Кайдыгерсиздердин колу менен толук кандуу ысык тамактануу

Бөкөнбаев атындагы орто мектеп

Маалымат

Бөкөнбаев атындагы орто мектеп Ош облусунун Ноокат районунда орун алган.

Райондун аймагы Ноокат ойдуӊунда жайгашкан. Жатышынан Кербен жана Көк-Жар ойдуӊун, ал эми түштүгүнөн Кичи-Алай кырка тоосунун  (4454 м) түндүк эӊкейишин камтыйт. Район тоолуу, өрөөндөр аймактын 12% гана ээлейт.

Бир эле райондо адамдар абанын жана климаттын өзгөрүшүн өзүнүн кайда жүргөнүнө жараша байкай алышат. ϴрөөн жана тоолуу алкак  (1200 м бийиктикке чейин) эӊ эле ыӊгайлуу келет. Нивалдык алкак (бийиктиги 3000 м ден өйдө) өтө муздак климаты менен тосуп алат.  Жайы ысык, ал эми кышкысын климат мелүүн. Тоого канчалык бийик чыкса, ошончолук аба-ырайы катаал. Эгерде кышкысын өрөөндө абанын температурасы  -2,6 оС  болсо, ал эми тоолордо -6,9 оС  болуп калат. Июль айында өрөөндө 24,4 оС , тоодо15,5 оС.Жаратылыш шарттары алма жана картөшкө өстүргөнгө ыӊгайлуу шарттарды түзөт. Алар жергиликтүү айыл чарбачылыгынын негизги продукциясы болуп саналат.

Мектеп кантип ысык тамакка келген

Бөкөнбаев атындагы орто мектеп 1986-жылы курулган. 2006-жылы СССР урагандан кийин биринчи жолу түзүлгөн Улуттук мектеп тамак-аш программасынын алкагында кичи класстардын окуучуларына таттуу токоч менен чай бериле баштаган. Бирок, мектеп курулгандан бери балдар тамак ичкен ашканада бир да жолу оӊдоо жана түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Залда ДВП менен колдо жасалган жана анын тегерегинде балдар ордунда туруп нан менен чай ичүүчү столдон тышкары эмерек жок. Ашканага талашсыз түрдө капиталдык ремонт керек эле.

2015-жылы өкмөт мамлекеттин аймактарынын өнүгүшүнө жардам берери, анын ичинде социалдык маанилүү долбоорлорго каражат бөлүп бере тургандыгы жөнүндө маалымат мектептин администрациясына чейин жетет. Жергиликтүү бийлик органдарына арыз жазып, мектеп стимулдаштыруучу грантты утуп алды. Ашканада капиталдык ремонт жасоо үчүн бюджеттен 350 000 сом бөлүп, айыл өкмөтү жардам көрсөттү.

2017-жылы толук кандуу ысык тамакка өттүк. Баары жардам беришти! Ата-энелер ашканага идиш-аяк сатып беришти. БУУ ДАП «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптимизациялоо» долбоорунун алкагында пищеблокту жаӊы, заманбап жабдуулар менен камсыздашты. Мерсико 100 орундук стол жана отургучтар топтомун, ошондой эле идиш-аяк сактоо учүн төрт шкаф менен камсыз кылды.

Мектеп тамак-ашын уюштурууда ата-энелердин катышуусу

Ата-энелер балдарынын мектептеги тамактануусуна жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Көп жагынан бул мектеп директору Майрам Шамшиеванын эмгеги. Ал капиталдык ремонт бүткөндөн тартып ар бир чейрек сайын ата-энелер чогулушун уюштуруп турат. Директор ата-энелерге бул долбоордо катышуу жана анын ишке ашуусуна жардам берүүнүн маанилүүлүгүн жеткирип бере алды. Анткени, бул иштин баары бекер жасалбастан, өсүп келе жаткан муундун туура жетилүүсүнө, өнүгүүсүнө жана ийгиликтүү окуусуна өбөлгө түзүү үчүн балансталган жана ысык тамактанууну камсыздоо үчүн кылынган.

Бардыгы аянбастан жардам беришет. Ветеринардык справкасы бар адамдар меткеп тамактануусуна сүт, ал эми башкалары кургатылган жемиштерди алып келип берип турушту. Тамактанууга өкмөттөн берилип жаткан 7 сомдон тышкары ар бир окуучудан күнүнө 7 сомдон (1 айга 130-140 сом) чогултуу чечилди. Бул каражаттарга эт, сүт, салаттар үчүн жашылчалар сатылып алынып жаткан. Акчаны ар бир ай сайын ата-энелерге отчет берип туруучу ата-энелер комитети чогулткан.

Эт жана сүт ишенимдүү ишкерлерден гана келип түшөт. Ата-энелер чогулушунда сүт жана эт менен камсыздоочу ишкер тандалат. Эӊ башкысы анда азык-түлүктүн сапаты тууралуу сертификат болушу керек. Кичи класстардын 240 окуучусуна жумасына эки жолу сүт кашасы жана эки жолу эт менен тамактар берилет. Жумушчулардын байкоосу боюнча ашканадагы балдардын эӊ жакшы көргөн тамактары – бул палоо, жашылча салаттары жана жаӊы бышырылган нан азыктары.

Окуу жылынын башталышы менен кезектеги ата-энелер чогулушун уюштуруп, тамакка болгон салымдын жогорулашы жана азыктардын баасынын көтөрүлүшү тууралуу талкуу жүргүзүлөт.

Тамактардын даярдалуусунун сапатына ата-энелер өтө кылдаттык менен көзөмөлдөө жүргүзүшөт, себеби алар өздөрүнүн балдарына жасалууда. Ал эми өз балаӊа эӊ жакшы нерселерди гана каалайсыӊ да. Күн сайын жараксыздоо комиссиясында турган ата-энелер комитетинен бир нече адамдар жасалган тамактарды текшеришет. Ашканада иштеген жумушчуларга бир да жолу арыз түшкөн эмес.

«Балдар үйдөн тамак ичпей эле мектепке келип жаткандыгын көрүп, биз аларга ток алып жүрүүчү тамактарды жасаганга аракет кылабыз. Окуучулар сабактарда көӊүлдүү маанай менен отурушуп, жетишүүчүлүк жогурулайт», – деп белгилейт Майрам Шамшиева.

Тамактанууну жакшыртуу учүн мектептеги кошумча чарбачылык 

Мектепте 3 га короо-жай участогу бар, бул жайга эки алма бак отургузулган. Мектеп курулгандан тартып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары колдонулбаган жерлерди мектеп карамагына өз чарбачылыгын өнүктүрүү үчун өткөрүлүп берген. Ал маалда участокко алманын, өрүктүн, теректердин көчөттөрү отургузулган. 2008-жылы теректердин жарымы сатылды. Андан түшкөн каражаттар мектептин сырткы фасадын оӊдоого жумшалган. Окуу жайга оӊдоп-түзөө иштери керек болгодо, алар теректерди колдонуп, муктаждыкарды жабышкан.

90-жылдары тигилген алма бактардын бирин 2018-жылдан тартып мектептин профкому ижарага алган. Ижаранын мөөнөтү 2023-жылга чейин жарактуу. Ашкана жылына 300кг кургатылган жемиштерди ижаранын төлөмү катары кабыл алат. Бул кургатылган жемиштерден окуучуларга компот кайнатылат.

Экинчи алма бак 2017-жылы тигилген. Андан түшүм али күтө элекпиз. Ошондой эле, мектептин короо-жайында өрүк, кара өрүк өстүрүлүп, жыл сайын түшкөн түшүмдөр компот кайнатууга пайдаланылат. Түшүмдүн калдыктары сатылат. Андан түшкөн каражаттарга отургузулган бактарды кароого багбандарды жалдашат.

Мектеп тарелкаларында ашкөктөрдү, балдардын ден соолугу учүн витаминдердин кенчин, да көрүүгө болот. Ашпозчулар өз демилгеси менен мектеп ашканасынын терезесинде укроп жана кинза сыяктуу ашкөктөрдү өстүрүүнү чечишкен.

Келечекке коюлган максаттар

Мектеп администрациясы бул жетишкендиктер менен гана токтоп калгысы келбейт. Директор окуу жайдын чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча пландары менен ар дайым бөлүшүп турат. Алардын бири – менюнун түрдүүлүгү үчүн помидор, бадыраӊ, картөшкө, сабиз жана башка жашылчаларды өстүрүү. Калдыктарын сатуу жана ал каражаттар менен башка мектеп муктаждыктарын жабуу. Мектеп короо-жайы 3 га түзүп, чоӊ болсо да, бирок ПЩХга 1 га жер гана ылайык, ал эми калган 2 га таштак жер жана суу алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа