10-марттан 14-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте Кыргызстандын мектептеринде мектептеги тамактануунун Эл аралык күнүнө арналган жумалык өткөрөт. Мындан башталгыч класстын окуучулары кандай азыктар энергия берет, эртең мененки тамактануу эмне үчүн маанилүү жана кантип активдүү жашоо мүнөзүн кызыктуу кылуу керектиги тууралуу биле алышат. Мунун баары оюн жана интерактивдүү формада болуп, билимге жеңил жана ырахаттануу менен ээ болуу максатын көздөйт.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Бала күндүн көпчүлүк бөлүгүн мектепте өткөрөт жана туура тамактануу анын жашоосуна, окуудагы ийгиликтерине жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан мектептеги эртең мененки жана түшкү тамактар абдан маанилүү. Бул жөн гана тамактануу эмес, балдардын өсүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Туура тамактануу балдарга сергек болууга, окууга көңүл топтоого жана оюндарга активдүү катышууга көмөктөшөт. Мектепте тамактануунун Эл аралык күнүнө арналган иш-чараларда балдар туура тамактануу даамдуу жана ошондой эле активдүү жашоо образы кызыктуу болорун өздөштүрүшөт. Ден соолукка карата аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу процессине ата-энелердин катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.
Жумалыктын программасы
Мектеп окуучуларын күн сайын кызыктуу иш-чаралар күтөт:
●10-март: Туура тамактануунун негиздери. Балдар дени сак
тамактануу жумалыгынын каармандары – Мистер Вредс жана Доктор Энерджи менен
таанышышат, алар кайсы азыктар пайдалуу, ал эми кайсынысы энергия талап кыларын
оюн түрүндө түшүндүрүп
беришет.
● 11-март: Пайдалуу жана
зыяндуу азыктар. Мектеп окуучулары класстык сааттардан тең салмактуу тамактануунун
маанилүүлүгү жөнүндө үйрөнүшөт. “Жоголгон ингредиенттерди издөө” квестик тапшырмасын табышат жана пайдалуу тамактардын
рецепттерин чогултушат.
●12-март: Активдүү жашоо образы. Балдарды таза абадагы кыймылдуу оюндар,
командалык мелдештер, кыймылдоого
жана спорттук активдүүлүк адаттарына
калыптандырууга багытталган тоскоолдуктар тилкесинен өтүү сыяктуу оюндар күтөт .
● 13-март: Финалдык квиз. Студенттер туура тамактануу жана сергек жашоо мүнөзү жөнүндөгү билимдерин кызыктуу викторинада сынап көрүшөт. Мыкты командалар байгелерге ээ болушат. Күн интерактивдүү шоу жана бий менен аяктайт.
Үй-бүлөнүн ролу
Кампаниянын башталар алдында мектептерде ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, анда ата-энелерге Мектептеги тамактануунун Эл аралык күнү, иш-чаралардын программасы жана жумалыктын көңүлдүү иш-чараларын алкагында балдарга кантип колдоо көрсөтсө болору тууралуу түшүндүрүлөт.
Иш-чаралар кайда өтөт?
Бул кампанияга бүткүл өлкө боюнча мектептер катышат. Алардын арасында:
● Бишкек шаары – Чыңгыз Айтматов атындагы №5 орто
мектеби
● Ош шаары – Б.Алыкулов атындагы №38 орто мектеби
● Кара-Балта шаары – №5 орто мектеби
● Жалал-Абад шаары – №4 орто мектеп-гимназиясы
● Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары – Чыңгыз Айтматов атындагы №5 орто
мектеби
● Нарын облусу, Жумгал району, Кызарт айылы – профессор А.Идинов
атындагы орто мектеби
● Баткен облусу, Кадамжай району, А.Масалиев атындагы айыл – Т.Мадарипов атындагы орто мектеби
● Талас обулусу, Талас району, Кара-Ой айылы – Асылкан Бөрүбаев атындагы
орто мектеби
Бул кампания таанып-билүү сабактарын, оюндарды жана активдүүлүктү айкалыштырып, билим алууну кызыктуу жана пайдалуу кылат. Жумалык зор кубаныч жана кызыгуу маанайы менен коштолуп өтүп, балдарга туура тамактануунун жана активдүү жашоо образынын маанилүү принциптерин эстеп калууга жардам берет.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio