ДААМДУУ ТАМАКТАРДЫ БЫШЫРУУ – ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ИШ!

Кыргызстандыктарга үй-бүлөлөр менен убакытты кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү, ошондой эле 1993-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан бекитилген жана жыл сайын 15-майда белгиленүүчү Эл аралык үй-бүлө күнүндө жагымдуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.

Бул жылы майрамга арналган агартуу кампаниясынын алкагында Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) биринчи жолу үй-бүлөлүк онлайн сынак өткөрүштү.

12-майдан 1-июнга чейин катышуучулар «Кичинекей ашпозчу” топтомунан каалаган тамактын рецептин тандап, аны балдары менен бирге бышырып, тамак жасоо процессинин сүрөтүн же видеосун # Уй-бүлөлөр күнү. Кыргызстан хэштеги менен Instagram баракчасына жайгаштырышы керек болчу. Кырктай үй-бүлө чакырыкты кабыл алып, жарыяланган видеолорго караганда, алар процесстин өзүнөн да, акыркы натыйжасынан да ырахат алып, Instagramдагы миңдеген колдонуучулары менен кулинардык жөндөмдөрүн бөлүшүштү.

«Кичинекей ашпозчу» топтомунда жыйырмадай даамдуу жана оңой бышырылуучу тамактардын рецепттерин сунуштайбыз. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн фавориттерин аныкташты. Анда, алты катышуучу “Калемпирдеги жумуртка” даярдоону тандап алышты, ал, видеодо көрүнүп тургандай, эң сонун эртең мененки тамак да, сонун кечки тамак да боло алат. Картошка куймактары жана кулпунай менен банан коктейли бир аз гана артта калып жатты.

Компоттор да четте калбады. Катышуучулар алча компоту үчүн жемиштерди өз бакчасынан терип, жасай башташканы абдан кубанычтуу болду, аны менен туура тамактануу принциптеринин бири – өз аймагыңда өстүрүлгөндү жегиле дегенди баса белгиледи.

 Популярдуу блогер Зейнеп балдары жана апасы менен кулпунай менен банан коктейлин даярдап, онлайн сынакты баштады. “Төрөгөндөн кийин апаңдын жанында болсоң, үй-бүлөнүн өзгөчө камкордугун сезесиң”, – деп жазган Зейнеп Instagram баракчасына. Акцияга Борбор Азиядагы биринчи TikTok-хаус Crush House тиктокерлери да кошулду. Алардын куймактары креативдүү бириктирүүчү роликтин үлгүсү болуп калды, анткени бул балдар да өзүнчө өзгөчө үй-бүлө. Ал эми тамак жасап, анан даамдуу тамакты чогуу жеш дайыма кызыктуураак.

Ден-соолукка пайдалуу тамак-ашты даярдоо үй-бүлөлүк, позитивдүү жана бириктирүүчү иш болушу керек. Ал сынактын катышуучуларынын комментарийлери менен далилденет:

● Күнү бою бышырып, каткырып, тасмага тартып, видеолорду монтаждадык

● Менин үчилтигим абдан сүйүндү: алар ушунчалык кызыгуу менен банан менен кулпунай коктейлин даярдашты, анан өз колдору менен даярдаган эң даамдуу, ден соолукка пайдалуу суусундукту татып көрүшкөндө, алар дагы кайталоону суранышты.

● Биздин үй-бүлөдө кичинекей ашпозчу – үч жаштагы уулубуз Дайыр. 5 жаштагы улуу балабыз өзү барын иш жүзүндө жакшы түшүнгөндүктөн, өзгөчө чыдамкайлык жана сүйүү менен ага айтып берип жатты.

● Кечки тамакка жолдошум экөөбүз балдар даярдаган тамакты жедик. Балдар бизге ушундай сонун нерсе даярдап бергени жанга жагымдуу болду. Мунун баары балдардын эсинде калып, архивде сакталып, бир жылдан кийин да кубандырат!

● Улуу балабыз помидор жечү эмес, бирок таң калыштуусу, бул сыр менен помидордун закускасын ырахаттанып жеди. Эми мен ага помидорду кантип даярдап береримди билем.

● Бул cырниктер бүгүнкү жамгырлуу күндү сактап калды

● Роликти тартууда биз экөөбүз бир топ эмоцияларга жана ырахатка бөлөндүк. Ал эми мен, апа катары, уулумдун өз иштерин чеберчилик менен айтып, ашканада өзүн чыныгы ашпозчудай алып жүргөнүнө сүйүндүм. Даярдаган тамагы көз ачып жумганча жок болду!

● Чычырканактын ашынан жасалган чай абдан жыттуу жана даамдуу болуптур. Эки күндөн бери өзүмдү ошондой чай менен эркелетип жатам.

Сынактын жеңүүчүлөрү капысынан аныкталып жатты. Жыйынтыгында самокат, фитнес билериктери, скакалкалар жана рюкзактар ​​өздөрүнүн бактылуу ээлерине тапшырылды. Эң негизгиси, биздин сынактын бардык катышуучулары даамдуу жана пайдалуу тамактарды жасоо үй-бүлөлүк кызыктуу иш болоорун сезишти жана өз колу менен бышырылган нерсе балдар үчүн дайыма даамдуу болоруна макул болушубуз керек!

Катышуучулардын биринин видеосунун акыркы кадры: “Бул биздин акыркы сынагыбыз эмес!” – деп айтып жаткансыйт.

Биздин «Кичинекей ашпозчу” топтомунан өзүңөрдүн сүйүктүү рецептиңерди тапкыла.

Тамакты биз менен, биздей, бизден жакшы жасагыла!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа