Ишке толук киришүү: Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата пилоттук мектептерде туура тамактануу боюнча иммерсивдүү спектаклдер өткөрүлдү

Быйыл Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш күнүн белгилөө жогорку класстардын окуучуларына берилди. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана SIFIнин командасы “Айбаштын уламыштары жана сыйкырдуу арабанын сыры” деп аталган туура тамактануу боюнча иммерсивдүү спектаклдин сценарийин иштеп чыгышты, ал эми жогорку класстардын окуучулары аны өлкө боюнча 14 пилоттук мектептерде ишке ашырышты.

Иммерсивдүү спектакль деген эмне? Бул шоунун жаңы форматы, анда көрүүчүлөр иш-чарага толугу менен сугарылып, ага активдүү катышат, кээде актёрлор менен бирге ойношот. Учурда актёрдун ролун жогорку класстардын окуучулары, көрүүчүлөрдүн ролун 1-4-класстардын окуучулары аткарышты. Балдардын маалыматты жакшыраак өздөштүрүш үчүн спектаклге интерактивдүү бөлүктөр киргизилип, оюндун өзү ар кандай жанрларда жана техникада: куурчак театры, сууга сүрөт тартуу, музыкалык театр, кагаз театры болуп ойнолду.

Спектаклдин сюжетин толуктап, балдар боёктору менен сууга эбру сүрөт тартып, музыкалык аспаптарда ойноп, витаминдер жана минералдар жөнүндөгү  ырга кошулуп ырдап, негизги эмес каармандардын ролун ойноп, оюндарга катышышты. Спектаклдин бардык элементтерин туура тамактануу темасы бириктирип, анын негизги принциптерин жогорку класстардын окуучулары оюн жана баарлашуу аркылуу жеткиришкен.

Оюнга мүмкүн болушунча көп көрүүчүлөр катышсын үчүн иммерсивдүү спектаклдердин форматы чакан аудиторияга эсептелген. Бирок мектептердин алдында башталгыч класстардын бардык окуучуларын камтуу милдети турган. Ошол үчүн мектептерде 17-21-октябрга чейинки жумалыкта алдын ала түзүлгөн график боюнча спектаклдер өткөрүлдү. Ар бир спектаклдин көрүүчүлөрүнүн саны 30 адамдан ашкан эмес.

Бир эле сценарий болгон. Бирок анын аткарылышы 14 мектептин ар биринде ушунчалык ар түрдүү болгон! Кээ бирөөсү тигил же бул оюнду аткаруунун форматын өзгөртсө, кээ бирөө сюжетке өзүнүн чыгармачылык деталдарын кошкон.

Чуй районундагы Нижне-Аларчинский жана Озерная мектептеринде жогорку класстардын окуучулары өздөрү декорациясын жасашып, кереметтүү спектаклдерди коюшту. Жаш сценаристтер сценарийдин кээ бир элементтерин өзгөртүп, өз милдеттерине жоопкерчилик жана кыялдануулар менен мамиле кылышты. Уюштуруучулар жазып берген сценарийдеги белокторду, майларды жана углеводдорду чагылдырган кагаз куурчактарды актерлор менен алмаштырып, алар өздөрүнүн эмоциялары жана кыймылдары менен эгерде, бир түрдүү тамактанып, тынымсыз белокторго, майларга же углеводдорго бай тамактарды гана жесе, өсүп келе жаткан организм эмне болорун көрсөткөн. 

Спектаклдер камералык, атмосфералык жана уйдөгүдөй жайлуу болуп чыкты. Дээрлик ар бир бала тигил же бул оюнга катыша алды.

Спектаклдин аягында башкы каарман балансташтырылган тамактануу жана сергек жашоонун принциптери жөнүндө суроолорду берди, бул тууралуу башталгыч класстын окуучулары спектаклдин өзүнөн үйрөнүшкөн. Балдар суроолорго активдүү жана жан дили менен жооп берип жатышты, анткени алар чындап эле сахнада болуп жаткандарды кунт коюп карап отурушкан. Туура жооптору үчүн жаш көрүүчүлөр «Тарелкадагы аса-муса» сувенир магниттерин алышты, алар аны муздаткычка жабыштырып коюшат, ал түрдөп тамактанып, ар кандай витаминдерди жана минералдарды камтыган түрдүү түстөгү жашылча-жемиштерди рационуна киргизүү керек экенин эскертип турат. 

Майрамдык жумалыктын жүрүшүндө спектаклдерге 1600 окуучу катышты, аларды жогорку класстардын окуучулары туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жактагандардын катарына «жалдай» алышты. Спектаклдерден кийин балдар абдан таасирленип жана алгылыктуу билим байлыгын алып чыгып жатышканына биз ишенебиз. Эми жаш көрүүчүлөр өз рационуна пайдалуу азыктарды тандоону билишет, балансташтырылган тамактануу эмне экенин түшүнүшөт жана күнүмдүк режимди сактоого аракет кылышат.

Тилекке каршы, сүрөттөр спектаклдердин атмосферасын жана жалпы майрамды толук чагылдыра албайт, ошондуктан биз баарын видеого тарттык! Көрүүгө кошулгула: https://www.youtube.com/watch?v=Hd8YDWwMWRY

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа