Мектептеги эртең мененки тамактын, үй-бүлөлүк кечки тамактын жана баланын ден соолугуна таасирдин кандай байланышы бар? Бул суроого Кыргызстандын ар кайсы аймактарында окуган үчүнчү класстын окуучулары, алардын ата-энелери, мугалимдер, жогорку класстын окуучулары жана мектеп ашпозчулары биргеликте жооп издешет.
14-майдан тарта 21-майга чейин Бишкек шаарында, Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарында “Сыйкырдуу ашкана: табактагы күн желенин сырлары” аттуу интерактивдүү билим берүү иш-чараларынын сериясы өтөт. Алар Эл аралык үй-бүлө күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолукка пайдалуу тамак сиңирүү күнүнө арналат. Демилге Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана КМШ окуучуларынын тамактануусу боюнча базалык уюму болгон Тармактык тамактануу институту АКУнун (SIFI) колдоосу менен “Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын алкагында өтөт.
Билим берүү иш-чараларынын программасы ден соолукка пайдалуу тамактануу жөнүндө эрежелер жана тыюу салуулар багытында эмес, оюн, чыгармачылык, кыймыл жана жандуу баарлашуу аркылуу баяндалган мектеп окуясы катары иштелип чыккан. Балдар эртең мененки тамак эмне үчүн окуудагы ийгиликтерге жетүүгө жардам берерин, жашылча-жемиштер табакты кандайча “кооздоп” турарын, эмне себептен организмге клетчатка керек экенин жана эмне себептен ден соолукка пайдалуу тамак сиңирүү балдардын энергиясы, маанайы жана өсүүсү үчүн маанилүү экенин үйрөнүшөт.
Программа тамактануунун ар түрдүүлүгүнө жана пайдалуу тамак сиңирүүгө арналган класстык сааттан башталат. Кенже класстын окуучулары жогорку класстын окуучулары менен биргеликте оюн саякатына чыгышат: “табактагы күн желенин” сырларын ачышат, командалык тапшырмаларды аткарышат, даам татууга катышышат жана тамак-аш жөнүндө кеңири тараган мифтерди жокко чыгарышат.
Программада үй-бүлөгө өзгөчө көңүл бурулат. Ата-энелер үчүн “Акылдуу ашкана: үй-бүлөнү даамдуу, тез жана ашыкча убаракерчиликсиз кантип тойгузуу керек” семинары өткөрүлөт. Тең салмактуу тамактануу кандай гана кирешедеги үй-бүлө болбосун жөнөкөй жана жеткиликтүү боло аларын ата-энелерге көрсөтүп беришет. Коноктор ашыкча убакытты жана ресурстарды коротуп олтурбастан эле кантип жеңил, бирок пайдалуу тамактарды даярдоо, кантип рационду ар түрдүү кылуу жана кантип үйдө баланын дени сак адаттарын колдоо керектигин талкуулашат.
Иш-чаралар циклин “Байкалбаган каармандар: “Ашпозчуга рахмат!” операциясы” аттуу интерактивдүү фестиваль жыйынтыктайт. Программанын эң жагымдуу жана адаттан тыш бул бөлүгү күн сайын мектеп жашоосунун кадр артында калып жаткан каармандарына – ашпозчуларга жана ашкана кызматкерлерине арналат.
Фестивалга бир нече күн калганда балдар мектеп ашпозчусунун иши жөнүндө чыныгы “иликтөө” жүргүзүшөт: анын жумуш күнү кантип башталарын, бир табак ысык ботко же шорпонун артында канча эмгек бар экенин, мектеп ашканасына кандай билим жана көндүмдөр керектигин аныктап-билишет. Окуучулар чыгармачылык портреттерди, ыраазычылык ачык каттарын, интервьюларды жана мектеп ашпозчулары жөнүндө кыскача аңгемелерди даярдашат.
Фестивалда балдар класстык саатта алган билимдерин бекемдеп, мектеп ашпозчуларынын ишине байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын белгилешет. Оюндар аркылуу туура тамактануу, суунун пайдасы, клетчатка, мектеп тамактарынын рецепттери жана ашкананын иши жөнүндө эмнелерди өздөштүрүшкөнүн көрсөтүшөт. Ал эми финалда өздөрүнүн чыгармачылык иштерин тартуулап, ашпозчуларга күнүмдүк камкордугу үчүн ыраазычылык билдиришет.
Иш-чаралар төмөнкү мектептерде өтөт:
«Сыйкырдуу ашкана: табактагы күн желе сырлары» долбоору балдар, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп ашпозчулары үчүн ден соолук, үй-бүлө жана балага күнүмдүк камкордук жөнүндө сүйлөшүү үчүн жалпы аянтча болуп берет. Уюштуруучулар бул жолугушуулар окуучуларга пайдалуу адаттар эмне үчүн керектигин, ал эми чоңдорго болсо тамактанууга, режимге жана үй-бүлөлүк жана мектептик дасторкондогу атмосферага биргелешкен көңүл буруу канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio