Мектеп тамагын уюштуруу боюнча Улуттук программа

2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн башталгыч класстардын окуучуларын толук кандуу жана балансталган тамактануу менен камсыз кылууга багытталган мектеп тамагын уюштуруу боюнча Улуттук  программаны активдүү ишке ашырып келет. Бул проект окуучулардын ден соолугун жана жетишүүчүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле алардын өсүп өнүгүүсүнө ылайыктуу шарттардын түзүлүшүнө маанилүү кадам болуп саналат.

Башталгыч кадам: программанын биринчи этабы

Программаны ишке ашыруунун алгачкы жылдары каржылоо чектелүү эле, бул мектеп рационунун азыктык баалуулугуна таасирин тийгизген. Окуучуларга   болгону сүттөгөн чай менен булочка,  же башка кондитердик азык берилчү. Бирок мындай тамактануу окуучуларды керектүү азыктык заттар менен камсыз кыла албайт.

Мектеп тамактануусун реформалоо: маанилүү өзгөрүүлөр

Мектептердеги  тамактандыруунун  жана жакшыртылган  менюну ишке киргизүү  багытында Өкмөт Улуттук  саясат иштеп чыгууну көздөп,  буга чейинки калыптанган Программаны   оңдоону чечкен.   

Ошентип, 2013-жылдан  тартып, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамааттардын  колдоосу менен, мектептерде ысык тамак уюштурула  баштаган. Бул окуучулардын ден соолугун жана жетишүүчүлүгүн жакшыртуу боюнча маанилүү кадам болгон.

2019-жылдын декабрь айында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Мыйзам окуучуларды балансталган тамактануу менен камсыз кылуу үчүн, алардын жашына жараша физиологиялык керектөөлөрдү эске алып, укуктук шарттарды түзгөн.

Каржылоону көбөйтүү

2023-жылы Кыргызстандын өкмөтү башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн бюджетти күнүнө бир окуучуга  7 сомдон 14 сомго чейин жогорулаткан. Бул сумма Бишкек шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 22 сомду, ал эми Ош шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 15 сомду түзөт.

Жетишкендиктер жана перспективалар

Бүгүнкү күндө бардык окуу жайлардын 75% түзгөн 1735 мектеп булочка менен чайды 500 миңден ашык башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык тамакка алмаштырган. Бул өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин мектепте тамактануу маселесине канчалык олуттуу мамиле жасап жатканын көрсөтүп турат. 2027-жылга карата өлкөдөгү бардык мектептерди балансталган жана түрдүү ысык тамакка өткөрүү пландалууда. Кыргыз Республикасында мектеп тамагын уюштуруу боюнча программа – балдардын дени сак жана  ийгиликтүү келечегине карай маанилүү кадам болуп саналат. Толук кандуу рацион, балансталган түрдүү тамактануу жана мектептеги ысык түшкү тамак окуучулардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө бекем негиз түзөт. Бул программаны колдоо жана өнүктүрүү келечек муундарга баа жеткис пайда алып келүүчү биздин жалпы милдет

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа