Жомоктогудай Кухонвилль өлкөсү боюнча пайдалуу саякат

Эл аралык мектептеги тамактануу күнү быйыл өзүнүн чакан мааракесин белгиледи.

«Балдарга мектепте жана үйдө туура тамактануу адаттарын өнүктүрүүгө жардам берүү жана мектептеги тамактануу боюнча саясаттарды, тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү уюштуруу үчүн дүйнө жүзү боюнча биригүү. Так ушул максат менен 10 жыл мурун, балдарды рационалдуу тамактанууга үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү үчүн Эл аралык мектептеги тамактануу идеясы пайда болгон” – деп, анын негиздөөчүлөрүнүн бири, АКШнын Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк жана тамак-аш кызматынын глобалдык координатору Ибо Вуд майрамдын маанисин түшүндүрөт.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Россиянын Тармактык тамактануу институту SIFI чоң жана кызыктуу агартуу кампаниясын ушул күнгө тууралашты. «Анын максаты ата-энелердин жана балдардын сергек жашоо образы тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана үй-бүлөсү менен ушул принциптерди карманууга шыктандыруу», – деп баса белгилейт Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Рам Сараванамутту.

10-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Instagramдагы расмий баракчасында кызыктуу онлайн-квест старт алды, ал жомоктогудай Кухонвилль өлкөсүн, зыяндуу Гамбургерден жана анын компаниясынан куткарыш керек эле. Бардык каалоочуга беш тапшырма сунушталды, аларды аткаруу менен байгелерди утуп алууга болот. Бирок эң башкысы, ар бир аткарылган тапшырма үчүн коддун эңсеген санын алуу менен, балдар жана алардын ата-энелери туура балансталган тамактануунун негиздери менен таанышып жатышты.

Онлайн-акция социалдык тармактардын 600 миңден ашык колдонуучуларын камтып, катышуучулары үчүн мурда болуп көрбөгөндөй болду. Кыргызстандагы популярдуу Instagram-блогерлери жүрүп жаткан кампаниянын өзгөчө бир өкүлдөрү болуп калды. Алар квесттин тапшырмаларын аткарып, блогдоруна видеолорду жайгаштырышты.

Үй-бүлөлүк дарыгер Алтынай балдары менен бирге газдалган суунун канчалык зыяндуу экенин жана таза суу бизге жандуу күч берерин тастыктаган экспериментти тасмага тартышкан. Эки бирдей салаттын жалбырактарын алып, бирин таза суу куюлган, экинчисин газдалган суу куюлган идишке салуу керек эле. Бир күндөн кийин айырмачылыкты эч кыйынчылыксыз байкаса болот. Таза сууда салынган салаттын жалбырагы жаңы үзүлгөндөй, ал эми газдалган суудагы салаттын жалбырагы табигый көрүнүшүн ачык эле жоготкон.

Бардык каалоочуларга ушул жана башка жөнөкөй эксперименттерди кайталап, видеону Instagram баракчаларына жайгаштыруу сунушталган. Мындай тажрыйбаларды көргөн алардын достору да шыктануу менен онлайн-квестке кошулушту. Ошентип, ар бир жайгаштырылган жаңы видео сайын, туура тамактануунун негиздерин үйрөнгөн үй-бүлөлөрдүн саны көбөйдү.

Балансталган рациондун курамындагы төрт компонент болуп – жашылчалар, жемиштер, дан азыктары, сүт азыктарынан турган белоктор болду. Эгерде төрт бөлүккө бөлүнүп, реалдуу мисалдар менен көрсөтүлгөн тарелка түрүндө элестетсеңер, ар бир бала муну көпкө эстеп калат.

Тарелкага асан-үсөндүн бардык түстөрүндөгү тамактарды чогултуу жөн эле кооздукка эмес, бул балансталган тамактануунун дагы бир принциби. Экоблогер Зейнеп бул принципти балдары менен бирге кызыктуу иш-чарага айландырды: “Бул укмуштуудай тажрыйба! Балдар таң калышты, жашылчалардан боёк алууга болорун биринчи жолу көрүштү!».

Бардык балдар таттууларды жакшы көрүшөт, ошондуктан  канттын рациондо көп болгондугунун зыяны жөнүндө тапшырма өзгөчө актуалдуу болду. Ата-энелер балдары менен ар кандай азыктардын этикеткаларын изилдеп, кант таттуулар менен пряниктерде гана болбосун аныкташы керек эле. Ал башка аталыштар менен да жашырынат: фруктоза, бал, патока… Жана ошондой эле, дүкөндөн сатылып алынган кадимки таттуулардан алда канча пайдалуу боло турган даамдуу мөмө-жемиш десерттерин жасаса болот экен.

Популярдуу актёр жана шоумен Нурсултан Курсанали уулу жана анын үй-бүлөсү квесттин бешинчи финалдык этабына көрк кошушту. Ал балансталган тамактануунун маанилүү бөлүгү болгон майларга арналган. Бирок,  рациондо, мисалы, сүттөгүдөй жалаң гана табигый майлар болушу керек. Жөнөкөй эксперимент үчүн акрил боёктору жана идиш жуучу суюктук керек болот. Бул балдар үчүн да, чоңдор үчүн да кооз жана маалыматтуу болот. Ал эми видеороликтен мындай пайдалуу майлар жаңгак, жумуртка, балык, айран жана өсүмдүк майында да бар экенин билүүгө болот.

Социалдык тармактардын колдонуучулары биринин артынан бири балдар менен бирге кызыктуу эксперименттерге активдүү кошулушту. Онлайн-квесттин 120 катышуучусу бардык 5 тапшырманы аткарууга жетишти. Алардын биринчи ондугуна байгелер берилди: велосипеддер, кыймылдуу оюндар үчүн спорттук инвентарлар, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана SIFIнин атынан «Даам менен саякат» стол оюну.

Бирок социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болбогондор да бар. Агартуу кампаниясынын уюштуруучулары аларды да унуткан жок. Өлкөнүн 35 мектебинде башталгыч класстын окуучулары үчүн «Сельдерян Стебелковдун лабораториясында» деген кызыктуу интерактивдүү көрсөтүүлөр коюлду. Каармандарды жогорку класстын окуучулары ойношту.

Бирок театралдык сабак мурда онлайн-квестке катышкан балдар үчүн да кызыктуу болду, анткени анын иштери жомоктогудай Кухонвилль өлкөсүнүн окуялардын уландысы болуп калды. Анда эми өзүнүн тамактануудагы жаман адаттарынан жапа чеккен, мурдагы кара ниет Гамбургер жардамга муктаж болуп калган.

Башталгыч класстын окуучуларына да тамак сиңирүү процесси тууралуу көргөзмөлүү жана кызыктуу кылып айтып берүүгө болот. Ал үчүн, жөн гана үйлөтүлбөгөн шарды алып, бул биздин ашказан деп элестетүү керек. Анын ичине, бир түрдуу тамак-аштын мисалы катары, кургак нандын кесиндилерин салып койсо, шарга, башкача айтканда, ашказанга толугу менен ыңгайсыз экендигине ынанууга болот: анын кыртыштары дөмпөйүп, тегиз эмес болуп калат. Ага суу куюп, аны эң сыйкырдуу, ден-соолукка пайдалуу  жашылча-жемиштер, шорпо, салаттар, дан азыктарынан, эт жана сүт азыктары деп элестетсек башка иш. Биздин шар-ашказан ток, анын кыртыштары жылмакай, тегиз.

Туура тамактануунун башка принциптери да жеңил оюн жана ыр формасында айтылып, мындай көрсөтүүлөрдөн кийин бардык балдар эсине сактап калышты. Кызыктуу сабак жаңгактардан жана кургатылган жемиштерден пайдалуу таттууларды жасоо боюнча мастер-класс өткөрүү менен аяктады. Бардык каалоочулар биздин “Кичинекей ашпозчу” жыйнагыбыздагы рецепттер боюнча даярдай алышат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Мектепте тамактандыруу» долбооруна катышкан мектептер бул эрежелердин баарын иш жүзүндө колдонушу да маанилүү. Анда, Ысык-Көл районунун Бөкөнбаева айылындагы 2-класстын окуучусунун апасы Бурул Мамбетова жергиликтүү мектептеги ысык тамактын уюштурулушуна абдан ыраазы: «Түшкү тамакка дайыма ысык тамак берилет. Менюда жаңы үзүлгөн жашылча салаты бар. Бул баланын ден соолугу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, балдардын тамактануусуна ыраазымын.

Мына ушинтип Эл аралык мектептеги тамактандыруу күнү биз үчүн чыныгы айлыкка айланып, миңдеген жергиликтүү мектеп окуучуларын жана алардын ата-энелерин камтыды. Ал эми бул жаңы муунду – туура тамактануу принциптерин карманган муунду, тарбиялоо жолуна дагы бир кадам ташталды дегенди билдирет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа