“Мыкты мектеп ашпозчусу 2024” сынагынын финалы Кыргызстандын булуң-бурчундагы мектеп ашканаларынын чеберлерин чогултат

Кыргыз Республикасындагы эң мыкты мектеп ашпосчусу бир нече айга созулган кызуу атаандаштыктан соң 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган финалдык кулинардык конкурстагы финалисттердин жолугушуусунда  аныкталат.

“Мыкты мектеп ашпозчусу 2024” сынагынын финалы Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасындагы Республикалык компетенциялар борборунда өткөрүлөт, ага бүткүл өлкөдөн келген мектеп ашканасынын ашпозчулары чогулат. Өз аймактарында тандоо турунан өткөн жети финалист эң мыкты ашпозчу аталуу укугу үчүн ат салышат. Бул жылы катышуучуларды жаңы тапшырмалар, жаңы идеялар жана эң башкысы, мектеп окуучуларын пайдалуу тамак-ашты сүйүүгө шыктандыруу мүмкүнчүлүгү күтүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Россиянын тармактык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган бул сынак мектептеги түшкү тамакты пайдалуу, сиңимдүү жана даамдуу кылуу максатында ашпозчулар, ошондой эле тамактануу тармагындагы адистердин башын бириктирүү менен салтка айланып калды. Сынак 250 000ден ашык окуучуларды камтыган “Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Тандоо туру: Финалга жол

Тандоо туру Кыргызстандын жети облусунун ар биринин мектеп ашканаларында өткөрүлдү. Катышуучулар “Мектеп тамактануусу үчүн Рецепттер китебинин” негизинде ысык тамактарды жана шорполорду даярдап өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул ашпозчулардын технологиялык карталар менен иштөө жөндөмдүүлүгүн жана санитардык нормаларды аткарышын текшерүү менен гана чектелбестен, ашпозчулардын тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө кантип аткарып жатышканын көрүп турууга да мүмкүндүк берди.

Финалга чыгышкандар:

Людмила Стоногина, Чүй облусунун Новониколаевка айылынын Новониколаевка инновациялык орто мектеп-гимназиясы;

Нурзат Өмүралиева, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Саякбай Каралаев атындагы №6 орто мектеби;

Назгүл Жунушова, Нарын облусунун Ак Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектеби;

Минюра Исмаилов, Талас облусунун Покровка айылындагы Покровка орто мектеби;

Наргиза Кичибаева, Баткен облусунун №3 “Охна” мектеп-гимназиясы;

Наргиза Койчиева, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы №4 гимназия мектеби;

Бактыгүл Апсеитова, Ош облусу, Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби.

Бул финалисттер өз өнөрлөрүн сынактын жыйынтыктоочу этабында көрсөтүшөт.

Финал: ашканадагы чыгармачылык жана ылдамдык

Жыйынтыктоочу мелдеш эки этапта өткөрүлөт. Алгач ашпозчулар мектептин менюсу үчүн атайын даярдалган автордук ысык тамактарды тартуулашат. Ар бир катышуучу жергиликтүү азыктарды жана чектелген бюджетти эске алуу менен даярдалуучу тамак даамдуу гана болбостон, окуучулардын күнүмдүк тамак-аш рационуна да ылайыктуу болуучу рецепттерди иштеп чыгышкан.

Экинчи этаптагы кулинардык таймашта финалга катышкандар сунуш кылынган азыктарды колдонуу менен мектеп китебиндеги рецепттер боюнча 20 мүнөттүн ичинде салат жана суусундук даярдашы керек. Бул талап алардын убакыт чектелген шартта тамак жасай билүү жөндөмдүүлүгүн, ошондой эле креативдүүлүгүн жана майда-чүйдө деталдарына чейин көңүл буруусун сынайт.

Билим берүү министрлигинин, БУУ ДАТП жана Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу ар бир тамакты даамы, презентациясы жана мектеп тамагын даярдоо талаптарына ылайык келиши аркылуу баалайт.

Сынактын жыйынтыгына ылайык, ашпозчуларга 50 000, 30 000 жана 20 000 сом өлчөмүндөгү жабдууларды сатып алууга сертификаттар, ошондой эле эсте каларлык жекече байгелер тапшырылмакчы. Кыргыз Республикасынын Ашпозчулар ассоциациясынын төрагасынын мектеп ашканасында арзан жана пайдалуу тамакты кантип даярдоо керектигин көрсөткөн мастер-классы менен иш чара жыйынтыкталат.

“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы окуучулар үчүн сапаттуу жана пайдалуу тамак-аштын маанилүүлүгүн баса белгилеп, мектептеги тамактанууну колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Мындан мектеп ашканаларында иштеген ашпозчулар кулинариянын жаңы ыкмаларын үйрөнүүгө, тамактарды жасоодо заманбап ыкмаларды колдонууга жана азыктык сапаттарын жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Мунун аркасында  ден соолукка пайдалуу жана керектүү витаминдер менен минералдарга басым жасалып, мектеп тамагы балдардын керектөөлөрүнө ылайыкташты.

Сынактын финалына көз салып, “Мыкты мектеп ашпозчусу 2024” сынагынын жеңүүчүсү ким болорун билип алыңыз!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа