Кыргызстандын Министрлер Кабинети мектеп тамактануусун уюштуруунун жаңы эрежелерин бекитти

Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жаңы жобо кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Анын максаты – окуучуларды ар түрдүү жана туура тамактандыруу үчүн шарттар менен катар мектептеги түшкү тамактануунун коопсуздугун камсыз кылуу.

Аталган жобо “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында өкмөттүн 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык иштелип чыкты.

2025-жылдын аягына чейин Билим берүү жана илим министрлиги тамактануу тармагында атайын билими жок мектеп ашканаларынын кызматкерлери үчүн окууларды, ошондой эле мектептердеги тамактанууга жооптуу кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча тренингдерди үзгүлтүксүз уюштуруп турууга милдеттендирилген.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жашоо-шарты начар окуучулар үчүн мектепте тамактандырууну уюштуруу тапшырмасы берилди.

Kaktusmedia материалынын негизинде даярдалды: https://kaktus.media/doc/508939_kabmin_kyrgyzstana_ytverdil_novye_pravila_organizacii_shkolnogo_pitaniia.html :

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа