Ашпозчулар ишке киришкенде: Республикалык мектеп тамактануу компетенциясынын жаңы борборунда “Мыкты мектеп ашпозчусу-2022” сынагынын финалы болуп өттү

Балдар тамагына кандай татымалдарды колдонсо болот? Даяр салатты муздаткычта канчага чейин сактайбыз? Эмне үчүн унду электен өткөрүү керек?

Бул суроолорго ар бир эне жооп бере албайт. Ал эми БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп тамактануусун оптималдаштыруу программасына катышкан мектептердин ашпозчулары тамак жөнүндө барын билишет. Эми жакында алар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин мындан да өркүндөтө алышат. Себеби, ноябрь айынын башында Бишкекте Республикалык Мектеп тамактануусу боюнча компетенция борбору (РКБ) ачылган.

РКБ – Кыргызстандын келечегине кошкон салым

Долбоор Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Россиянын Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Тренинг-борборунун иши үчүн окутуу-методикалык базасын И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети камсыздайт. Дал ушул университет РКБга имаратын берип, анын кызматкерлерине керектүү методикалык колдоо көрсөтөт.

РКБнын негизги милдети болуп өз мекемелеринде Мектепте тамактануу программасына тартылган мектептердин жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин ысык тамак программасын ишке ашырууга даярдоо болуп саналат. Көптөгөн мектептерде салт болуп калган булочка менен компот (чай) таратуу өтө жөнөкөй процесс болсо, ысык түшкү тамак бардык катышуучулардан таптакыр башка квалификациясын талап кылат. Демек, окуу борборунда ашпозчулар жана башка тамактандыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өз кесиби боюнча окуудан жана кайра даярдоодон өтүшөт.

Бул жерде мектеп ашканаларынын кызматкерлери кичинекей мектеп окуучулары үчүн пайдалуу, даамдуу тамактарды даярдоо боюнча теориялык билимдерин өркүндөтүп гана тим болбостон, тажрыйбалуу кесиптештеринин жетекчилиги астында «такшалышат»: сабактар ​​мектептин тамактандыруу бөлүмдөрүндө, алардын заманбап жабдууларын колдонуп, реалдуу шарттарында өткөрүлөт. Ошондуктан ашпозчулар жаңы ысык тамактарды жасоону практика жүзүндө билишип, өз мектептерине кетишет.

Мындан тышкары окуу борбору бирдей стандарттарды, ашпозчуларды даярдоонун программасын жана методикасын иштеп чыгып, тамактандыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын ачат.

Бул жерде мониторинг бөлүмү да ачылат. Анын өкүлдөрү Кыргызстанда Мектепте тамактануу улуттук программасынын өнүгүшүнө көзөмөлдөө уюштуруп, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин даярдай алышат деп күтүлүүдө. Ал эми директорлор жана жооптуу мектеп кызматкерлери тамак-аш азыктарын сатып алууну башкарууну, тамактандырууну уюштуруунун сапатын баалоону жана отчеттук документтерди жүргүзүүнү үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ар тараптуу аракеттердин натыйжасында кыргызстандык мектеп окуучулары үчүн даярдалган тамактын сапаты тынымсыз жогорулайт. Демек, бул балдардын ден соолугу, окуудагы көрсөткүчтөрү жакшырат дегенди билдирет.

Ашпозчулардын сынагынын финалы

Жаңы эле ачылган Республикалык компетенция борбору алгачкы конокторду кабыл алды. Дал ушул жерде “Мыкты мектеп ашпозчусу-2022” сынагынын финалы өттү.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана SIFI тарабынан 2020-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан сынак бул жолу өлкөнүн 113 мектебинен 115 катышуучуну бириктирди. Финалга 7 талапкер чыкты – ар бир областтан бирден.

Борбордун техникалык жактан жабдылышына биринчилерден болуп ашпозчулар баа беришти. Ал эми алардын кулинардык таланттары, өз кезегинде, тажрыйбалуу калыстар тобу тарабынан бааланды. “Соттордун” арасында Кыргызстандын Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкө боюнча директору, SIFIнин технологу жана Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы болушту.

Финалга чыккандар үч этап менен бааланды. Алгач сынактын катышуучулары үй тапшырмаларын көрсөтүштү – өздөрүнүн рецепти боюнча мектептин түшкү тамагына ысык тамак даярдашкан. Автордун милдети мектеп окуучуларынын тамактануусуна уруксат берилген азыктарды гана колдонуп, бир порция үчүн 20 сом деп чектелген бюджетте даярдап, даярдалган тамак эмне үчүн мектеп окуучуларынын рационуна киргизилиши керектигин негиздөө болгон. Калыстар тобу Бишкектеги биринчи класстагы ресторандардагыдай кылып берилишине да баа беришти.

Андан кийин «реалити» этабы болду. Мектептин ашканасынын башкы ашпозчуларына 20 мүнөттө белгилүү бир азыктардын топтомунан (капуста, калемпир, помидор, сабиз, пияз ж.б.) салат жана суусундук даярдоо тапшырмасы берилди. Дагы да, эң жогорку упайга даамдуу варианттар эле ээ болгон жок. Ошондой эле тамак даярдоо процессинде бардык санитардык нормалардын сакталышы жана берилишинин креативдүүлүгү бааланды.

Ойлонуп турбастан, тамак даярдап жаткан учурунда сынактын катышуучулары мектеп ашканасында иштөө эрежелери боюнча викториналык суроолорго жооп берип, кошумча упайларга ээ болуп жатышты.

Жеңүүчүнүн кубогу Чүй областынан келген Айгүл Акбаевага ыйгарылды. Экинчи орунду Нарын областынан Тынымбү Кулмурзаева, үчүнчү орунду    Ысык-Көл областынан Венера Абдышова ээледи. Жеңүүчүлөргө жеке сыйлыктар (ашкана техникасы) жана өздөрүнүн мектебинин ашканасына жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды. Башка финалисттер да жакшы белектерге ээ болушту.

Биз Кыргызстандын мыкты ашпозчуларын кесиптик жашоосундагы бул жаркын окуя менен куттуктайбыз. Жакында алар өз мектептеринин окуучуларын бардык сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык даярдалган даамдуу жана өзгөчө тамактар ​​менен кубандырат. Биз балдарга: “Тамагыңар таттуу болсун!” демекчибиз.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа