Башталгыч класстардагы окуучуларды тамактандыру сапатын жогорулатууга кошумча түрдө 999,4 млн сом бөлүндү. Мындай чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Кыргызстанда 1-4 класстагы окуучулар акысыз тамактанышат. Акчаны Өкмөт республикалык бюджеттен бөлүп берет.
Буга чейин мектептеги эртең мененки тамактануу үчүн бир балага күнүнө 7 сомдон төлөнчү. Бул сумма 2006-жылдан тартып 18 жылдан бери өзгөргөн эмес (2010-жылы гана бийик тоолуу аймактардагы мектептер үчүн бул сумма 10 сомго чейин жогорулатылган). Ал арада азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Чакан бюджет мектептерди өсүп келе жаткан балдардын организмине керектүү азыктарга болгон муктаждыктарын канааттандыра ала турган ар түрдүү жана аш болумдуу тамак-аштарды даярдоосун чектеп турган. Мындай шартта өз каалоосу менен жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мектеп тамак-ашын жакшыртууга өз салымын кошуп, азык-түлүктөрдүн ассортиментин кеңейтүүгө аракеттенген ата-энелердин жардамы өтө баалуу.
Өкмөт кенже мектеп жашындагы балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга олуттуу киришти. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева төмөнкүдөй билдирди: “Биз эки жылдын ичинде каржылоону акырындык менен баскычтуу көбөйтүүнү каалаганбыз. 2024-жылга бюджетке 14 сом суммасы каралган”.
Учурда Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуучулардын социалдык абалына жана окуу жайдын тибине жараша бир окуучунун тамактануусуна күнүнө 14 сомдон 489 сомго чейин коротулат. Мисалга, жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (стационардык мектептерден башкасы) күнүнө бир балага тамактанууга – 90 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн санаториялык типтеги интернаттарда — 165 сом, ал эми Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин тарбиялануучулары үчүн 489 сом каралган.
Ысык тамакты туура жана натыйжалуу уюштуруу өлкөгө пайда алып келет. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп окуучуларынын окуу материалдарын сиңирүүсүнө тамактануунун таасири боюнча изилдөө жүргүзүп, изилдөөлөр билим деңгээли жогорулап, мектеп окуучуларынын физикалык жана психологиялык саламаттыгы жакшыргандыгын көрсөтүп жатканын белгиледи. Орловкадагы №1 орто мектептин директору Павел Поповдун айтымында, билим берүү мекемесинде ысык тамак уюштурулгандан кийин балдар сабакты аз калтыра баштаган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектептеринде тамактанууну жакшыртууга ар кандай уюмдар жана түзүмдөр көмөктөшөт. Атап айтканда, Россия Федерациясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» долбоорун каржылоого ондогон миллион доллар бөлүүдө. Долбоордун аркасында мектеп ашканалары оңдолуп, ашкана жабдуулары сатылып алынып, ашпозчулар окутулуп, балдар жана ата-энелер арасында сергек жашоо, тең салмактуу тамактануу идеяларын жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Балдардын
тамактануу сапатын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын маанилүү милдети болуп
саналат, анткени бүгүнкү күндө өлкөдө 670 миңден ашык мектеп окуучулары билим
алууда[1]. Рационалдуу жана тең салмактуу тамактануу өсүп келе жаткан муундун ден
соолугун чыңдоого жана физикалык жана акыл-эс активдүүлүгүн сактоого жардам
берет.
[1] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2022/2023-жж. маалыматы
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio