Республикалык “Мыкты мектеп ашпозчусу–2025” сынагынын финалында Баткен облусунан келген Алтынай Жарматова жеңишке жетишти. Экинчи орунга Чүй облусунан Сайракан Мамбеталиева, ал эми үчүнчү орунга Талас облусунан Лунара Саадабекова ээ болду.
5-ноябрда И.Раззаков атындагы КМТУнун Республикалык компетенциялар борборунда көптөн күткөн “Мыкты мектеп ашпозчусу–2025” сынагынын финалы болуп өттү. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген жети финалист Бишкекке чогулуп, өз таланттарын жана балдарга кам көрүү табактагы ысык тамактан башталган кесипке болгон сүйүүсүн көрсөтүштү.
Эртең менен эле борбор жашылчалардын, чөптөрдүн жана бышырылган нан азыктарынын жытына толуп кетти – катышуучулар автордук тамактарды жасап, сырлары менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Ар бир рецепттин артында мектеп тууралуу, балдар тууралуу жана алардын тамактануусунун бир порциясына 20 сомдон ашпаган каражат бөлүнгөн учурда да даамдуу жана пайдалуу тамактандырууга боло тургандыгы жөнүндөгү баяндар турду.
Сынак программасы тездикти жана мештин жанында иштөө жөндөмүн гана эмес, кесипти терең түшүнүүнү да текшерүүгө негизделип түзүлгөн.
Автордук тамактын презентациясы. Финалисттер өздөрүнүн мектеп менюсу үчүн иштеп чыкмаларын калыстар тобуна тартуулашты. Критерийлер катаал болду: бир порциянын наркы 20 сомдон ашпашы керек, милдеттүү түрдө жергиликтүү сезондук азыктарды жана жашылча-жемиштерди колдонуу шарты коюлган. Ар бир тамак анын пайдасы менен кошо аны ашканаларга массалык түрдө кийрүү мүмкүнчүлүгү туурасындагы баяндамалар менен коштолду.

Коопсуз тамак-аш блогу” квест-практикуму. Бул этапта ашпозчулар өздөрүнүн ашпозчулук калпактарын кыраакы инспектордун ролуна алмаштырышты. Атайын жабдылган аймакта алар санитардык нормалардын бузулушун таап, тамак-аштын коопсуздугу алардын биринчи кезектеги милдети экенин далилдеши керек болду.
Кулинардык баттл. Бул жерде катышуучулар бирдей шарттарга туш болуп, окшош азык-түлүк топтомдорун алышты. Чектелген убакыттын ичинде алар классикалык винегрет жана ит мурундун ашынан пайдалуу суусундук даярдашы керек болчу. Калыстар тобу даам жана эстетика менен бирге тамактын даярдоо технологиясынын так сакталышын баалашты.

Калыстар тобунун курамы:
• Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев;
• Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Александр Аброскин;
• БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Сокджин Хан;
• Илдеттердин алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врачы Мария Кушукбакова;
• Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов.
Финалга аймактык катаал тандоодон өткөн эң күчтүү жети ашпозчу чыкты. Алардын ар бири өзүнүн мектебинин гана эмес, бүтүндөй аймактын кулинардык каада-салттарын жана тамактанууга болгон мамилесин көрсөттү.
●Алтынай Жарматова (Баткен облусу, А.Торалиев атындагы орто мектеби);
●Атырбубу Субаналиева (Жалал-Абад облусу, Шопоков атындагы №4 мектеби);
●Бактыгуль Чыныбекова (Ысык-Көл облусу, Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 мектеби);
●Асел Эгимбаева (Нарын облусу, У.Малтабаров атындагы мектеби);
●Лунара Саадабекова (Талас облусу, Сагынбек Дүйшөнбиев атындагы мектеби);
●Айчүрөк Кыштобаева (Ош облусу, М.Ломоносов атындагы №3 мектеби);
●Сайракан Мамбеталиева (Чүй облусу, Бишкек шаары, №64 мектеби).
Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шариповдун кызыктуу мастер-классы салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземинин алдында өттү. Ал тоок эти жана тортилья сыяктуу жөнөкөй жана жеткиликтүү азыктардан кантип даамдуу, жөнөкөй жана фантазия менен тамак жасоого болорун көрсөттү.
Айыгышкан кызуу күрөштөн кийин калыстар тобу эң мыктылардын ысымдарын жарыялады.
Бардык финалисттерге эстеликке белектер жана грамоталар тапшырылды. Бирок бардык катышуучулар үчүн эң башкы сыйлык – бул кесиптик таануу, тажрыйба алмашуу жана алардын эмгеги маанилүү жана орчундуу экенине ишенүү болуп калды.
Сынактын акыркы аккорду Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы – бул чыныгы энтузиасттар иштеген динамикалуу өнүгүп жаткан тармак экенин тастыктады. Алар үчүн мектепте тамак даярдоо – бул жөн гана жумуш эмес, мектептеги тамакты даамдуу, пайдалуу жана үй шартындагыдай жылуу кылуунун жолу. Алардын дал ушул чеберчилигинен окуучулардын келечекте кандай даам татуу адаттарын калыптандырары жана кандай ден соолук менен чоң турмушка аттанаары көз каранды экендиги белгиленди.

Сынак Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму болгон “Тармактык тамактануу институту” АКУнун колдоосу менен өткөрүлдү. Анын башкы максаты – мектеп ашпозчуларынын кесиптик коомчулугун чыңдоо жана өлкөнүн бардык аймактарында мектеп тамактануусунун сапатын жогорулатуу болду.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio