Талапчыл калыстар, кыйкымчыл дегустаторлор (окуучулардын ата-энелери), толкунданып турган кесиптештер жана болгону мектептеги эң сонун түшкү тамакты даярдоого бөлүнгөн эки саат! Ушинтип быйыл жайында «Мыкты мектеп ашпозчусу-2025» сынагынын тандоо турлары өттү. Өлкө боюнча 270төн ашык ашпозчу мыкты наамына жана финалга чыгуу укугу үчүн ат салышты! Бул жөн гана сынак эмес – күн сайын мектептеги түшкү тамактын даамдуу, пайдалуу жана коопсуз болушу ошолордун чеберчилигине байланыштуу экенин тастыктаган олуттуу сынак. «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы алгач ирет 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ БДАТП) жана Россиянын Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) демилгеси аркасында өткөрүлгөн. Кыска убакытта жакшы салтка айланган бул иш-чара бүгүнкү күндө өлкө боюнча миңдеген окуучуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди камтып келет.
Сынактын максаты жөнөкөй, бирок маанилүү – мектеп ашпозчусу жөн гана ашканада иштеген адам эмес, балдардын ден соолугу менен маанайына түздөн-түз таасир эткен чыныгы устат экенин далилдөө. Ошону менен катар ашпозчулардын өздөрүн жаңы кесипкөй адистик бийиктиктерге шыктандыруу.
Быйыл атаандаштык абдан күчтүү болду, ал эми сынакка болгон кызыгуу эки эсеге өстү – тандоо турларына арыз бергендердин дээрлик 70%ы катышып, былтыркы 23% жөнөкөй көрсөткүчтөн алда канча жогорулады! Чынында мектеп ашканаларында эмне болуп жатты жана ким чеберчиликтин эң жогорку деңгээлин көрсөттү? Келгиле, сынак өтүп жаткан мезгилде конкурс аянтчасына айланган мектеп ашканаларынын көшөгөсүнүн артына көз жүгүртөлү.
Катаал сынак: Аймактык сынактар кандай өттү?
Сынактын тандоо турлары салттуу түрдө ар бир аймакта – Чүй, Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлдү.
Сынактын алдында ашпозчулар онлайн окутуудан өтүштү, санитария жана коопсуздук техникасы боюнча окуу видеолорун көрүп, андан соң тест тапшырышты. Мындай формат катышуучулардын билимдерин алдын ала жакшыртып, кийинки иштеринин сапатына оң таасирин тийгизди.
Катышуучуларга тапшырма: Туура 120 мүнөттө биринчи жана экинчи ысык тамактын экиден порциясын окуу китебиндегидей үлгүдө даярдоо. Өз билемдикке жол берилбейт! Тамактар мектеп тамактануусу жыйнагындагы гана бекитилген рецепттер боюнча жасалды (мисалы: төө бурчак кошулган борщ, буурчак шорпо, «Достук» боткосу, балык кошулган дымдама). Калыстар өтө сынчыл талап менен баалашты. Ар бир майда нерсе маанилүү болду: кийимдин жана жумуш ордунун тазалыгы, жашылчаларды туура туурап кесүү (узун ичке тилкелергеби же чарчы кертимдергеби – бул даамдын маселеси эмес, технологиянын талабы!), жылуулукта иштетүү убактысынын тактыгы, консистенциянын тууралыгы жана албетте, кемчиликсиз даам.
Кимдер баа беришти?
Максималдуу адилеттүүлүк үчүн бардык тамактарга номурлар коюлуп, аты-жөнү купуя сунушталды, калыстар аны ким даярдаганын билишкен жок.
«Ата-энелердин добушу»: Блиц жана дегустация
Эң толкунданткан учурлардын бири – «Ата-энелерден суроо» аттуу блиц-турнир болду. Жооп үчүн болгону 30 секунд берилди! Бул формат ашпозчулардын ата-энелер менен ачык диалогго даярдыгын көрсөттү. Андан кийин ата-энелер негизги дегустациялоочуларга айланышты! Алар сынакка катышкандардын тамактарын татып көрүп, даамын, сырткы көрүнүшүн жана сапатын баалашты. Бул жөн гана баа берүү эмес, мектеп менен үй-бүлө ортосундагы ишенимди арттырган маанилүү кадам болду.
Чыныгы чеберлерден мастер-класстар: Жөнөкөй, пайдалуу, даамдуу!
Сынак – бул жөн гана сыноо эмес, үйрөнүү дагы. Ашпозчулар үчүн тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды, рецепттерди жана кичинекей мектеп окуучусу кызыгуу жана ынтаа менен жей турган пайдалуу мектеп тамак-ашын даярдоонун ыкмаларын үйрөнүү абдан маанилүү. Турлардын ортосундагы танаписте белгилүү шеф-ашпозчулар Азат Борубаев жана Шухрат Шарипов оригиналдуу мектеп тамак-ашын даярдоо боюнча мастер-класстарды өткөрүштү. Алар жөнөкөй, сезондук жергиликтүү азыктардан (ашкабак, кабак, алма, кызылча, ашкөк чөптөрү) балдардын тамактануусу үчүн кулинардык шедеврлерди: жагымдуу салаттарды («Витаминдүү», алма кошулган жашылчалуу, кызылчадан), назик сырниктерди, өзгөчө запеканкаларды, ашкабак кошулган пайдалуу ботколорду жасоону көрсөтүштү. Алардын бул рецепттери баардык мектеп ашканалары үчүн даяр чечим болуп калды!
Ката кетирүү – бул да прогресс
Кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Ашпозчулар жашылчаларды туура кесүүдө жаңылышып, дан азыктарын жетиштүү бышырбай, технологиялык этаптардын кезектүүлүгүн чаташтырышты. «Эс тутум менен» иштеп, технологиялык карталарга көз жүгүртүүнү унутуп коюшкан учурлар да болду.
Бирок бул кемчиликтердин баары ачык талкууга себеп болду. Ар бир турдан кийин адистер анализ жүргүзүп, сунуштарды берип, түшүндүрмөлөрдү жазалоо үчүн эмес, өнүгүү үчүн айтып жатышты. Ашпозчулар болсо сын-пикирлерди ыраазычылык менен кабыл алышты. Ошондуктан сынакты мектеп ашканаларындагы чыныгы абалды көрсөткөн «кесилиш» катары кароого болот. Тандоо турлары өнүгүү багыттарын ачып берип, бул багыттардын үстүндө бардык тарап ашпозчулар да, тамактанууну уюштуруучулар да биргелешип иштеши керек экендигин тастыктады. Мунун баары кичинекей окуучулардын табактарындагы тамак дагы даамдуу, пайдалуу болушу үчүн жасалды.
Мектеп ашканаларынын жылдыздары: Финалисттер менен таанышыңыздар!
Көптөн күткөн учур да келип жетти! Ар бир облустан эң мыкты кесипкөйлүүлүктү, кылдаттыкты, даамды жана берилгендикти көрсөткөн бирден ашпозчу-финалист тандалып алынды.
Өз региондорунун намысын финалда коргой турган баатырлардын ысымдары төмөнкүлөр:
Бул айымдар эң катаал талаптарга карабай өз чеберчиликтерин далилдешти. Эми аларды жаңы сыноо күтүп турат!
Жакында финал
2025-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы Республикалык компетенциялар борборунда жылдын эң негизги кулинардык таймашы өтөт. Финалисттер олуттуу сыноолорго туш болушат:
Башкы сыйлык – мектеп ашканасына техника сатып алууга 50 000 сомдук сертификат. Экинчи жана үчүнчү орундар үчүн да баалуу (30 000 жана 20 000 сом) сертификаттар каралган. Ал эми бардык финалисттерге заманбап блендерлер берилет.
Акырында
«Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы – жөн гана мелдеш эмес. Бул – мектеп ашканасындагы от казандардын жанында эмгектенгендердин баа жеткис эмгегин таануу! Бул чеберчиликти арттырууга жана тажрыйба алмашууга чоң демөөр болуп бере алат. Бул – мектеп менен ата-энелердин ортосунда ачыктык жана балдардын табагындагы даамдуу тамак аркылуу түзүлгөн зор ишеним. А акырында, бул – Кыргызстанда да мектеп тамак-ашы сапаттуу, ар түрдүү жана коопсуз болушуна берилген кепилдик.
Ноябрдагы финалды биздин порталдан жана Мектептеги тамактануу программасынын социалдык тармактарынан күтүңүздөр! Биз сөзсүз башкы сыйлыкты жана 2025-жылдын “Мыкты мектеп ашпозчусу” наамын ким жеңип алганын жарыя кылабыз!
📱 Жаңылыктарды Instagram барагынан көрүңүздөр: @school_meals_programme
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio