Чүй жана Баткен облустарынын мектептери Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүн белгилешүүдө

Бишкек — КР Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) орусиялык Тармактык тамактануу институту менен биргеликте (SIFI) кичи класстардын окуучуларына жана алардын ата-энелерине туура тамактануу жана сергек жашоо мүнөзүнүн негиздери боюнча маалыматтык-кызыктыруучу кампаниясын 11-сентябрдан 28-сентябрга карай Чүй жана Баткен облустарынын мектептеринде өткөрүүдө.

Маалыматтык-кызыктыруучу программа жыл сайын 16-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган. Майрамдын башкы максаты — коомчулуктун көңүлүн бардыгы үчүн азык-түлүк коопсуздугуна бурдуруу: активдүү, дени сак жашоо мүнөзүн жүргүзүү үчүн жетиштүү өлчөмдө жогорку стандарттарга жооп берүүчү азык-түлүккө адамдардын регулярдуу мүмкүнчүлүгү бар болгондой абалды камсыздоо.  

Программада: балдар үчүн интерактивдик класстык сааттар жана кулинардык мастер-класстар, ата-энелер үчүн үй-бүлөлүк рационалдык тамактануу тууралуу семинарлар, балдар менен биргеликте таанып-билүү убактысын өткөрүүгө квест оюну жана кульминациялык иш-чара — оюндар, конкурстар, фотозоналар жана белектер менен үй-бүлөлүк фестиваль.

Кампаниянын башкы идеясы — өсүп келе жаткан муунду жаш кезинен тартып өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөтүү, ата-энелерди өз балдары үчүн үлгү жана өз жашоону жакшы нукка салуу бооюнча башкы шыктандыруучу болушу үчүн балансталган тамактануу суроолору боюнча аларды агартуу.

Балдар үчүн класстык сааттарды мугалимдер өткөрөт. Сабактарда алар кайсы азыктарды рациондун негизи кылуу жана кайсыларынан баш тартуу керектигин талдашат. Ошондой эле жөнөкөй, даамдуу жана пайдалуу тамактарды жасоого үйрөнүшөт.

Ата-энелер баланын ден соолугун кантип сактоо керектигин жана ага туура тамак-аш көндүмдөрүн үйрөтүү тууралуу сүйлөшүшүп, балансталган рационду түзүүгө жана азыктардын тамак-аш баалуулуктарын сактап тамактарды жасоого үйрөнүшөт.

Үй-бүлөлүк фестивалда балдар жана алардын ата-энелери кампаниянын жүрүшүндө өткөрүлгөн иш-чаралардан алынган билимдерди көргөзүү жана жада калса оюндарда жана конкурстарда катышкандыгы үчүн атайын тыйынчаларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Оюнчулар өздөрүнүн тыйынчаларын тематикалык байгелерге — балдар жана ата-энелер үчүн пайдалуу тамактардын рецептилер китебине, гигиена жана туура тамактануу тууралуу кеңештер камтылган  китептерге жана календарларга, физикалык активдүүлүк үчүн оюндардын топтомдоруна алмаштыра алышат.

БУУ ДАТПтын колдоосу менен өлкөдөгү  Мектеп тамак-ашынын улуттук программасы түрдүү жана ысык тамак-ашты 2013-жылдан тартып 850 мектептерде  киргизип, дээрлик 232 000 башталгчыч класстардын окуучуларын камтыйт. Жыл сайын БУУ ДАП азык-түлүк жеткирип, мектеп ашканаларынын инфраструктураларын жакшыртып, ашкана жабдыктарын алып, мектеп тамактарын коопсуз даярдоо боюнча мектеп ашпозчуларынын окутуусун жүргүзөт. БУУ ДАТП уюмдар жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, аларды дени сак, туура тамактануу жана мектеп тамак-аш тармагындагы туруктуу чечимдерди пропагандалоочу иш-чараларга кызыктырат.

***

БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы – өмүрлөрдү өзгөчө кырдаалдарда сактап калуучу жана конфликттерден, апааттардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн кийин кайра калыбына келүүчү адамдар үчүн тынчтыкка, туруктуулукка жана өркүндөөгө жол салып берүү үчүн азык-түлүк жардамын колдонуучу дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм,

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа