Табактагы ден соолук: Эл аралык мектептеги тамактануу күнүнө жана Эл аралык үй-бүлөлөр күнүнө карата мектептерде билим берүү кампаниясы өткөрүлдү

Эгерде биз ар бир адамга өтө аз же өтө көп эмес, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш жана тиешелүү көнүгүүлөрдү бере алсак, анда биз ден соолукка карай коопсуз жолго түшкөн болобуз.

Гиппократ

Дени сак адаттарга калыптандырууга болобу? Муну Кыргызстанда жасоого болот! Бул жерде саламаттыкты сактоо маселелери мамлекеттик деңгээлде каралат. Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун ДАТП жана SIFI менен биргеликте жыл сайын Эл аралык мектептеги тамактануу күнү жана Эл аралык үй-бүлөлөр күнүндө балдар жана чоңдор үчүн иш-чараларды өткөрөт. Ушул жылдын жазында «Жаш детективдер мектеби» билим берүү кампаниясына беш обулус (Нарын, Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад) катышты.

Үстүбүздөгү жылы белгиленген иш-чаралар кандай өткөнүн ушул макалада айтып беребиз!

Көӊүлдүү үйрөнүү: туура тамактануу сабактары

Ойноо – бул ар бир баланын сүйүктүү көңүл ачуусу. Ошондуктан туура тамактануу боюнча 3-4-класстардагы балдар үчүн интерактивдүү сабактар иштелип чыгып, ал “Мен жана дүйнө” сабактарында жана класстык сааттарда өткөрүлдү. БУУнун ДАТП жана SIFIнин “Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында чыгарылган “Алмабектин саякаты” китебинин жомоктук кейипкерлери менен бирге балдар жашылча-жемиштердин пайдасы, зыяндуу жана пайдалуу азыктар жөнүндө билишти, ошондой эле тең салмактуу тамактануу рационун түзүү эрежелери менен таанышышты. Топто иштөө, кызыктуу физикалык машыгуулар мүнөттөрү, ар кандай оюндар жана ачык иллюстрациялар балдарга татаал маселелерди түшүнүүгө көмөктөштү.

“Балдар пластилинден алма жасап, анын бардык өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга ынтаа менен аракет кылышты. Алар үчүн сабак кызыктуу гана болбостон, ошондой эле алардын майда моторикаларын жана чыгармачыл көндүмдөрүн өнүктүрүүгө да өбөлгө түздү”, – деп Чүй облусундагы Иванов орто мектебинин мугалими Наталья Осколкова сабак туурасындагы өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.

Табактын сырлары: жаш детективдердин окуялары

“Жаш детективдер мектеби” фестивалына 3-4-класстардагы эң активдүү балдар катышты. Ал жогорку класстын окуучулары аниматорлор болуп уюштурууга көмөктөшкөн командалык оюндун форматында өткөрүлдү. Чыныгы тыӊчы-детектив болуу жана сырдуу кылмышты иликтеп, бетин ачуу – кандай гана мектеп окуучусу болбосун анын кыялы. Жемиш-жашылча иштери боюнча детективдин уникалдуу күбөлүгүн алуу үчүн балдар логикалуулукту, эптүүлүктү, тапкычтыкты, жөндөмдүүлүктү жана ынтаалыкты көрсөтүүгө туура келген бир нече станциядан өтүштү. Тамак сиңирүү тартибин бузуучу каардуу Гамбургерди кармаш үчүн жашыруун кабарды чечмелөө, коопсуздук сигнализациясына тийбестен бандиттердин уюгуна кирүү, ошондой эле химиялык лабораторияга жетүү – мунун баары жаш детективдердин өтүүсү тийиш болгон милдетттер эле. Балдар бардык станциялардан ийгиликтүү өтүп, катышуучунун күбөлүгүнө жана белектерге ээ болушту.

Кыргыз-Октябрь орто мектебинин директору Ольга Иващенконун айтуусу боюнча, балдарга сыноолор, айрыкча, баш катырмалар жана кайсы азыкта крахмал камтылганын текшерүүчү химиялык эксперименттерди аткарган тапшырмалар абдан жакты.

Ата-энелердин сабатын ачуу: туура тамактануунун негиздери

Туура тамактануу үйдөн башталат. Баланын бүт өмүрлүк жашоо образы тууралуу көз карашы үй-бүлөдө калыптандырылат. Майрамды уюштуруучулар туура тамактануу туурасында балдар менен эле эмес, алардын ата-энелери менен да маектешүү маанилүү экенин белгилешип, алар үчүн “Ийгиликтүү детективдердин жоопкерчиликтүү ата-энелери” семинары өткөрүлдү.

Тамактануудагы тең салмактуу рацион деген эмне? Этикеткаларды кантип туура окууга болот? Сапаттуу азыктарды кантип тандоо керек? Кантты кабыл алууну кантип азайтууга жана тамак жасоодо майды кантип аз колдонууга болот? Бул суроолорго тамактануу боюнча адистер жана мугалимдер жооп беришти. Лекциялар практикалык негиздер – ата-энелерге ден соолукка пайдалуу жана жөнөкөй салаттарды даярдоону үйрөтө турган кулинардык мастер-класстар менен аякталды.

“Ден соолукка пайдалуу салат жасоо боюнча мастер-класс мага абдан таасир этти. Мен тузу жок салат даярдоого болот деп ойлобоптурмун, курут кошулган салаттын канчалык даамдуу болорун билип, таң калдым. Үйрөнгөнүмдү үйдө колдоно баштадым, бүтүндөй үй-бүлөм бул жаңы тамакты жогору баалашты”, – деди Чүй облусундагы мектеп окуучусунун ата-энелеринин бири.

Билим берүү кампаниясы – ден соолугу сак, активдүү келечек үй-бүлөсү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ден соолукка кам көрүү аң-сезимдүү азык тандоодон башталып, ал чоңдор жана балдар үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн. Интерактивдүү сабактар, кызыктуу квесттер жана семинарлар катышуучуларга баалуу билимдерди берип, аны күнүмдүк жашоодо колдонууга шыктандырды.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа