Мектепте тамактандыруу боюнча семинар: Балдарды сергек жашоо образына үйрөтөбүз

14-майда Бишкектеги “Европа” мейманканасында Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган Мектепте тамактандыруу программасынын (2024-2027) семинары өткөрүлдү. Залга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн 61 адиси, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү чогулушкан.

Семинарда SIFI стратегиялык пландаштыруу жана программаларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Юлия Кудла “Сергек жашоо образынын негиздери” окутуу комплексин тестирлөөнүн жыйынтыктарын тартуулады. Бул курс Кыргызстандын төрт мектебинин 1-4-класстарынын окуучулары менен өткөрүлүп, мыкты натыйжаларды көрсөттү. Семинардын катышуучулары бул материалдарды өз мектептеринде колдонуу каалоолорун билдиришти.

Мугалимдердин тажрыйбасы: Бала кезинен жакшы адаттар

Семинарда тестирлөөгө катышкан мугалимдер өз таасирлери менен бөлүшүштү.

Д.П. Зубков атындагы 1 мектептин экинчи класстарынын мугалими Зинаида Викторовна Чайка: «Балдар тыкан боло башташты. Класста жана ашканада тартип үчүн жоопкерчилик байкалууда: өз парталарында жана тамактануучу столдордо тазалыкты сактоого адаттанышууда. Гигиена эрежелерин сакташууда: колун жууп, нымдуу майлыктар менен сүртүнүшүүдө.”

Н.С. Баранов атындагы 2 мектептин биринчи класстарынын мугалими Инна Сергеевна Кузнецова: «Балдар сергек жашоо боюнча курстун аякташы жөнүндө билгенде капаланышты. Аларга интерактивдүү сабактар, дене-тарбиялык танапистер жана динамикалык тыныгуулар абдан жакты. Балдар түшкү тамактанууга жаңы жашылчалар-жемиштер салынган ланч-боксторду алып келе баштаганын байкадым.”

Семинардын коноктору өз тажрыйбаларында окуу-методикалык комплекстин сапатына ынанышты. Мугалимдер окуу куралдарынан бир нече тапшырманы аткарууну, тарбиялык танаписти жана кылдаттыкка көндүрүүчү оюнду өткөрүүнү сунуш кылышты.

Эмне үчүн балдарды сергек жашоо образына үйрөтүү маанилүү

Мектеп программасына сергек жашоо образынын негиздери боюнча курсту киргизүү көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Бул иммунитетти бекемдей турган, концентрацияны жана жалпы жетишкендикти жакшырта турган пайдалуу адаттарга балдардын эрте жашынан баштап калыптандырууга жардам берет. Туура тамактануу жана гигиена эрежелерин сактоо балдарды активдүү жана энергиялуу кылып, бул алардын ден соолугуна жана маанайына оң таасир этет.

Семинардын жыйынтыктары жана келечекке пландар

Ошондой эле семинардын алкагында талкууланды:

● Кыргызстандагы мектепте тамактандыруу программасынын жалпы абалы.

● Акыркы 10 жыл ичинде «Мектеп тамактануусун оптималдаштыруу программасынан алынган жетишкендиктер жана сабактар.

● 2024-2027-жылдарга карата мектеп тамактануусун жакшыртуу боюнча пландар.

Балдардын ден соолугун жана жыргалчылыгын камсыз кылууда мектеп тамактануусун жакшыртуу боюнча программа маанилүү роль ойнойт. Сергек жашоо образына үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын жана материалдарын киргизүү мектеп тамактануусу программасын ишке ашырууну жаңы жогорку деңгээлге коёт, бул, албетте, анын туруктуулугун бекемдөөдөгү оң натыйжаларга жетүүгө жардам берет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа