Үй-бүлөлүк ден соолук рецеби: Кыргызстанда ата-энелер жана балдар үчүн кулинардык мастер-класстар өттү

Күнөстүү мектеп короосу же шарлар, жаркыраган желекчелер менен кооздолгон жайлуу ашкана залы. Столдун тегерегинде бүт ынтаасын коюп «кулинария» менен алектенип жаткан апалар жана аталар, жанында кызыгуу менен аларга жардам берип жаткан балдар. Жаңы жашылча-жемиштердин, кургатылган жемиштердин даамдуу жыты келип жатканы сезилип турат…  2025-жылдын июнь айында   Кыргызстандагы жети облустун баарында ушундай жагымдуу атмосферада «Бирге даярдайбыз» аттуу кулинардык мастер-класстар өттү!  200дөн ашык ата-эне жана башталгыч класстын окуучулары (Бишкектен Баткенге чейин) тамак даярдоону үйрөнүү менен гана чектелбестен, пайдалуу тамактануунун сырларын өздөштүрүшүп, эс алуу убактысын үй-бүлө жана достор менен  жагымдуу өткөрүштү. Бул иш-чара Мектептеги тамактануу программасынын алкагында уюштурулду.

Сабак эмес, майрам: Жасайбыз, үйрөнөбүз, баарлашабыз!

Мастер-класстар мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы жандуу көпүрөгө айланды. Алар олуттуу «Мыкты мектеп ашпозчусу-2025» сынагы менен катар жарыш өтүп, өзгөчө синергияны (биргелешкен аракеттердин ийгиликтүү натыйжасын) жаратты. Тандоо турларында мектептеги тамак-аштын сапаты тууралуу суроо берип отурган ата-энелер эми алжапкыч кийип алышып, балдары менен бирге кичинекей окуучулар үчүн пайдалуу тамак жасоо чеберчилигин өздөштүрүштү.

Мастер-класстын программасында эмнелер болду?

Саламаттыкка карай алгачкы кадам – «Пайдалуу тамактануу табагы»

 Мастер-класс жадатма лекциядан эмес, балдарды да, ата-энелерди да кызыктырган оюндан башталды. Негизги көңүл борборунда жакшынакай, жагымдуу «Пайдалуу тамактануу табагы» болду. Алып баруучу катышуучуларга аны кунт коюп  карап, суроолорго биргеликте  жооп берүүнү сунуштады:

  1. Кайсы көнүмүш, бирок зыяндуу азыктар (мисалы, фастфуд же ашыкча таттуулар) бул табакта жок? Балдар өз ойлорун активдүү айтып, ата-энелер ой жыйынтыгын тактоого жардам беришти.
  2. Бул азыктар эмне үчүн жок? Командалар биргелешип алардын ден соолукка тийгизген таасирин түшүндүрүшүп, бүтүмдөрүн чыгарышты.

Андан кийинки этап – билимди бекемдөөчү практикалык тапшырма болду: командалар сүрөттөрдүн арасынан окуу жана ойноо үчүн энергия булагы болуп бере турган татаал көмүртекке (углевод) бай азыктарды (мисалы, дан азыктары, жашылчалар, жемиштер) таап белгилөөгө тийиш болду. Бул оюн формасында берилген тапшырма пайдалуу рациондун негизги принциптерин эстеринде сактап калууга жардам берди.

Теориядан даамдуу практикага

«Тамактануу табагы» менен болгон кызыктуу оюндан кийин катышуучулар биринчи кулинардык сыноого – курут кошулган жайкы жашылча салатын даярдоого өтүштү.

Алгач “ата-эне + бала” принциби менен жуп болуп командаларга бөлүнүшүп, капитандарын шайлашты. Андан соң ар бир команда салаттын ингредиенттерин: жаңы бадыраң, шалгам, пияз, лимон жана ашкөк чөбүн кылдат изилдөө тапшырмасын алды. Командалар витаминдер жана азыктардын пайдалуу касиеттери тууралуу жарым-жартылай даярдалган маалыматтык гайддардын боёктуу кеңештеринин жардамы аркасында  атайын таблицаларды толтурушту. Балдар менен чоңдор чогуу “Бадыраң эмнеси менен пайдалуу? “Шалгамда кандай витаминдер бар? Пияз эмне үчүн организмге абдан керек?” деген суроолорду талкуулашты. Бул аң-сезимдүү тамактанууга багытталган маанилүү кадам болду.

Мындай ынтымакташып «иликтөө жүргүзүүдөн» кийин практиканын кезеги келди! Командалар ролдорду бөлүшүштү: кимдир-бирөө жашылчаларды эпчилдик менен кессе, башкалары ингредиенттерди аралаштырды, ал эми айрымдары даяр болгон тамак-ашты жасалгалап, табакка кооздоп салышты. Жумуш чындап эле кайнады!

Мына, баары айкын боло турган чечүүчү учур: ал – өз колдору менен даярдалган салат! Катышуучулар өздөрүнүн кулинардык шедеврлерин башка командаларга жана алып баруучуларга сыймыктануу менен көрсөтүштү. Этаптын эң жогорку жеткен чеги (апофеозу) – жалпы дегустация болду, анда кубаныч, суктануулар жана таасирлер менен бөлүшүү өкүм сүрдү. Мындан кийин бир апанын: «Балам өзү даярдаган салатты биринчи жолу  өз эрки менен жеп койду!» деп мойнуна алганына таң калбай деле коюуга болот.

Пайдалуу момпосуйлардын сыры

Жашылча салаты кызыгуу жараткан болсо, мастер-класстын экинчи тамагы – нокоттон жасалган момпосуйлар – өзгөчө балдар үчүн чыныгы сенсация болду! «Нокот» жана «момпосуй» деген сөздөрдүн өзүн укканда эле таң калуу жаралды: «Нокот? Момпосуйлар?! Кантип?»

Даярдоого киришерден мурун командалар салаттагыдай эле көнүмүш адаттан тыш ингредиенттерди кылдат изилдешти: нокот, кара өрүк, апельсин, кунжут! Ошол эле пайдалуу гайддардын жардамы менен ар бир компоненттин касиеттери талкууланды: Нокот эмнеси менен пайдалуу? Кара өрүк эмне үчүн кантсыз эле таттуу? Кунжут кандай пайда берет? Бул көнүгүү пайдалуу десерт  чындап эле мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берди.

Андан кийин эң кызыктуу жана чыгармачыл этап башталды: момпосуй жасоо! Балдар жана ата-энелер ынтаа менен нокот массасынан таттуу шариктерди калыптап, аларды жыттуу кунжутка оонатып даярдашты. Бул сезимге бай, дээрлик сыйкырдуу процесс катышуучулардын баарына зор кубаныч тартуулады.

Натыйжа күтүлгөндөн да ашып түштү! Өз колдору менен даярдаган нокот момпосуйларынын даамы чыныгы кубаныч жаратты. Таластан келген Светлана Нагманова кийин мындай деп жазды: «Момпосуйларды бүт бойдон жебестен, үйгө алып кетебиз. Абдан даамдуу экен!» Бул мастер-класстын негизги идеясын толук далилдеди, демек пайдалуу десерт жөн гана жей турган нерсе эмес, чыныгы сүйүктүү даам болушу толук мүмкүн экен да!

Финалдык аккорд

Мастер-класстын финалы  ошол мазмундуу күндүн бардык этаптарын бириктирген чоң даам татуу аземи менен аяктады. Катышуучулар өз колдору менен даярдаган тамактарды – курут менен жаңы жайкы салаттарды  да, өзгөчө нокоттон жасалган момпосуйларды да зор ынтаа менен татып көрүштү. Залдан күлкү, таасирлер менен бөлүшүү угулуп, биргелешкен эмгек үчүн сыймыктануу сезилип турду. Командалардын өз ара аракетин байкап: – «Балдардын тамак жасаганды гана эмес, команда менен иштешүүнү үйрөнгөнү абдан маанилүү. Бул келечекте алардын өсүп-өнүгүүсүнө сөзсүз керек болот», – деп  белгилешти ата-энелер .

Кулинариядан да баалуу: Катышуучулар эмнени өздөрү менен алып кетишти?

Бул бир нече сааттык биргелешкен чыгармачылык үй-бүлөлөргө жөн гана эки жаңы рецепти гана тартуулап койгон жок. Катышуучулар пайдалуу жана жеткиликтүү тамактарды жергиликтүү азыктардан даярдоону үйрөнүп, практикалык көндүмдөргө – даамдуу салаттан тартып адаттан тыш, өзгөчө нокот момпосуйларына чейин ээ болушту. Бул «пайдалуу тамак даамдуу боло бербейт» деген мифти талкалады.

Биргелешкен эмгек, орток максат жана натыйжадан алган кубаныч үй-бүлөлүк биримдиктин баа жеткис көз ирмемдери болуп калды. Ош шаарынан келген катышуучу мындай деди: «Биз чогуу, биргеликте жасадык… Бул даамдуу гана эмес, пайдалуу да болду… Мындай иш-чара үй-бүлөнү бириктирет».

Оюн түрүндө өткөн сабакта балдар да, чоңдор да тең салмактуу тамактануу, «ден соолуктун табагы» принциптери жана жашылча-жемиштердин баалуулугу тууралуу маанилүү маалыматтарды өздөштүрүштү.

Албетте, ар бир үй-бүлө пайдалуу белектер –  балдардын кызыгуусун, кубанычын арттыруу үчүн алып баруучулар үйдөн өткөрүүнү  көшөлө сунуштаган туура тамактануу боюнча гайддар, «Бирге даярдайбыз» аттуу рецепттер китебинин электрондук версиясынын QR-коду жана «Эртең мененки туура тамактанууну издөө» аттуу үй-бүлөлүк квестти камтыган жабык конверт менен кайтышты.

«Бирге даярдайбыз» мастер-класстары бир маанилүү чындыкты далилдеди: Туура тамактануу – бул тажатма эмес! Бул даамдуу, көңүлдүү жана ошондой эле үй-бүлөнү бириктирет. Мектеп менен ата-эне бир багытта аракет кылганда гана балдарыбыз жаркын келечектин негизин ала алышат.

            Агартуу министрлигине, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ БДАТП), Тармактык тамактануу институтуна (SIFI) жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна бул сонун үй-бүлөлүк майрамды уюштурушканы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

QR-код аркылуу рецепттерди жүктөп алып, нокот момпосуйларын үйдө жасап көрүңүздөр жана жаңы даамдуу жолугушууларды күтүңүздөр!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа