БУУ ДАТПтын мектеп тамак-ашын оптимизациялоо программасынын негизги милдеттеринин бири – мугалимдерди, ата-энелерди жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн мектеп тамак-ашын уюштурууга активдүү катышууга тартуу. Биримдикте гана – балдарды мектептерде ысык түшкү тамак менен камсыз кылуу менен байланышкан бардык күч-аракеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү менен гана программаны ийгиликтүү ишке ашырууга жетишүүгө болот. Демек, балдар дайыма өсүп келе жаткан организмине пайда болуучу сапаттуу тамак-аш ичишет.
Бул максатта өткөн жылдын аягында БУУ ДАПтын Кыргызстандагы локалдуу өнөктөшү — Инсан Лейлек фонду ата-энелер үчүн мектеп тамак-ашынын маанилүүлүгү жөнүндө семинарларды өткөргөн. Лекциялык материалды россиялык Тармактык тамак-аш институтунун (SIFI) адистери иштеп чыгышкан.
Жалпысынан 2022-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин Кыргызстандын көпчүлүк облустарында: Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бардыгы болуп 56 семинар өткөрүлдү. Тилекке каршы, согуш аракеттеринен улам Баткен облусунда пландаштырылган иш-чаралар болбой, кийинки убакытка жылдырылды. Семинарларга 1-4-класстын окуучуларынын дээрлик 1200 ата-энелери катышты.
Ал эми ата-энелер мектеп тамак-ашы тууралуу бардыгын билишеби?
Ар бир семинардын башталышынын алдында ата-энелерден мектеп тамак-ашы темасы боюнча 11 суроого жооп берүү сунушталган. Мындай алдын ала тестирлөө ата-энелердин көпчүлүгү тема тууралуу өтө аз түшүнүккө ээ экенин көрсөттү.
Семинарларда БУУ ДАПтын жана Инсан Лейлек фондунун өкүлдөрү мектеп тамак-ашын уюштуруу жөнүндө айтып беришти. Балдардын тамактануусу ар түрдүү жана тең салмактуу болушу канчалык маанилүү экенин баса белгилеп, дени сак тамактануунун баланын физикалык жана акыл-эсинин өнүгүүсүнө, мектептеги сабактардагы жетишкендигине жана туруктуулугуна тийгизген таасирин түшүндүрүштү. Жакшы, толук тамактануу менен мектептеги материалды өздөштүрүү жөндөмүнүн ортосунда тыгыз байланышты далилдеген изилдөөлөр бар.
Ата-энелерди ошондой эле кыргыз адиситеринин кеӊешмелерине таянып иштелип чыккан дени сак тарелка принциби боюнча рационалдуу тамактануунун негиздерине үйрөтүштү. Принцип бала күн бою ар кандай пайдалуу тамактардан максималдуу өлчөмдө пайдалуу заттарды ала алгандай кылып тамак-аш диетасын түзүүгө жардам берет.
Мектеп тамак-ашын каржылоо маселелери – түшүнүү жана иштөө.
Өздөштүрүлгөн теорияны ата-энелер практика жүзүндө колдонсо болот. Ошентип, семинардын практикалык бөлүгүнүн тапшырмаларынын бири мектеп менюсун баланын туура тамактануусунун принциптерине жана тамак даярдоо үчүн азыктарды сатып алууга чектелген бюджетке ылайыктуулугун талдоо болду.
Тапшырма мектеп тамак-аш азыктарын сатып алууну каржылоо маселесин козгогон. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен мектептер күнүнө бир балага 7-10 сомдон алышат. Мындай каражаттар мектеп окуучуларын толук ысык тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү эмес. Бирок Кыргызстандын мыйзамдары бул фактыны эске алат жана ата-энелердин ыктыярдуу салымдарынын эсебинен каржылоо фондун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул процессте катышуу мүмкүнчүлүгүн ата-энелер өздөрү чечишет. Кандай болгон учурда да алардын балдарына мамлекет бөлгөн каражатка ылайык тамак берилет. Бирок ата-энелердин мектептеги тамак-ашты жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар.
Семинарларды өткөрүү үчүн мектептерди тандоо учурунда Инсан Лейлек Фондунун алдында мектеп тамак-ашын каржылоого катышпаган ата-энелерди программага ишенүүгө жана балдарынын мектеп тамак-ашына колдон келишинче салым кошо баштоого түрткү берүү милдети турган. Ошондуктан фонд кызыктар ата-энелердин саны аз мектептерди тандап алды.
Жыйынтыктар кандай?
ϴткөрүлгөн семинарлар өз жыйынтыктарын берди. 34 мектепте 56 ата-энелер салым кошо башташты. Алардын көбү өз баласынын тамак-ашы үчүн айына 100 сомдон 200 сомго чейин салым кошууга даяр болсо, ал эми үчүнчү бөлүгү бул сумманы 300 сомго чейин да көбөйтүүгө даяр.
Бир күндүк семинарлардын аяктоосу менен ата-энелердин арасында жүргүзүлгөн тестирлөө алардын туура тамактануу тармагында билиминин жогорулагандыгын көрсөттү. Семинарлардын катышуучулары тестирлөөнүн дээрликбардык суроолоруна туура жооп беришти: орточо 11дин ичинен 10го.
Мектепте баланын тамактануусун каржылоодон тышкары, ата-энелер ошондой эле уюштуруу учурларда катышууну каалоосун билдиргени маанилүү. Алсак, үчтөн биринен азы жыйындарды өз алдынча уюштурууга даяр, 14 пайызга жакыны туруктуу негизде балдардын тамактануусун уюштурууну көзөмөлдөгөн мектептик бракераж комиссияларынын ишине катышууга даяр. Суралгандардын төрттөн бири башка ата-энелерди мектеп тамак-ашын уюштурууга өз салымын кошууга ынандыруу үчүн өз алдынча семинарларды уюштуруп, өткөргөнгө даяр.
Тилекке каршы, толук карама- каршы болгон мисалдар дагы бар. Алсак, Нарын облусунда ата-энелер семинар учурунда каржы топтоого макул болушкан, бирок кийин баштапкы чечиминен баш тартышты. Ата-энелерге өлкөдөгү популярдуу блогер Улукбек Карыбек уулунун активдүү айтылып жаткан позициясы таасирин тийгизди. Блогер өзүнүн чыгарылыштарында бир нече жолу Кыргызстандын мектептеринде ата-энелерден негизсиз акча чогултууга каршы чыккан жана анын активдүүлүгүнө ММК мектеп директорлорунун биринин иштен алынышы менен да байланыштырышкан.
Чуй облусунда ата-энелердин социалдык статусу таасирин тийгизет. Бул жерде көп сандагы мигранттар жана жумушсуздар жашайт. Мектеп директорлору ата-энелерди мектеп тамак-аш программасын колдоонун маанилүүлүгүнө ынандырууга аракет жасашпайт жана Билим берүү министрлигинин буйругун эскерүү менен каржы чогултууга бөгөт коюшат. Кеп 2019-жылдын ата-энелерден мектеп жетекчилигинин тарабынан мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуучу буйрук тууралуу болуп жатат. Бирок, көпчүлүк мектептерди оңдоого жана мектеп кеңселери үчүн ар кандай буюмдарды сатып алууга акча жөнүндө сөз болуп жаткандыгын унутушат. Быйыл февралда өлкө президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанаев билдиргендей, дал ушул максатта будутготов республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Бирок, бул биринчи кезекте мектепти оңдоого жана мектеп класстары үчүн ар кандай буюмдарды сатып алууга чогултулган акчага байланыштуу экенин көпчүлүгү унутуп коюшат. Бул максаттарга ушул жылдын февраль айында республикалык бюджеттен каражат бөлүнөрүн өлкө президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанаев билдирген. Быйылкы жылы мектеп тамак-ашына бюджеттик каржылоону көбөйтүү жөнүндө сөз болгон жок. Ошондуктан кошумча булактар жок болсо жана азык-түлүккө болгон баанын азыркы деңгээлинде мектептер кайрадан ысык түшкү тамактын ордуна булочка жана суусундук берүүгө өтүүгө мажбур болушат.
Келечекте ата-энелер арасында дагы көптөгөн агартуучулук иштер жасалышы керек. Ошол эле учурда эксперттердин сүйлөгөн сөздөрүнөн диалогго жана жамааттардын өзүндөгү сүйлөшүүлөргө өтүү керектигин түшүнүү зарыл. Анткени, дал ушул ата-энелер, үй-бүлөлөр жана ар кандай жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү өзгөрүү идеяларынын негизги алып жүрүүчүлөрү болууга тийиш.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio