Мектептеги тамактануу: Кыргызстанда балдардын ден соолугу жана окуудагы жетишкендиктери кантип жакшыртылат?

Алгебра жана геометриянын негиздерин үйрөнгөн, диктант жана дилбаян жазган, адабият окуу китептеринен ырларды жаттоо менен өздөштүргөн окуучулук жылдарыбызда окуучулар ортосунда бекем достук да калыптанганы   ар бирибиздин эсибизде. Мектептеги чоң тыныгуу учурунда шашыла барып жеген пирогдун даамы бейкапар жана бактылуу балалыктын элеси катары өмүр бою унутулбайт го.

Кыргызстандын өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча балдардын мектепте жүргөн мезгилинде ысык тамак ден соолугун сактоонун жана натыйжалуу окуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоонун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат, ошондуктан республиканын айрым мектептеринде башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык түшкү тамак киргизилген.

Эреже катары, балдар убактысынын көпчүлүгүн мектепте өткөрүшөт, ошондуктан, алар күнүнө жок дегенде бир жолу пайдалуу шорпо же дан өсүмдүктөрүнөн жасалган ботко жегени абдан маанилүү. Кантсе да толук жана балансталган, туура тамактануу оорулардын алдын алууга, окуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, балдардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болуп берет.

Ошондуктан, 2006-жылдан бери Кыргызстандын Өкмөтү республикалык мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларын толук жана тең салмактуу тамактануусуна багытталган “Мектептеги тамактандыруу” улуттук программасын жигердүү ишке ашырууда. Бул долбоор окуучулардын ден соолугун жана окуудагы жетишкендиктерин жакшыртууга, ошондой эле алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Программанын алгачкы жылдарында каржылоо чектелүү болуп, бул мектеп тамактануусунун азыктык баалуулугуна терс таасирин тийгизген. Балдарга сүттөлгөн чай жана булочка же башка кондитер азыктары берилген. Албетте, бул балдарды керектүү азык заттар менен камсыз кыла алган эмес.

Кыргызстан Өкмөтү мектеп тамактануусу боюнча улуттук саясатты иштеп чыгуу жана мектептерге жакшыртылган менюларды киргизүү аркылуу мектептеги тамактануу программасынын деңгээлин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Ошентип, 2013-жылдан баштап мектептерде ысык тамак бериле баштады, бул Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) сыяктуу эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашты.

Учурда программага 900гө жакын мектеп катышууда. Макговерн-Доул эл аралык билим берүү жана балдарды тамактандыруу өндүрүшү программасынын өнөктөштөрү 657 мектептин ысык тамакка өтүүсүнө колдоо көрсөтүшүүдө.

БУУ ДАТП SIFIнин колдоосу менен заманбап өнөр жай ашкана жабдуулары менен гана камсыз кылбастан, Билим берүү министрлигинин жергиликтүү кызматкерлерин, мектеп администрациясынын өкүлдөрүн, ашпозчуларды ысык тамакты туура уюштурууга үйрөтөт.

Бул азырынча республикадагы бардык мектептерди камтый албай келет, анткени кээ бир мектептерде ысык тамак берүүнү уюштуруу үчүн шарттар жок. Мисалы, таза суу жок, ашканасы жок же жараксыз мектептер бар. Ошого карабастан, мындай билим берүү мекемелерин да колдоо аракеттери көрүлүүдө. Ашканасы жок мектептер менен иштөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, директорлор жана башка тиешеси бар адамдар менен ысык тамакка өтүүгө шарттарды даярдоо жолдору жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Программанын алкагында инженерлер потенциалдуу мектептердин арасында баалоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча мектептер тандалып алынып, ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Инженерлер долбоорчулар менен биргеликте ашкананын чиймелерин иштеп чыгышат, анда бериле турган жабдуулардын тизмеси көрсөтүлөт. Документтер санитардык нормалар жана эрежелерге ылайык иштелип чыккандыгы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт жана түздөн-түз мектеп директорлоруна өткөрүлүп берилет. Оңдоо-курулуш иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлөт.

БУУ ДАТП,  мектеп окуучуларынын тамак-ашы Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүнө ылайык келиши керек деп ишенет. Бул сунуштар өкмөттүн токтому менен бекитилген жана учурдагы санитардык нормалардын негиздеринин бири болуп саналат. Анда белоктордун, майлардын, углеводдордун жана энергетикалык баалуулук сыягындагы негизги төрт көрсөткүчтүн нормасы белгиленет. Тең салмактуулук принциби: углеводдор – 70%, белоктор – 15%, майлар – 15% ченеминде сакталышы зарыл. 

Ошондой эле организмдин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өтө зарыл болгон азыктык баалуулугуна, витаминдерге жана минералдарга көңүл буруу абдан маанилүү. Тамак-аштын өлчөмү жетиштүү жана канааттандырарлык болушу мүмкүн, бирок витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги болсо, анда организмде ачыкталбаган ачкачылык өнүгүшү мүмкүн.

Тамактануу рационуна картошка, жашылча, аш-көктөр жана бакча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер, сүт жана сүт азыктары, нан, ун, дан азыктары, макарон жана буурчак азыктары, эт жана эт азыктары, балык, жумуртка, өсүмдүк майы, каймак майы, туз, кант жана кондитер азыктары сыяктуу түрдүү азык-түлүк топтору кирет.

Ошентип, мектеп окуучуларынын күнүмдүк тамак-ашында азыктардын кеминде үч тобу болушу керек. Мисалы, ботко бышырылган болсо, анда дан, сүт, шекер жана каймак-май болот. Мындан тышкары, кургатылган мөмө-жемиштерден компот жана нан азыктары болушу шарт.

Ушуга байланыштуу,  БУУ ДАТП SIFI менен биргеликте жыл сайын  ысык тамак берүүнү ишке киргизүүнүн алдында жана программаны ишке ашыруу учурунда мектеп администраторлору, ата-энелер жана ашпозчулар үчүн тренингдерди өткөрөт. Мисалы, 2022-жылдын ноябрында БУУнун ДАТП, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Исхак Раззаков атындагы КМТУ менен биргеликте менюну түзүүнүн принциптери жана эрежелери, санитардык нормалар жана мектеп окуучулары үчүн балансталган, рационалдуу жана пайдалуу тамак даярдоо боюнча мектеп ашпозчуларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн университетте Республикалык компетенциялар борборун негиздеген. 

ШЕФ АШПОЗЧУНУН СЫРЛАРЫ

Жыл сайын Республикалык компетенциялар борбору ашпозчуларды тамак жасоо технологиялары боюнча окутуп келет. Ушул жайда ресторан тармагынын ашпозчусу, Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын мүчөсү Ильхом Икрамов борбор калаанын жана республикалык мектептердин ашпозчулары менен өзүнүн сырлары менен бөлүштү. Мен барган күнү мастер-класстын катышуучулары ашкабак шорпосу, эки түрдүү салат, фаршталган калемпир жана булочка жасашып, компот кайнатышты. Мектеп ашпозчулары бир нече топко бөлүнүшүп, бир тобу фаршталган калемпирлерди даярдашты, экинчи топтогулар булочка жасашты, ал эми үчүнчү топтогулар шорпо бышыруу менен алектеништи. Тамактар даяр болгондон кийин баары чогуу татып көрүп, рецепттерди талдап чыгышты. Баса, мен угуп калган бир сырды бөлүшө кетейин: эгер компотко кызылча кошсо, ал даамын таптакыр жоготпойт жана балдарга көбүрөөк жагымдуу ачык түскө ээ болуп калат экен. 

Кээде ашпозчу угуучуларына ресторандын тамактарынын да жасалышын көрсөтүп жатты. Албетте, алар мектеп тамагына караганда кымбат, бирок ашпозчуларга бул дагы зор кызыгууну туудуруп, азыкты даярдоо процессин жана бышыруу өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү эч качан ашыкча болбой тургандыгын билдирип жатышты.  

Мектеп тамактарына келе турган болсок, алардын өз купуя сырлары да бар экендиги ырас – мында мүмкүн болушунча азыктардын пайдалуу касиеттерин сактай тургандай кылып жасоо керек. Кайнатуу, бууда бышыруу, ороп бышыруу жана демдеп бышыруу азыктардын (эт, балык, канаттуу, жашылчалар) пайдалуу сапатын сактайт. Ушундай жол менен даярдалган тамактар организмге жакшы сиңет. Бирок кууруу жана фритюрде кууруу азыктардын пайдалуу касиеттерин жоготуп гана тим болбостон, баланын организмине зыян алып келет. Азыктар канчалык көп куурулса, алар ошончолук азыктык, сиңимдүүлук баалуулугунан ажырайт.


Мектептин менюсун түзүү үчүн атайын Рецепттер китеби бар, анда ар бир аймактагы азыктардын жеткиликтүүлүгү жазылган. Китеп категорияларга бөлүнгөн: салаттар, биринчи тамактар, экинчи тамактар, суусундуктар, сүт азыктары, бышырылган кондитер азыктары. Ал эми бир аз түрдүү тамактарда: омлет, сырниктер, плов, ар кандай борщ, тоок кесмеси, жашылча пюреси шорпосу, варенье жана бал кошулган быштак запеканка, оромо, голубцы, тууралган канаттуулардын котлеттери, балык, бышырылган жашылчалар, жаңы мөмө-жемиш жана мейиз,  кургатылган өрүк компоту ж.б. Ошону менен катар албетте, ичи ар түрдүү азык менен толтурулган пирог жана булочкалар. Ал эми ашпозчулар баардыгы сунуш кылынган Рецепттер китебинде көрсөтүлгөн тамактардын баары мектеп ашканаларында даярдалып жатканына ишендиришти.

Тренингдин катышуучуларынын бири Жаныл Аманова Бишкекке Алай районунан келген, ал төрт жылдан бери Жибек Жолу айылындагы Сатар Карыев атындагы №35 мектепте ашпозчу болуп иштейт

“Бул кесип мени ар дайым өзүнө тартып келген, мен ар кандай тамактарды, торт, пирог жана кондитер азыктарын жасаганды жакшы көрчүмүн. Азыр балдар мектебинде тамак жасайм. Түшкү тамакты ичкенден кийин балдар келип ыраазычылык билдирип, абдан даамдуу болгонун жана аларга жаккандыгын айтканы кандай гана сонун экенин билесизби. Биз, ашпозчулар үчүн бул эң маанилүү жана жагымдуу мактоо, чарчоону дароо унутуп коёсуз, анан мындай моменттер абдан көп күч жана шыктануу берет. Биз даамдуу гана эмес, пайдалуу да тамак жасаганга аракет кылабыз, балдардын жетиштүү витамин алышын каалайбыз. Дүкөндөрдөн чипсылерди жана ар кандай татымалдарды кургак жегенинин ордуна мектептеги күнүнө жок дегенде бир жолку ысык түшкү тамактанусу алда канча пайдалуу деп ойлойм”, – дейт ал.

Чолпон Эддикеева Нарын облусунун, Кызыл-Туу айылынын тургуну. Бул айым аталган курстардан балдар үчүн тамак-аш даярдоодо көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнгөндүгүн, эң башкысы, жаңы заманбап жабдуулар же мектептин ашканасындагы алмаштырылгыс жардамчылар менен таанышканын мойнуна алат: 

“Мен беш жылдан бери мектептин ашканасында иштейм. Бул убакыт аралыгында кесиптештерим жана мен мектеп окуучуларынын эмнеге жана кайсы даамга артыкчылык берерин билип алдык, алардын жакшы көргөн тамактарын көбүрөөк жасаганга аракет кылабыз. Балдар бешбармакты, лагманды жакшы көрүшөт,  аларга пирог да жасап беребиз. Аларга бул абдан жагат. Мен бул курстардан өзүм үчүн көп нерсени үйрөндүм, албетте, биз балдарга жаңы рецепттер боюнча тамак жасайбыз”, – дейт ал.

Борбор калаадагы мектептердин биринин ашпозчусу Гулайым Иманованын айтымында, алардын билим берүү мекемесинде 700гө жакын бала окуйт, бирок алар кенже класстар үчүн гана тамак жасашат. Бул – 350дөн ашык бала жана кыздар. 

“Менюда шорпо, дан азыктары, жашылчалар менен макарон, күрүч жана гречка менен плов бар. Тренингдердеги жаңы рецепттер мага абдан жакты, эми мындай тамактарды мектепте жана балдарыбыз үчүн жасайм”, – дейт ал.

Тренингдердин жыйынтыгында бардык ашпозчулар сертификат алышты жана алар мектеп ашканаларында тамак жасап жатышат.

МЕНЮ ЖАМААТТЫК НЕГИЗДЕ ТҮЗҮЛӨТ

Айтмакчы, мектептин менюсу жамааттык түрдө түзүлөт. Бул комиссиянын курамына ашпозчу, окуу бөлүмүнүн башчысы, ата-энелер комитетинин өкүлү, мүмкүн болгон учурда мектепти көзөмөлдөгөн медициналык кызматкер жана бухгалтерия бөлүмүнүн өкүлү кирет. Ошондой эле, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, ата-энелер мектеп тамагын биргелешип каржылай алышат жана менюну даярдоого катышуу аркылуу өздөрүнүн каражаттары эмнеге жумшалганын биле алышат.

Эгерде райондогу бухгалтерия райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнүн деңгээлинде борборлоштурулган болсо, анда менюну бөлүмдүн башчысы бекитет. Эгерде мектептин өзүнүн бухгалтерия бөлүмү болсо, анда меню мектеп директору тарабынан бекитилет. Эки учурда тең меню жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын коомдук тамактануу бөлүмү менен макулдашылат.

Үч жыл мурда Билим берүү министрлиги БУУнун ДАТПнын колдоосу менен “Жалпы билим берүү мекемелеринин бракераж комиссиясы  жана окуучуларды тамактандырууну уюштуруунун мониторингин жүргүзүү боюнча комиссия туурасында  жобону бекитүү жөнүндө” буйрук чыгарган. Ар бир мектепте бракераж комиссиялары түзүлгөн, алардын курамына администрациянын өкүлдөрү, медициналык кызматкер, мектеп ашканасынын кызматкери жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү кириши мүмкүн болгон.

Түшүндүрүп берели; бракераж– бул үлгүнү алуу аркылуу азыктардын сырткы көрүнүшүнүн жана даамынын шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алуу, талдоо процесси. Даярдалган азыкты берүү үлгүнү алып, текшерип, даамдап көрүп баалоонун жыйынтыктарын жазуу жана чыгарууга уруксат берүү менен журналга жазуу киргизилгенден кийин гана ишке ашырылат.

Айта кетсек,  БУУнун ДАТПнын алкагында программалык мектептерди эки академиялык окуу жылына ар бир бала үчүн күнүнө 60 грамм өлчөмүндө нан бышырууга байытылган ун менен камсыз кылынат. Ундун өлчөмү 1-4-класстардын окуучуларынын санына жараша болот. Ун окуу жылы башталганга чейин жана декабрь айында жеткирилет.  

akсhabar.kg материалы боюнча   — https://www.akchabar.kg/ru/article/prodovolstvennaya-bezopasnost-fqahveesnqroecsx/shkolnoe-pitanie-kak-v-kirgizstane-uluchshayut-zdorove-i-uspevaemost-detej-gfwtvtyfemkhdvej

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа