Оюндар, тажрыйбалар, фестиваль жана тематикалык түшкү тамак: Кант, Нарын жана Манастагы мектептердин окуучулары даамдардын түрлөрү жана дени сак тамактануу жөнүндө билишет.
Кыргызстанда 12-октябрдан 16-октябрга чейин Кант, Нарын жана Манас аймагындагы үч мектепте Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган «Даамдар жана ачылыштар жумалыгы» өткөрүлөт. Үчүнчү класстын окуучулары даамдардын ар кандай түрлөрү, дени сак тамактануу жана инновациялар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кантип көмөктөшөрү тууралуу билишет.
Уюштуруучулар – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана окуучуларынын тамактануусу боюнча КМШнын базалык уюму – «Тармактык тамактануу институту» (SIFI).
Катышуучулар – Канттагы №3 мектеп-гимназиясы, Нарындагы В.П.Чкалов атындагы №2 мектеп жана Манастагы Алым Усман атындагы №7 мектеп.
2026-жылдагы Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн темасы – «Бүгүнкү инновациялар – эртеңки азык-түлүк менен камсыз болуу». «Кыргыз Республикасында мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу» долбоору билим берүү уюмдарына инновациялык чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт: мектептерде электр энергиясынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн күн панелдери орнотулуп, жашылча-жемиштер үчүн күнөсканалар курулуп, бакчаларды жана мөмө бадалдарын өстүрүүгө жардам берилет.
“Сыйкырдуу бакчанын сыры” китептер сериясы балдарга теманы өздөштүрүүгө көмөктөшөт, бул китеп БУУнун ДАТП жана SIFI тарабынан чыгарылган. Сюжет боюнча Сыйкырдуу бакчадан алты даам – таттуу, кычкыл, туздуу, ачуу, өткүр жана куруштуруучу даамдар жоголуп, ар кайсы өлкөлөргө тарап кетишкен. Башкы каарман Зууранын аларды кайтарып келүүсүнө окурмандар өздөрү жардам беришет: аны менен биргеликте балдар табигый азыкты сапатсызынан айырмалай алууну, эски буюмдарга экинчи өмүр берүүнү жана тамак-ашка жана жаратылыш ресурстарына этият мамиле кылууну үйрөнүшөт.
Жумалык 12-октябрда “Туулган жердин белектери жана алты даам” деген класстык саат менен башталат. Окуучулар өрүк жана лимонду татып көрүшөт, өз аймагында эмне өсөрүн талкуулашат жана алты даамдын бардыгын тең Кыргызстандын табигый азыктарынан табууга болорун аныкташат.
Аптанын негизги окуясы – “Сыйкырдуу бакчанын даамдар жарманкеси” фестиваль-квести 16-октябрда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө өтөт. Майрамды жогорку класстын окуучулары даярдап, өткөрүшөт. Катышуучулар бекеттер боюнча саякатка чыгышат: ар биринде китептердин каармандары тосуп алышып, даамдардын кайсы өлкөдөн келгенин тааныштырышып, тапшырма сунушташат. Окуучуларды чай жана лимон менен жөнөкөй тажрыйбалар, жыты боюнча татымалдарды табуу жана кайра иштетилген материалдардан жасалгаларды жасоо боюнча устакана күтөт.

Майрам “Сыйкырдуу бакча дасторкону” аттуу тематикалык түшкү тамак менен жыйынтыкталат. Мектеп ашпозчулары жергиликтүү азыктардан тамактарды даярдашат, ал эми балдар өздөрү жума бою издеген ошол даамдардын кадимки тамактарда эле экенин аңдашат.
Балдар тамактанганча, ата-энелер үчүн «Үйдөгү сыйкырдуу бакча» семинары өткөрүлөт. Тамактануу боюнча адис үй-бүлөдө бул теманы кантип улантуу, үйдө даам татууну уюштуруу, китептеги рецепт боюнча бала менен бирге пайдалуу десерт даярдоо, чайдын сапатын жөнөкөй тест менен текшерүү керектигин айтып берет: .
«Тамактануу адаттары бала кезинде калыптанат, ал эми мектеп бул жагынан негизги ролду ойнойт. Толук кандуу ысык тамак – ийгиликтүү окуунун башкы шарты. Анткени окуу күнүнүн аягына чейин баланын күч-кубатынын жетиштүү болушу жана сабакка көңүлүн топтоо жөндөмүнүн сакталышы анын тамактануусуна жараша болот. Биз балдарга пайдалуу тамак даамдуу болоорун, ал эми эң баалуу азыктар мекенибизде эле өскөн азыктар экендигин көрсөткүбүз келет. Эгерде ушул аптадан кийин бала өзү жаңы жашылчаны татып көргүсү келсе же китептеги тамактарды даярдап берүүнү суранса, демек, анда биз өз максатыбызга жеттик», — деп белгилейт SIFI президенти Владимир Чернигов.
Жумалыктын программасы балдар үчүн түшүнүктүү тажрыйба аркылуу жылдын темасын ачып берет. Келечектеги азык-түлүк коопсуздугу технологиялардан гана эмес, башкалардын эмгегин баалаган, сапаттуу азык-түлүктөрдү тандай билген жана ресурстарды кылдаттык менен пайдаланган адамдардан да көз каранды экендигин унутпашыбыш керек.
Маалымат:
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) – бул ачарчылыкка каршы күрөшүп, өлкөлөргө азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жардам берип келе жаткан дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм. 2020-жылы БУУ ДАТП дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. 2013-жылдан бери Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында “Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” долбоорун ишке ашырып келет, ал мектептерди толук кандуу ысык тамак менен камсыздоого багытталган.
«Тармактык тамактануу институту» коммерциялык эмес уюму (SIFI) – бул КМШнын окуучуларынын тамактануусу боюнча базалык уюму. Институт мектептеги тамактануу боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгат жана аны Россияда жана чет өлкөлөрдө ишке ашырат. БУУ ДАТП менен өнөктөштүктө Институт Арменияда, Кыргызстанда жана Тажикстанда долбоорлорду ишке ашырууда. SIFI мектеп ашканаларын изилдейт жана аудит жүргүзөт, тамак-аш блокторун долбоорлойт, тең салмактуу рациондорду түзөт, мамлекеттик стратегияларды жана ченемдик базаны иштеп чыгууга катышат, ашпозчуларды жана мектеп директорлорун окутат, ошондой эле балдар жана ата-энелер менен дени сак тамактануу боюнча агартуу иштерин жүргүзөт.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio