Мектептеги тамактануу – бул жөн гана түшкү тамактануу эмес, балдарга жаркын жетишкендиктерге жана мыкты ийгиликтерге жол ачуучу энергиянын маанилүү булагы. Мектеп тамактарынын жеткиликтүүлүгү канчалык маанилүү болсо, анын сапаты да ошончо маанилүү, жөн гана булочка менен чай ичүү гана эмес, толук кандуу ысык түшкү же эртең мененки тамактануу жигердүү сабактарга жана окуудагы жетишкендиктерге өбөлгө түзөт. Мектеп тамагын уюштуруу боюнча Улуттук программанын алкагында Кыргызстандагы 600 000 мектеп окуучусу ден соолукка пайдалуу жана тең салмактуу азык заттар менен тамактанышат. Программа 10 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Бул атайын сөз кылууга, сыймыктанууга жана аны жакшыртуу үчүн алгылыктуу сунуштарды берүүгө арзыйт. Ушул жаатта сөз кылуу абдан маанилүү.
Бул милдетти ким аткара алат дейсиз? – Адамдардын жүрөгүнө жана акылына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алган өз тармагындагы адистер болуп журналисттер жана блогерлер эсептелишет. Алар мектептеги тамактануу маселелерин көтөрүп чыгышып, аларды ачык, коомдук диалогго айландырып, учурдагы системаны жакшыртуунун натыйжалуу жолдорун аныктоого көмөктөшүшөт.
Бул максатта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги SIFI менен биргеликте 2024-жылдын июнь айында биринчи жолу журналисттердин «Мектептеги тамактануу: келечекке кам көрүү» аттуу сынагын жарыялады. Сынакка басма сөз каражаттарынын, интернет-басылмаларынын жана телеканалдардын журналисттери, ошондой эле 10 миңден ашык жазылуучусу бар блогерлер катышышты.
Алар бир нече ай бою өз макалаларында, фоторепортаждарында жана видеосюжеттеринде мектептеги тамактануу тармагындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер жөнүндө атайын сөз кылышып, окуучулардын жана ата-энелердин башынан өткөргөн окуялары, баяндары менен бөлүшүп, ошондой эле мектеп тамагынын сапатын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн идеяларын сунушташышты. Сынак комиссиясына көптөгөн татыктуу эмгектердин келип түшкөндүгү мектептеги тамактануу темасына болгон зор кызыгуунун бар экендигин туюндуруп турат. Коомдогу чыныгы көйгөйдүн бетин ачып берүүчү тажрыйбалуу чеберлер катары бул журналисттер жана блогерлер өз чагылдырууларында мектеп тамактануусундагы төмөнкү аспектилерди баса белгилеп көрсөтүп бере алышты:
● мектеп тамактануусунун улуттук программасынын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактануусун оптималдаштыруу долбоорун, мектеп тамагын уюштуруу боюнча Улуттук программаны жүзөгө ашыруусунун жалпы маселелери;
● мектептеги тамактандыруу программасынын финансылык жагы;
● мектеп ашканаларынын жана тамактануу блокторунун инфраструктурасын модернизациялоо;
● жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү;
● коомдук жана ата-энелик көзөмөл;
● мектеп тамактануусундагы кадрдык маселелер;
● мектепте жана үйдө туура тамактануу адаттарын калыптандыруу.
13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында сыйлоо аземи болуп өттү. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева татыктуу сыйлыктарды өзгөчө жылуу маанай менен тапшырды. Бул маанилүү иш чарага SIFIнин президенти Владимир Чернигов да катышты. Ал сынактын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү куттуктады: «Балдардын тамактануусу бир эле учурда жекече, үй-бүлөлүк, мамлекеттик жана глобалдык маселелер болуп саналат. Баланын алдындагы табакта бүгүнкү коогалаңдуу дүйнөдөгү кездешкен болгон баалуулуктар жана компоненттер чогулду. Бизди айырмалап турган көп нерселер бар. Бизге консенсус боло турган аралдар керек. Бизди бириктирген нерселерди таап берели, баалайлы жана көрсөтөлү».
Ошентип, ким жеңүүчү болду? Массалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жогоруда белгиленген багыттагы макалалары, репортаждары жана видеолору бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруп, жаңы чечимдерге үндөп жана жаш жеткинчектерди жаркын келечекке шыктандырды:
– «Телекөрсөтүү» номинациясы: Аида Аматбекова («Мир» УТРКсы);
– «Басма жана онлайн форматтагы жалпыга маалымдоо каражаттары» номинациясы: «Кут Билим» медиа борбору;
– «Блогосфера» номинациясы: Умидахон Нуритдинова;
– «Радио» номинациясы: Таалайгүл Чабдарова (Биринчи радио).
Сынак – жеңиш үчүн күрөшүү гана эмес, коомчулуктун көңүлүн көйгөйгө буруу, күчтөрдү бириктирип топтоо жана мектептеги тамактанууну жакшыртуу мүмкүнчүлүгү. Конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз! Сиздердин балдардын жашоосун жакшыртууга болгон умтулууңуздар – бул чыныгы шыктандыруучу күч! Сиздердин ишиңиздер өзгөрүүлөрдүн катализатору, ал эми үнүңүздөр мектеп тамактануусундагы оң өзгөрүүлөрдүн кабарчысы болсун! Сиздерге мындан ары да чыгармачыл ийгиликтерди жана чексиз энтузиазмды каалайбыз!
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio