакшыртууга көмөктөшөт. Институт ошондой эле балдарды жана ата-энелерди туура, дени сак тамактануу принциптери менен тааныштырат жана үй-бүлөлөргө пайдалуу тамактануу адаттарын калыптандырууга жардам берет. 2013-жылдан бери SIFI Кыргызстандын өкмөтү жана БУУнун ДАТП менен биргеликте республикада мектептердеги тамактанууну оптималдаштыруу долбоору боюнча кызматташып келет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа