Кыргызстандагы мектептеги тамактандыруу: өнөктөштөрдүн жардамы жана ата-энелердин катышуусу

Кыргызстанда 2006-жылдан бери мектептеги тамактандыруу программасы ишке ашырылып келет. Чындыгында, алгачкы жылдарда каржылоонун чектелгендигинен мектеп рационунун аш болумдуулугу өтө жөнөкөй болгон. Бир стакан чай же сүт булочка менен балдарды керектүү азыктар менен камсыз кылган эмес. Бирок өкмөттүн иш-аракеттеринин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунун аркасында бүгүнкү күндө республикадагы билим берүү уюмдарынын 75 пайызы (же 1,7 миң мектеп) ысык тамакка өтүштү.

AНО (автономдук коммерциялык эмес уюм) “Тармактык тамактануу институтунун” (SIFI, Россия) стратегиялык пландоо жана программаларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Юлия Кудла Dostuk.media менен болгон маегинде Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоолор тууралуу айтып берди.

– 2013-жылдан бери сиздердин институт Кыргызстанга жакшыртылган мектептердеги тамактанууну киргизүү боюнча активдүү жардам берип келет. Бул аралыкта кандай долбоорлорду ишке ашыра алдыңыздар?

– SIFI техникалык эксперт катары кызмат кылат жана мектептеги тамактандыруунун жакшыртылган моделдерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам берет.

Мисалы, мектептин көмөкчү чарбасынан алынган түшүмдү пайдалануу, мектептерди жана бала бакчаларды жашылча менен камсыздоого жергиликтүү дыйкандарды тартуу, мектептерге күнөсканаларды (теплица) орнотуу жана электр энергиясы өчүрүлгөн учурда ашканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн күн панелдерин орнотуу.

Сүрөт “Тармактык тамактануу институту” Автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан берилген

Институт билим берүү программаларын иштеп чыгып, аш болумдуу жана ар түрдүү тамактарды даярдоонун жаңы технологияларына мектеп ашпозчуларын, ошондой эле мектеп тамагын уюштурууга катышкан мектеп кызматкерлерин үйрөтөт. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) атайын окутуу үчүн республикалык компетенциялар борбору (жаңы заманбап ашкана жабдууларын колдонуу менен лекцияларды, тренингдерди жана практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүү үчүн жабдылган орунжай) түзүлгөн.

Кадамжай районунда жергиликтүү мектептерди жана бала бакчаларды элиталык картошка, пияз жана сабиз менен камсыз кылуу максатында өндүрүштүк-логистикалык борбор түзүлдү.

Ашпозчуларга физиологиялык керектөөлөргө жана улуттук тамактануу нормаларына ылайык толук баалуу мектеп менюсун тез жана натыйжалуу иштеп чыгууга жардам берген “Меню калькулятор” онлайн платформасы иштелип чыккан жана сыналып жатат.

Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана өздүк бухгалтериясы бар мектептер үчүн мектеп тамак-ашына чийки азыктарды жана даяр азыктарды сатып алуу боюнча методикалык сунуштар иштелип чыккан.

Башталгыч класстардын окуучуларын көмөкчү чарбаларында өстүрүлгөн түрдүү тамак-аш менен камсыз кылуунун ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу видеосюжеттер даярдалды.

Алты облустан келген мектеп директорлору, көзөмөлчү кеңештеринин өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда мектеп тамак-ашына кошумча каражат табуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында Ош облусунун үч мектебине иш сапары уюштурулду.

Ашпозчулардын чыгармачылык потенциалын жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү максатында «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет.

– Ата-энелер, балдар менен иштейсиздерби?

– Албетте. Институт ата-энелер жана балдар менен маалымат берүүчү агартуу иш-чараларын жүргүзөт: квесттер, спорттук мелдештер, сергек жашоо образы жана туура тамактануу боюнча класстык саатар жана сабактар. Биз балдар үчүн стол оюндарын жана китептерди иштеп чыгабыз, балдардын катышуусу менен видеолорду жаратабыз.

Балдар жана чоңдор үчүн “Бирге даярдайбыз” Рецепттер китеби жана балдар үчүн тамак сиңирүү жөнүндө анимациялык тасма түзүлүп, мугалимдер арасында видеоролик аркылуу сабакты мыкты өнүктүрүү боюнча сынак өткөрүлдү.

Ата-энелер үчүн http://tamakash.edu.gov.kg/ сайты түзүлүп, бала бакчалардын ашпозчулары үчүн рецепттердин жыйнагы түзүлүүдө, Институт тарабынан иштелип, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактандаруу үчүн Рецепттер китебинин биринчи басылышы кайра каралууда.

Сүрөт “Тармактык тамактануу институту” Автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан берилген

– Жакынкы жылдарга кандай пландарыңыз бар?

– Бир нече уюмдар (анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Тармактык тамактануу институту жана “Мерсико”) 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептерде туруктуу тамактануу улуттук программасын иштеп чыгууга салым кошууда.

Программанын максаттары: толук баалуу ысык тамак менен камсыздалган мектептердин санын көбөйтүү, анын сапатын жогорулатуу, жакшы координациялоо жана улуттун ден соолугуна салым кошуу максатында бардык тараптарды (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер, мектептер) тартуу.

Программанын долбоорун Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында жалпы билим берүү мекемесинин башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумдарында кароо сунушталууда.

– Азыркы учурда Кыргызстанда мектеп тамактануусундагы негизги көйгөйлөр кайсылар?

– Эң негизгиси – каржынын жетишсиздиги. Республикалык бюджеттен башталгыч класстын бир окуучусуна күнүнө бөлүнгөн сумма 7 сомдон 14 сомго чейин көбөйгөнүнө карабастан, бул каражат окуучуларды күн сайын ар түрдүү жана аш болумдуу тамак-аш (эт, жашылча) менен камсыз кылууга жетпейт.

БУУ ДАТП менюну талдап чыгып, каражаттын көлөмү бир балага күнүнө 35 сомдон болушу керек деген жыйынтыкка келген. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен болбосо, ата-энелердин, колдоочулардын, көмөкчү чарбада өстүрүлгөн продукциянын эсебинен болушу керек.

– Бизге мектептеги тамактануу жаатында кандай туруктуу чечимдер жетишпей жатат?

– Буга чейин биз ар кандай чөйрөлөрдү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды (НПА) иштеп чыгып, кабыл алганбыз: көзөмөлчү кеңештерин түзүү жана иштөө аркылуу ата-энелерден каражат тартуу, көмөкчү чарбаларында өздөрүнө тийиштүү тамак-аш азыктарын өндүрүү, мектептерге айыл чарба азыктарын жеткирүүнү каалаган жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо.

Бирок бул мыйзамдар, буйруктар жана жоболор мектептерде бул ченемдик укуктук актылардын иштөө механизмдерин жакшы түшүнбөгөндүктөн же райондук бийлик жана билим берүү бөлүмдөрүнүн (райондук, областтык, шаардык) көнүп калган чектен чыгып,  мектеп окуучулары үчүн тамак-аш азыктарын сатып алуу жана тамак-ашка кошумча каражаттарды тартуу мамилесин өзгөртүүнү каалабаганынан улам толук иштебей жатат.

Мектептер өз алдынча акча таап, тамактанууну уюштурууга каражат чогулта алышат, бирок көп учурда Эсеп палатасынын текшерүүсүнө дуушар болушуп, же болбосо чогултулган же иштеп табылган каражаттар боюнча документтерди жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча белгиленген ченемдерге жана талаптарга жооп бербегендиктен, мектеп администрациялары кошумча каражаттарды издебөөнү туура көрүшөт жана ар түрдүү тамактануу үчүн жетишсиз бюджеттик каражаттарды гана пайдаланышат.

Сүрөт “Тармактык тамактануу институту” Автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан берилген

– 14 сомго толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылууга болобу?

– Бюджеттик каражаттардын көбөйүшү мектептерге балдарды ботко жана выпечка менен суусундуктардын ордуна шорпо менен камсыз кылууга жардам берет. Албетте, жашылчаларды, жемиштерди, эт жана балык тамактарын камтыган толук ысык түшкү тамак жөнүндө сөз кылуу кыйын. Бирок кошумча каражат чогултпаган көптөгөн мектептер дагы тамактанууну ар түрдүү кыла алышкан.

– Балансталган ысык тамактын мааниси эмнеде? Тамактануу кандайдыр бир жол менен сабакка катышууга таасир этеби?

– Кыргызстан үчүн сабакка катышуу көйгөй эмес. Акысыз түшкү тамактануу катышууну жогорулатуунун бир жолу катары – орто билими милдеттүү эмес жана балдар көп учурда мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок (алар же өтө алыста жашашат, же ата-энелерине жардам берип, талаада иштөөгө туура келет) өлкөлөрдүн тажрыйбасы болуп саналат.

Кыргызстанда окуучулардын сабакка көңүлүн бурууга жардам берген витаминдерге жана микроэлементтерге бай түрдүү тамактанууга ээ болгон окуучулардын окуудагы жетишкендиктери жакшыртуусу жана когнитивдик жөндөмдүүлүктөрүнүн жогорулашы жөнүндө сөз кылууга болот.

– Окуучулардын ата-энелери кандай роль ойношу керек?

– Алар активдүү позицияны ээлеши керек: тамак-аштын сапатын баалоочу жана аны уюштуруу процессин көзөмөлдөгөн бракераж комиссиясынын ишине катышуу. Ата-энелер көзөмөлчү кеңешин уюштуруп, тамак-ашка кошумча каражат чогулта алышат. Алар көмөкчү чарбанын иштерине катыша алышат, мындайча алар мектептин кызматкерлерине ашканалар үчүн тамак-азыктарын өндүрүүгө жардам беришет. Ата-энелердин негизги милдети – бул үйдө балдарына туура тамактануу көндүмдөрүн үйрөтүү.

Сүрөт “Тармактык тамактануу институту” Автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан берилген

– Көптөгөн балдарга ата-энелери чөнтөк акчаларын беришет, бирок алар аны ден-соолукка зыяндуу азыктарга жумшашат. Учурдагы семирүү көйгөйүн эске алуу менен балдарга туура тамактануу көндүмдөрүн кантип үйрөтүү керек?

– Мектептердин жанында энергетикалык суусундуктарды, газдалган суусундуктарды, тез даярдалуучу кесмелерди, шоколад батончиктерин жана ушул сыяктууларды сатуучу дүкөндөрдү коюуга катуу талаптарды киргизүү керек.

Ата-энелер менен маалымат берүүчү агартуу иштерин жүргүзүп, туура тамактануунун принциптерин түшүндүрүп, арзан жана жөнөкөй аш болумдуу жана балансталган тамактарды даярдоо боюнча кеңештерди берүү зарыл. Балдарга сергек жашоо мүнөзү (СЖМ) жана рационалдуу тамактануунун принциптери боюнча интерактивдүү сабактарды, ошондой эле ден соолук үчүн пайдалуу эс алууларды кантип уюштурууну мисал менен көрсөткөн биргелешкен иш-чараларды өткөрүү керек.

Биздин институт 1-4-класстар үчүн «Сергек жашоо мүнөзүнүн негиздери» деген окуу-методикалык комплексин класстык сааттарда же «Менин дүйнөм» сабагынын алкагында он сабакты өткөрүү үчүн иштеп чыккан.

Ар бир класстын өзүнүн программасы, мугалимдер үчүн окуу куралы, окуучулар үчүн иш дептери, маалыматты визуалдаштыруу үчүн көргөзмө материалдар топтому бар. Комплекттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, төрт мектепте (эки орус тилдүү жана эки кыргыз тилдүү) апробациядан өттү. Бул комплекстин негизинде 4-класстын окуучулары үчүн электрондук курс түзүлгөн.

Булак: Dostuk.media

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа