ϴзүбүздүн уйлардын сүтү мектеп тамак-ашына кошумча катары

Мамбетов атындагы орто мектеби

Маалымат

Мамбетов атындагы орто мектеп Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.

Район Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө орун алып, тундүгүнөн Ат-Ойнок, ал эми батышынан Чаткал кырка тоолору менен курчалган, чыгыш чек арасы Нарын дарыясынын боюнан өтөт. Аймактын 94% тоолор ээлеп, 6% гана орөөндөр түзөт. Климат континенталдуу, ага ысык жай менен суук кыш мүнөздүү. Тоолуу аймактар айыл чарбачылыгынын өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат. Негизинен бул жерде кара өрүктү сатыкка өстүрүшөт, мындан тышкары мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Мектеп кантип ысык тамактанууга келген

Мектеп 1974-жылы курулган. 2015-жылы БУУ ДАПтын «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптимизациялоо» долбооруна кошулган. Ысык тамактанууга өтөөргө чейин балдарга Улуттук мектеп тамак-аш программасынын алкагында таттуу токоч жана чай берилчү.

Толук кандуу ысык тамактанууга өтүүгө даярдыктар 2010-жылы эле башталган. Анда мектепкте камкордук кеӊеши түзүлүп, ал уюштуруучу учурларга жардам корсөтүп келген. Мисалы, идиш-аяктарды жана тамак ичүүчү залга эмеректерди сатып алып беришти. Ысык тамактануу киргизиле электе камкордук кеӊеши ашкана үчүн кружка жана тарелкаларга, ал эми спортзалга ойноо топторун жана башка спорт инвентарларына ээ болууга жардам берген.

Мектеп ашканасы экинчи этажда жайгашып, канааттандырарлык абалда болгон. Капиталдык ремонттун кажети жок болчу. Ошондуктан калаанын мэриясы сымдарды, электр тогу үчүн автоматтарды жана жуучу ванналар учүн түтүктөрдү сатып алууга чакан сумма бөлүп берген. Жыл сайын камкордук кеӊешинин күчү менен ашканадагы ремонт үзүлбөй кылынып турат. Ал жерди актап, сырдап турушат.

Мектеп тама-ашында ата-энелердин катышуусу

Ысык тамакты жүргүзүүдөн мурда мектеп администрациясы БУУ ДАП менен биргелештикте чогулуш өткөрдү. Кичи класстардын окуучуларынун ата-энелерине долбоор жөнүндө маалымат берип, мектеп ашканасында ысык тамактанууну жүргүзүүнүн даярдыктарына экскурсия алып барды. Ата-энелер ай сайын ар бир балага 100 сомдон берүүгө макулдашты. Социалдык абалы туруксуз үй-бүлөлөрдүн балдары төгүмдөрдөн бошотулат.

Азыркы күнү сумма азык-түлүктөрдүн кымбатташына карап 150 сомго чейин көтөрүлдү.

Ата-энелер тарабынан чогултулган каражаттарга мектеп үч жумада бир жолу эт жана жумада бир жолу компот кайнатууга кургатылган жемиштерди сатып алат. Азыктар азыктарынын сапатын тактоочу документтер жана сертификаттары бар фермерлерден, жергиликтүү айыл чарба ишкерлеринен, сатылып алынат. Кээде ата-энелер өздөрү кургатылган жемиштерди жана өз короо-жайынан чогултуп алышкан жашылчаларды (сабиз, картөшкө) алып келип беришет.

Ата-энелер каражаттарынан ашкана кызматкерлерине жана ашпозчуга эмгек акысына кошумча акы төлөнүп берилет. Мектепте тамактанган окуучулардын санына жараша ашпозчу болжол менен 5 000 сом айлык маянасын алат. Ар бир айлык ата-энелер төгүмдөрүнөн ашпозчуларга кошумча 2 000 сом төлөнүп берилет. Идиш жуучунун эмгек акысы айына 4 000 сом толугу менен ата-энелер тарабынан төлөнөт. Себеби, ал штатка кирбейт.

Мектеп администрациясы камкордук кеӊеши менен биргеликте жыл сайын коротулган каражаттар тууралуу отчеттор жөнүндө чогулуштарды өткөрүп турушат.

Тамактанууну жакшыртуу үчүн короо-жай чарбачылыгы

Аксы районунда мектептер мектеп короо-жай чарбачылыгы менен мурунтадан эле тааныш. Көбүнчө окуу жайларда өз жемиш бактары жана короо-жайлары бар. Мектепте тамак-аш пайда болгучакты эле, бардык түшүмдөр көбүнесе сатылууга кетчү. Алынган акчага мектептердин абалын жакшыртышчу. Мамбетов атындагы мектепте чатырды ондолуп, кыштан жаӊы даараткана салынды. Ысык тамактанууга өтө электе мектеп Мерсико долбоорунда катышуучу болгон да, уюм ремонттун 40% каржылап берди.

Короо-жайдын 0,30 га аймагында мектеп капуста, картөшкө, сабиз өстүргөн. Ошол маалдан бери мектеп тамак-ашы пайда болуп, бардык түшүм окуучуларга тамак жасоого коротулат.

2015-жылы директор Урустемов Калыбек БУУ ДАПтын долбоорунда катышкан кайсы бир мектепке коендорду багуу үчүн каражаттарды жана короо-жай бөлүп берген окуя менен шыктанып, ата-энелер жана камкордук кеӊешин чогултуп, мектеп тамакк-ашын жакшыртуу үчүн мал чарбачылыгы менен алектенүү демилгесин көтөрүп чыкты. Мэрия менен болгон макулдашуунун натыйжасында жана ата-энелер чогулткан каражаттарга үч кой сатып алышты. 2018-жылга карата койлордун саны 14ко жеткен.

2019-жылы камкордук кеӊешинин чогулушунда койлордун баарын сатып, алардын ордуна тамактанууну сүт менен түрлөө үчүн эки жаш уй алуу чечими кабыл алынды. Уйларды сатып алуу менен тоют мектеп короо-жайында өстүрүлгөн жашылчалардан кымбат тураарын түшүнүштү.  Ошондон бери алардын ордуна жүгөрү тоютун себе башташты. Мэрия мектепке таандык аймакка кошумча дагы 0,90 га участок болүп берди. Ал жерге уйларга тоют болуучу беде айдашты.

Азыр мектептин эки уйу жана эки музоосу бар. Жайкысын аларды жайлоого айдашып, ал эми башка мезгилдерде мектеп короо-жайындагы сарайда кармашат.  Жайлоодо уйларды ата-энелер козөмөлдөп турушат. Алардын эмгек акысы башка кызматкерлерге караганда азыраак. Былтыркы жылы ата-энелер төгүмүнөн кайсы бир окуучунун ата-энесине символдуу суммадагы акча төлөнүп турган. Бул жылы ата-энелердин бири уйларды бекер карап берүүсүнө макул болгон.

Уйларды багуу балдарга мектеп тамак-ашындагы менюга кошумча катары күнүнө бир стакандан (60-70 мл) берүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Калдыктары мугалимдерге сатылат. Алынган акчага короо-жайда иштеген жалданма жумушчуларга эмгек акысы төлөнүп берилет жана түшүм жыйноочу техникага болгон чыгашаны жабышат.

Ошондой эле мектептин аймагында 0,2 га жемиш багы бар. Кара өрүктөр өстүрүлүп, кургатылган жемиштер жасалат. Жарымын балдарга компот кайнатуу үчүн калтырса, калганын дүӊ сатып алуучуларга мектеп чыгашаларын: жалданма жумушчулардын эмгек акысын төлөө, кургатылган жемиштер үчүн ящиктерди сатып алуу жана башка чыгашаларды жабуу үчүн сатышат. Мындан тышкары директор жергиликтүү БϴУ долбоорунун алкагында 7 мамычалуу алма бактарын мектеп биологдору үчүн сатып алды. Ал балдар ар кандай сортторду таанып билип, багбанчылык боюнча билимин кеӊейтүүсүн каалаган эле.

Келечекке коюлган максаттар

Директор балдар мындан да көп жаӊы сүт ичүүсүн каалап, ошондуктан бодо малды 6 баш кылып көбөйтүүсүн көздөйт. Ошондой эле мектеп короо-жайынан алынган каражаттарга окуу үчүн интерактивдүү досканы сатып алуу максаты бар.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа