Кыргызстандагы мектептердин 75%га жакыны кенже мектеп жашындагы окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылат жана буга мектептеги чарбалар маанилүү роль ойнойт. 1,5 миң мектеп экологиялык жактан таза азыктарды өздөрү өстүрүшөт, бул менюну ар түрдүү кылып, ага витаминдер менен минералдарды кошууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, мектептер өздөрү өндүргөн азык-түлүктүн ашыкчасын сата алышат жана өзүлөрүн да кошумча киреше булагы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү болот. Андан түшкөн каражат жетишпеген буюмдарды, жабдууларды сатып алууга же оңдоо-түзөтүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.
Мектеп менюларынын ар түрдүүлүгү – бул реалдуулук
Мындай ыкманын көрүнүктүү мисалы катары Ысык-Көл облусунун Ак-Чий айылында жайгашкан Абдыш Ракымов атындагы мектепти атоого болот. Мектептин сыйымдуулугу 704 окуучуга ээ болгону менен, анда ысык тамак менен камсыз кылынган 120га жакын окуучу окуйт. Мектеп окуучуларына жумасына эки күн сүт боткосу, калган күндөрү башка ысык тамактар берилет.
Меню ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт: окуучуларга суп (суюк тамактар) (буурчак, жасмык, макарон, шорпо жана борщ), сүт боткосу (күрүч, гречка, манка), ошондой эле бешбармак, лагман, плов жана дымдама сыяктуу салттуу кыргыз тамактары сунуш кылынат. Бирок бир нече жыл мурун мектепте ашкана жок болчу. Тамактандырууну уюштуруу үчүн окуу класстарынын бирин буфет катары жабдуу талап кылынып, Айыл өкмөтү суу жеткирүүгө, раковиналарды орнотууга жана идиш-аяк сатып алууга көмөк көрсөткөн.
2014-жылы мектеп БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп тамактануусун оптималдаштыруу долбооруна кошулган. Уюм ашкана жабдуулары, муздаткычтар жана байытылган ун менен камсыз кылган. Кийин мектеп өз алдынча ун өндүрүп ала баштаган.
Мектептин директору Жомарт Ракымовдун айтымында, мектепте мурда картошка жана буудай өстүрүлгөн 3 гектар сугат жерлери бар. 2019-жылы билим берүү мекемесине кошумча дагы бир гектар жер берилген. Жердин бир бөлүгүнө көп жылдык чөп, ал эми калган бөлүгүнө буудай эгилген.
Кызылча, капуста жана сабиз сыяктуу жашылчалар бир нече жыл мурун отургузулган алма дарактарынын катар жөөктөрүнүн ортосунда өстүрүлөт. Бул жемиш бактары быйыл биринчи жолу түшүмүн мектеп окуучуларына берет. Эспарцет, буудай жана жашылча өстүрүүдөн түшкөн кирешелер ашкананын муктаждыктарына жумшалат, ал эми буудай унга алмаштырылат.
Мыйзамга ылайык, мектеп чарбаларынан түшкөн кирешелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт: 50% дан кем эмеси мектеп тамагына, 20%ы чарбанын ишине жана 20%га чейинкиси ашкана жабдууларын сатып алууга жана санитардык шарттарды жакшыртууга жумшалат. Калган каражат мектеп кызматкерлерин сыйлоого чыгымдалат.
Эл аралык уюмдардын жана ата-энелердин колдоосу
Кыргызстанда мектептеги тамактандыруу программасы 2006-жылы ишке киргизилген. Башында бюджеттин чектелүү болгондугунан улам башталгыч класстын окуучуларына булочка менен чай же сүт гана берилген. Эл аралык уюмдардын колдоосу аркасында 2013-жылдан баштап гана мектептерде ысык тамак бериле турган болду. 2024-жылы окуучулардын тамак-аш нормасы бир адамга сарпталуучу 7 сомдон 14 сомго чейин жогорулады. Бишкекте бул сумма жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22 сомду, ал эми Ошто 15 сомду түзөт.
Мектеп тамагын камсыз кылууда ата-энелер да маанилүү роль ойнойт. Ракымов атындагы мектепте ата-энелер ай сайын 140 сомдон чогултушуп, ашпозчулардын айлыгына жана эт сатып алууга кеткен чыгымдарды жабууга көмөктөшүшөт. Ансыз мектеп окуучуларынын тамактануусу алда канча начар болмок.
Күнөсканалар жана практикалык сабактар
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбооруна катышкан Ош облусундагы Сайдакматов атындагы мектепте 2017-жылдан бери лимон өстүрүлгөн күнөскана бар. Цитрус жемиштерин сатуудан түшкөн каражат мектеп өз алдынча өндүрө албаган банан жана сүт сыяктуу азыктарды сатып алууга жумшалат.
Ата-энелер ашкана жумушчуларынын эмгеги үчүн айына 100 сомдон беришет. Мектептеги жер участоктору биология сабагы боюнча практикалык сабактар үчүн аянтча катары да колдонулат, бул окуучуларга материалды тереңден өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
Өнүгүү перспективалары
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1,7 миңден ашык мектептер ысык тамак менен камсыз кылынууда. 2027-жылга чейин өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерин ысык тамак менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Адистер жакшы тамактануу окуучулардын ден соолугун жана билим алуудагы жетишкендиктерин жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилешет, ошондуктан мектеп фермаларын өнүктүрүү билим берүү системасынын маанилүү аспектиси болуп саналат.24kg материалы боюнча – https://24.kg/obschestvo/304483_morkov_yabloki_limonyi_kak_prishkolnyie_uchastki_rasshiryayut_ratsion_uchaschihsya_/
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio