Балаңыз пайдалуу тамакты көбүрөөк жегенин каалайсызбы. Ал болсо дайыма макаронго, газдалган суусундукка же чипсыга качырат. Балаңызды пайдалуу тамак-аш жегенге көндүрүүнүн бир нече ыкмалары бар.
Тез татымдарды алып салыңыз
Керели кечке тез татымдарды (зыяндуу азыктарды айтпаганда да) жей бериштен же ток болбойт, же ачка болбойт. Натыйжада пайдалуу тамак ашты жегиси келбейт. Күнүнө 4-5 жолу бирдей интервалда үзгүлтүксүз тамак ичүүсүн камсыз кылыңыз. Беш ирээт тамактантканда эртең мененки тамак күндүк жеген тамактын 20%тин, шашкедегиси – 10-15, түшкү тамак – 30, бешимдегиси – 10-15 , кечкиси – 20%ти түзсө, төрт ирээт тамактандырганда бешимдеги тамагы кемийт. Тез татымдардын ордуна мөмө жемиш же кургатылган жемиш, жер жемиштерди бериңиз.
Түшкү тамакты жер жемиштер менен баштаңыз.
Тез татымдарды арылтсаңыз, бала түшкү тамакка ачка келет. Тамакка олтурганда дасторкондо жегиликтүү жер жемиштер күтүп турган болот. Ачка кезде тамак да даамдуу сезилет. Негизги тамактын ордуна дайыма жер жемиштерди бергенге аракет кылыңыз. Бала негизги тамакты жегенден мурда, бир порция жашылчаны жеп салат.
Ойноп жатып жесин.
Бул дастаркон жээгинде ойносун дегенге жатпайт. Баланы көзүн жумдуруп, болгар калемпирин бир тиштетиңиз да, өңү кандай экен тапчы, кызылбы, сарыбы же жашылбы -деп алаксытыңыз. Оюнга алаксыган бала ар кандай түстөгү жашылчаны жеп салат.
Жашылчаларга кызыктуу аттарды койсоңуз болот.
Баланы оюнга алаксытып, брокколини татып көрүш үчүн аны кичинекей жашыл “жыгач”, түстүү капустаны – анын бир тууганы “ак жыгач”- деп атап коюңуз. Бул деле оюндун бир түрү. Ошентип, баланы таза, пайдалуу тамак жегенге кызыктарсаңыз болот.
Жөн эле татып көрсүн.
Балдардын көпчүлүгүнө жаңы азыктарды бир эмес, бир нече жолу жедиргенге көндүрүш керек. Эгерде бала шпинатты жаңыдан жегенден баш тартса, ага деле тынчыңыз кетпесин. Кийинки жолу, андан дагы кийинки жолу сунуш кыла бериңиз. Ошентип, 10-15 жолу арадан убакыт өткөрүп кайталай бериңиз. Фантазияңыздын жетишинче аны даярдоонун ар кандай жолдорун пайдаланып, бирде сууга, бирде бууга бышырып табигый чык менен бере бериңиз.
Өзүңүз үлгү болуңуз.
Демейде балдар ата-энесин, жакынкы туугандарын туурайт эмеспи. Эгер сиздин рационуңуз куурулган картошка, чипсы, кетчуп болсо, баладан эмнени күтө аласыз. Сиз дайыма жер жемиштерин жана башка пайдалуу азыктарды көп жеген болсоңуз, балдарыңыз да андай азыктарга мамилеси өзгөрүп, аларды тамактануунун чыныгы ажыраткыс жолу экен деп түшүнүшөт.
Эмнени кылбаш керек…
Эгерде жашылча жана башка пайдалуу азыктарды жегенден баланын көңүлүн калтыргыңыз келбесе:
Альтернативасын сунуш кылбаңыз
Эгерде бала сиз берген тамактан баш тартканда, сиз ал каалаган тамакты берсеңиз, анда жегим келбеген тамакты жебей койсом эле, мага мен каалаган тамакты бере-берет тура деген түшүнүк балада пайда болуп калат.
Жер жемиштери душман кылбаңыз
Айласы кеткен ата-эне кээде: “Төрт кесим сабиз жесең, андан кийин макарон жейсиң” – демейи бар. Антсеңиз сиз, сүйгөн тамагын жээр алдында жашылча менен жазалаган, же сынаган болосуз.
Тамакты сыйлык же жаза катары кылбаңыз
Бул дагы кээде айласы кеткен ата-эненин баланы жашылча менен жазалай турган көнүмүш адаты. Бирок, тамакты сыйлык катары пайдаланып, баланы “аны кылба, муну кыл” – дей бериш сүйлөшүүнүн куралы катары балага түшүнүк калтырат.
Эч убакта баланы күчкө салып тамактандырбаныз
Эгерде бала тамакты жегиси келбесе, анын себеби бар: баланын табы жок, азык жакпайт (мындайда эмне кылышты жогоруда айтпадыкпы), бала сунуш кылынган режимге көнгөн эмес, кечке ар кандай татымдарды тоё жеген. А дегенде эмнеге отказ кылды, анын себебин билиңиз. Күчкө салып жедире берсеңиз, баланын тап такыр көңүлү калып калышы мүмкүн.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio