«Мыкты мектеп ашпозчусу – 2024» башталуу жолу

“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагынын тандоо туру аяктады. Конкурстук сынак кандай өткөнүн жана финалга кимдер чыкканын ушул макалада айтып беребиз.

“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат жана жыл өткөн сайын чоӊ популярдуулукка ээ болуп, чыныгы таланттар фестивалына айланууда. Быйыл 200гө жакын мектеп ашпозчулары сынакка катышуу үчүн арыз беришкен. Тандоо туруна 96 катышуучу өттү.

Тандоо турлары Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектептердин базасында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын кеӊешчи-төрагасы жана калыстар тобунун мүчөсү Шухрат Шарипов ар бир облус үчүн биринчи жана экинчи тамакты “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп тамак-ашын уюштуруу үчүн менюларды түзүү үчүн тамак-аштарды даярдоонун меню варианттары жана технологиялык карталары” китебинен тандап алды. Сынактык тамактар аймактын салттуу рецепттеринен айырмалануу менен ашпозчулар жаңы тамактарды жасоодо өз күчтөрүн сынап көрүштү. Ар бир катышуучу атайын рецепти алышты. Дегеле ар кандай обулустарда ашпозчулар эмне даярдай алышты?

  • Эт кошулган мастава жана шавля (Чүй облусу);
  • Капуста жана картошкадан борщ жана эт кошулган дымдама (Ысык-Көл облусу);
  • Төө буурчак жана картошкадан борщ жана эт кошулган күрүч плову (Нарын облусу);
  • Арпа акшагынан рассольник жана картошка котлеттери (Талас облусу);;
  • Жасмык кошулган картошка шорпосу жана куурулган тоок менен макарондор (Баткен облусу);
  • Акшак кошулган жашылча шорпосу жана эт менен дымдалган жашылчалар (Ош облусу);
  • Угро шорпосу жана сырниктер (Жалал-Абад облусу).

Ашпозчуларга тамак даярдоого 1,5 саат убакыт берилди. Бул мезгилде мектеп ашканалары чыныгы кулинардык лабораторияга айланып, тажрыйбалуу колдор чыныгы кереметтерди жаратышты, ал эми кулинардык чеберчилик жөнөкөй эле азыктарды даамдуу жана пайдалуу тамактарга айландырды.

Даярдалган тамак-ашты катуу талапчыл жана кесипкөй калыстар тобу баалады. Ар бир облустагы калыстар тобунун курамына SIFIнин өкүлү менен Шухрат Шарипов кирди. Ага Талас жана Баткен облустарында өткөн жылдардардагы конкурстук сынактардын жеңүүчүлөрү – Анара Базаркулова менен Мария Курбанова дагы кошулушту. Эксперттер сынактын катышуучулары тамак-аш даярдоодо кетирген каталарды аныкташып, алардын органолептикалык сапаттарын талдап чыгышты. Катышуучулар суроолорду беришти, ошондой эле пикир жана тажрыйба алмашышты.

“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагынын финалисттери төмөнкүлөр болду:

– Стоногина Людмила Александровна (Чүй облусунун Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы мектеп);

– Өмүралиева Нурзат Байжигитовна (Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Саякбай Каралаев атындагы №6 мектеп);

– Жунушова Назгүл Каниметовна (Нарын облусунун Сары-Булак айыл аймагындагы Ак-Кыя айылынын Үсөн Бейшеев атындагы орто мектеби);

– Исмаилова Минюра Нурмухаметовна (Талас облусунун Манас районунун Покровка айылындагы орто мектеби);

– Кичибаева Наргиза Шамурзаевна (Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Охна” гимназия мектеби);

– Ходжаматова Фарида (Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаарындагы Кожобек Кузембаев атындагы №7 орто мектеби).

Ар бир облустагы даярдалган тамактарды баалагандан кийин Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов жергиликтүү жана сезондук азыктардан оригиналдуу, жөнөкөй жана жеткиликтүү тамак-аш даярдоо боюнча мастер-класстарды өткөрдү. Катышуучулар жашылча буурчак, жүгөрү жана чөптөр менен нокот салатын, жашылча менен ризоттону, жашыл буурчак жана жүгөрү менен самбусаны, кургатылган жемиштер менен дунган томо-мосун, буурчак менен шорпону, буурчак салатын, жашыл буурчак менен тоок филеси ризоттосун, кабачок менен ашкабак шорпосун жана башкаларды даярдоону үйрөнүштү. Эми конкурстун катышуучуларынын идеяларынын тизмесинде жаңы даамдуу, эң негизгиси ден соолукка пайдалуу тамак-ашты даярдоонун рецептери да бар.

Сынактын финалисттерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда финалдык эрөөл күтүп турат, анда баардыгы мыкты наамы үчүн ат салышат. Сынактын финалы 2024-жылдын ноябрында өтөт.

Катышуучулар эки этаптан өтүшү керек: үй тапшырмасы – мектептеги ысык тамактын уникалдуу рецептин ойлоп табуужана финалисттер сунушталган ингредиенттерден 20 мүнөт ичинде салат жана суусундук даярдаша турган кулинардык эрөөл.

Ким “Мыкты мектеп ашпозчусу – 2024” сынагынын жеӊүүчүсү аталары тууралуу билиш үчүн жаӊылыктар менен кабардар болуп туруӊуз!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа