5-ноябрда И.Раззаков атындагы КМТУнун Республикалык компетенциялар борборунда “Мыкты мектеп ашпозчусу–2025″ республикалык сынагынын (конкурсунун) финалы өтөт. Бул Кыргызстандын мектептериндеги балдардын тамактануусуна жооп бергендер күткөн жылдын окуяларынын бири. Сынак даам, пайдалуулук жана камкордук дегендер жөн гана сөз эмес, алардын демейки иши болуп саналган чыныгы кесипкөйлөрдү (профессионалдарды) бириктирет.
Жети аймак – жети кулинардык баян
Финалга өлкөнүн бардык облустарынан келген жети мектеп ашпозчусу катышат. Ар бир катышуучу катаал тандоодон өтүп, мектеп менюсу үчүн атайын түзүлгөн ысык тамактын автордук рецептин Бишкекке алып келип сунушташат. Негизги шарт – жеткиликтүүлүк жана пайдалуулук: бир порциянын наркы 30 сомдон ашпашы, ингредиенттер жергиликтүү болушу, ал эми курамында сөзсүз түрдө жашылчалар же жемиштер болушу керек.
Финалисттерди эмне күтөт
Финалдык программа мектеп ашпозчусунун кесибинин негизги аспектилерин чагылдырган үч этапты – чыгармачылыкты, санитардык ченемдерди билүүнү жана практикалык көндүмдөрдү камтыйт.
I этап. Автордук тамактарды презентациялоо.
Финалисттер өздөрүнүн тамактарын тартуулоодо рецепттин идеясы жана аны даярдоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришет. Калыстар тобу тамактын даамын, берилишин баалайт жана аны мектептин менюсуна киргизүү боюнча аргументтерди талдайт.
II этап. “Коопсуз тамак-аш блогу” квест-практикуму. Катышуучулар атайын даярдалган өндүрүштүк аймактагы бузулууларды аныктоо менен санитардык эрежелерди билүү деңгээлин көрсөтүшөт.
III этап. Кулинардык баттл. Ашпозчулар бирдей азыктардан салат жана суусундук даярдашат. Мында ошол салат менен суусундуктардын даамы жана көрүнүшү гана эмес, технологиялык талаптардын так аткарылышы да олуттуу мааниге ээ болот.

Байгелер жана сыйлыктар
Жеңүүчүлөрдү ашкана жабдууларын сатып алууга сертификаттар күтөт:
● I орун – 50 000 сом,
● II орун – 30 000 сом,
● III орун – 20 000 сом.
Калган финалисттерге эстелик үчүн белектер жана грамоталар тапшырылат. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлдөрү тапшырат.
Иш-чара Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасынын балдарга жаккан пайдалуу жана арзан тамактарды жасоо боюнча мастер-классы менен жыйынтыкталат.
Финалдын атмосферасы
Республикалык компетенциялар борборунун аймагы сынак жөнүндө видеолор, фотозона, финалисттердин рецепттери камтылган буклеттер жана байгелер белгиленген стенд көрсөтүлүүчү кулинардык аянтчага айланат. Финалдын алып баруучусу Айгүл Курманова болот, иш-чараны өлкөнүн алдыңкы ЖМКлары чагылдырат.
Уюштуруучулар
Сынак Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП)) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму болгон “Тармактык тамактануу институту” АКУнун колдоосу менен өткөрүлөт.
Демилге мектеп ашпозчуларынын кесиптик коомчулугун бекемдөөгө, мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатууга жана мыкты тажрыйбаларды өлкө боюнча жайылтууга багытталган.
«Мыкты мектеп ашпозчусу–2025» сынагынын финалы – бул кесипкөйлөр өз чеберчилигин көрсөтүп, тажрыйба алмаша турган жана ошондой эле балдарга кам көрүү бир табак түшкү ысык тамактан башталуучу жер мектеп ашканасы экендигин эске салуучу аянтча.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio