Баткен облусундагы өндүрүштүк-логистикалык борбор мектептерди жана бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыздоону баштады

Ушул жылдын жазында ачылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы өндүрүштүк-логистикалык борбор (ӨЛБ) жергиликтүү мектептерди жана бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыздоо тендерлерин утуп алып, алгачкы ийгиликтерин көргөздү. Открывшийся весной этого года в Кадамжайском районе Баткенской области производственно-логистический центр (ПЛЦ) показал первые успехи, выиграв тендеры на поставку продукции в местные школы и детские сады. 

Август айында ӨЛБ облустун билим берүү мекемелерин жергиликтүү дыйкандар өстүргөн сабиз, пияз, картөшкө менен камсыздоо соодалашуусуна катышты. Жыйынтыктар борборду түзүү үчүн сарпталган каражаттарды, күчтү жана күтүүлөрдү актады: 2023-2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында   мектептерде жана бала бакчаларда ысык тамак-ашты даярдоо үчүн ӨЛБ жалпы сумманы түзгөн 1,5 млн сомго 35,6 т жашылча камсыздайт.  

Келишимдер Кадамжай, Айдаркен шаарларынын жана Бирлик жана Котормо айылдарынын беш бала бакчалары, ошондой эле 55 мектептери менен түзүлдү – мектептерди жашылчалар менен камсыздоо боюнча соодалашуулардын жыйынтыктарында ӨЛБ жарыяланган лоттордун дээрлик бардыгын утуп алды.  Шарттар эки тарапка тең пайда алып келүүчү: мектептер тынымсыз түрдө сапатты текшерүүнүн бардык этаптарынан өткөн, келишимдин мөөнөтүнүн учурунда туруктуу бир баадагы азык-түлүктөр менен камсыздалып турат, ал эми борбор, өз учурунда, туруктуу өтүш рыногуна ээ болот. 

Камсыздалуучу азык-түлүктөр сапаттын бардык талаптарына жооп берет. Бул үчүн борбордо бардык керектелүүчү шарттар түзүлгөн. Түздөн-түз дыйкан талааларынан баштап өзгөчө көзөмөл жүргүзүлөт. Долбоордун чегинде Кадамжай райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна мобилдик лаборатория түзүлүп, тапшырылды.  Анда ӨЛБге түшүүчү бардык азык-түлүк көзөмөлдөн өткөрүлөт, ошондой эле ал сактоо мөөнөтүндө да текшерилип турат. Экологиялык жактан таза, жаш, бузулуусу жана кемчилиги жок жашылчалар жашылча сактагычка, андан соң азыктардын жаңылыгын сактоочу изотермикалык фургонго түшүп, балдарга жеткирилет.  

ӨЛБнин өзүндө продукцияны текшерүүдөн тышкары, лаборатория мектептерде тамак-ашты даярдоонун жана ал жакка башка жеткирүүчүлөрдөн камсыздалган азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөйт.

Өндүрүштүк-логистикалык борбордун мүмкүнчүлүктөрү сапатты көзөмөлдөө, сактоо жана транспорттоодон алда канча кең экенин белгилей кетүү керек. 

Борбордун кайра иштетүүчү комплексинде даярдоого мүмкүн боло турган алгачкы иштетүүдөн өткөн азык-түлүктөр (сорпо топтому) менен мектептерди  камсыздоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай топтомдор керектөөчүлөрдүн талабына ээ болуушу күтүлүүдө. Аларга бир гана мектептер эмес, жергиликтүү кафелер дагы кызыктар экендиги билинди. Ал эми бул жергиликтүү дыйкандарга өздөрүнүн азык-түлүктөрү үчүн кошумча сатуу рыногун түзүүгө жардам берет. 

Өндүрүштүк-логистикалык борбор БУУ ДАТПтын жана бул жылдын апрель айындагы Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын жакшыртуу программасынын чегиндеги Россия Федерациясынын каржылык колдоосунун аркасында SIFIдын күчтөрү менен ишке ашырылды. Пилоттук долбоор катары түзүлүп, ал мектептеги тамак-аштын сапатын жана анын туруктуулугун жогорулатуудан тышкары аймакты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат: жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү. Ийгиликтүү реализациялоо учурунда  борбордун моделин өлкөнүн башка региондорунда дагы апробациялоого болот. 

Ал эми азырынча Баткен облусунун Кадамжай районунун ӨЛБсинин ишине чоң пландар каралган: дыйкандардан сатылып алынуучу азык-түлүктүн ассортиментин кеңейтүүдөн баштап, жаңы сактагычты куруу, өндүрүүнүн көлөмүн чоңойтуу жана жаңы сатуу рынокторуна чыгууга чейин. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа