Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мектептеги тамактануу боюнча глобалдык сунуштары: рациондун сапаты негизги артыкчылык катары

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биринчи жолу мектептерде дени сак, туура жана тең салмактуу тамактануу боюнча глобалдык сунуштарды чыгарды. Бул эми мектептеги тамактануу жөн гана социалдык колдоо чарасы катары эмес, балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн реалдуу куралы катары да караларын билдирет.

ДССУ баса белгилейт: балдардын мектепте эмне жегени жана кантип тамактанышы алардын тамактануу адаттарынын калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Бул жаңы документ илимий негизге таянган баалуу сунуштарга турмушта ишке ашырууга ылайык практикалык чечимдерди бириктирип, мектеп чөйрөсүндө балдардын ден соолугуна кам көргөн, түшүнүктүү тамактануу ыраатын калыптандырууга шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө толук кандуу эмес тамактанууга байланыштуу эки көйгөй бар. Кээ бир өлкөлөрдө балдар дагы деле жетишсиз тамактанып, өсүү жана өнүгүү үчүн маанилүү болгон макро жана микроэлементтерди жетиштүү ала алышпайт. А башкаларында балдардын ашыкча салмак жана семирүү көйгөйүнө туш болгон көрүнүш барган сайын көбөйүүдө.

ДССУнун маалыматы боюнча 2025-жылга карата дүйнө жүзү боюнча мектеп курагындагы 188 миллион бала жана өспүрүм ашыкча семирүүгө дуушар болгон. Бул болжолдуу алганда ар бир онунчу бала дегендикти билдирет. Мындай балдардын саны тарыхта биринчи жолу  салмагы жетишсиздиктен жабыркаган балдардын санынан ашып кетти.

Мына ушул абал мектептин көңүл борборунда болуусуна түрткү берди. Дал ушул жерден үй-бүлөнүн кирешесине жана социалдык абалына карабастан, балдардын тамактануусуна күн сайын жана системалуу таасир этүү зарылдыгы келип чыккан.

ДССУнун сунуштарындагы негизги жаңылыктардын бири – бул мектептеги тамактанууга карата комплекстүү мамиле.

ДССУ бир гана ашканадагы тамактанууну эмес балдардын окуу күнүндөгү  күн бою жеген бардык нерсесин эске алууну сунуштайт. Алар:

  • буфеттеги тамактар,
  • автоматтардагы жеңил шам-шум этүү тамактары жана суусундуктар,
  • мектеп иш-чаралары жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктөр учурундагы сый тамактар.

 Негизинен мектеп бирдиктүү чөйрө катары каралат, анда баланын жөн гана ачкачылыгын кандыруу эмес, анын пайдалуу тамакты жеңил тандап алуусуна кеңири мүмкүнчүлүктүн болушу маанилүү.

ДССУ кандай өзгөртүүлөрдү сунуштайт

Киргизүүгө мүмкүн болгон чараларга бүгүнтөдөн тартып эле өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчиден, мектептерде төмөнкүдөй стандарттар жана эрежелер пайда болушу керек:  

  • дан азыктарынын, жемиштердин, жаңгактардын жана буурчак өсүмдүктөрүнүн санын көбөйтүү аркылуу пайдалуу тамак-ашты жеткиликтүү кылуу;
  • канты, тузу жана транс майлары көп азыктарды сунуштоолорду чектөө.

   Бул негизги жана милдеттүү сунуш болуп эсептелет.

Экинчиден, балдарга пайдалуу тамакты көбүрөөк тандоого жардам берген кошумча чараларды ишке киргизүү сунушталат. Мисалы, төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • тамактардын жасалгаланышына;
  • мындай тамак-аштын кайсы жерде жайгашкандыгына;
  • пайдалуу варианттарды тандоо канчалык ыңгайлуу экендигине;
  • тамактардын баасына;

Маселе тыюу салууда эмес, пайдалуу тандоону алда канча жагымдуу жана кызыктыра алгыдай кылууда.

            Бир гана эрежелер жетишсиз.

Саясат менен эрежелер алардын аткарылышы көзөмөлдөнбөсө, анда ал өзгөрүүлөргө анчалык деле кепилдик бере албайт.

2025-жылдын октябрь айына карата уюмдун маалыматы боюнча :

  • мектептерде дени сак, туура тамактануу саясаты 104 өлкөдө иштеген;
  • алардын дээрлик төрттөн үчү мектептеги тамак-аштын курамына милдеттүү талаптарды киргизген;
  •  бирок 48 өлкө гана курамында канты, тузу жана зыяндуу майлары көп азыктарды жарнамалоого жана аны жигердүү илгерилетүүгө чектөө койгон.

Бул документтер менен мектептердеги чыныгы өзгөрүүлөрдүн ортосунда дагы деле чоң ажырым бар экенин билдирет. ДССУ баса белгилегендей: көп нерсе жалпысынан мамлекеттерден гана эмес, региондордон, шаарлардан жана конкреттүү мектептерден да көз каранды, анткени дал ошол жерде мектеп жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү чечимдер кабыл алынат.

Корутунду ордуна

ДССУнун жаңы сунуштары жөнөкөй чындык тууралуу кабар берип турат: баланын ден соолугу күн сайын – үйдө жана мектепте, үй-бүлөлүк кечки тамакта жана классташтары менен болгон ысык түшкү тамакта калыптанат.

Дени сак, туура тамактануу билим берүү процессинин бир бөлүгү болуп калганда гана мектеп баланын курсагын тойгузуп эле тим болбостон, анын дени сак өсүшүнө өбөлгө боло алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа