Бишкекте бала бакчалардагы ысык тамакты жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу маселеси талкууланды

30-мартта Бишкек шаарында мектепке чейинки курактагы балдарды ысык тамак менен камсыздоо боюнча “Кыргыз Республикасында мектеп тамактануусун оптималдаштыруу” программасынын негизги өнөктөштөрүнүн жолугушуусу өттү. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү администрациялардын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) өкүлдөрү жана бала бакчалардын жетекчилери Кыргызстандын 16 бала бакчасынын тарбиялануучулары үчүн сапаттуу, ар түрдүү жана толук кандуу тамактанууну уюштуруу маселелерин талкуулашты.

            Бүгүн Кыргызстанда мектептеги жана мектепке чейинки уюмдардагы тамактануу темасы кадимки менюнун алкагынан алда канча ашып түшөт. Кеп ысык тамак балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна кам көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калган туруктуу системаны түзүү жөнүндө болуп жатат. Жолугушууда 12 мектепке чейинки уюмда ишке ашырылган пилоттук долбоордун жыйынтыктары, программаны ишке киргизүүнүн экинчи этабына даярдык, тамактануу жана эсеп жүргүзүү боюнча жаңы ченемдер, ошондой эле 2026–2027-окуу жылына азык-түлүк жеткирүү маселелери талкууланды.

Программанын практикалык бөлүгү өзгөчө кызыгууну жаратты. Катышуучулар ашкана зоналары кандай уюштурулушу керек, ысык тамак берүүнү ишке киргизүү үчүн кандай инженердик чечимдер талап кылынат жана балдардын тамактануусу үзгүлтүксүз гана эмес, коопсуз да болушу үчүн кандай санитардык-гигиеналык талаптарды сактоосу зарыл экендигин талкуулашты. Жолугушуунун уюштуруучулары программанын ийгилигинин сырларын конкреттүү мисалдар менен  ачып беришти, ал эми катышуучулар ысык тамак берүүнү уюштуруу мектепке чейинки курактагы балдарды алардын активдүү жана сергек жашоосу үчүн зарыл болгон энергия жана азык заттар менен камсыз кылат деген тыянакка келишти. Бала бакчалар үчүн программанын биринчи этабына катышып жаткан аймактардан алынган видеоматериалдар жаңы катышуучуларды бул ишке кошулууга жана алардын үлгүсүн жолдоого шыктандырды.

Эң пайдалуу форматтардын бири топтордо иштөө болду. Ар кайсы аймактардын жана уюмдардын өкүлдөрү биргеликте бала бакчалар даярдык этабында кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын талдап, инфраструктуралык маселелерден тартып жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу механизмдерине чейин практикалык чечимдерди издешти. Мындай тажрыйба алмашуу өзгөчө маанилүү, анткени ал ар бир аймактын реалдуу шарттарына жана муктаждыктарына таянуу менен теория жүзүндө эмес, иш жүзүндөгү ыкмаларды табууга мүмкүндүк берет.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы россиялык Тармактык тамактануу институту менен биргеликте Кыргызстанда ысык тамак берүү системасын ырааттуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттик өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантууда.

Программанын бала бакчаларда  ишке кириши – барган сайын өлкөдөгү балдардын  көбүрөөк бөлүгүн сапаттуу, коопсуз жана толук кандуу ысык тамак менен эрте жаштан камсыз кылууга карай болгон дагы бир маанилүү кадам.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа