Келечекке оюндар: Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы боюнча жаӊы компетенциялар борборунда стратегиялык пландаштыруу боюнча семинар өткөрүлдү

Мектеп тамак-ашын уюштуруу башка кызмат көрсөтүүгө байланышкан процесстердей эле тынымсыз өнүгүүнү талап кылат.  Ушундай жол менен гана керектөөчүлөр — ал эми биздин учурда бул кенже класстын окуучулары — чындыгында сапаттуу кызмат — коопсуз, даамдуу жана пайдалуу мектеп тамак-ашын алышат.

Кыргызстанда мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатуу БУУ ДАП менен россиялык Тармактык тамак-аш институтунун (SIFI) кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болду. Мына 10 жыл бою алар Мамлекеттин өкмөтүнө Улуттук мектеп тамак-аш программасын жакшыртууга жардам берип келе жатышат.

Ар жылы жаӊы идеялар жана чечимдер кошулууда: мектеп ашканаларын проектирлөөдөн жана заманбап ашкана жабдыктары менен жабдуудан баштап, мектеп тамак-ашынын сферасында тренинг-борборлорду түзүүгө чейин.

2022-жылдын ноябрь айынан баштап Бишкек шаарында Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетитинин (КМТУ) базасында өлкөдөгү алгачкы мектеп ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенциялар борбору (РКБ) ачылды. Борбордо угуучулар сапаттуу билим алып, жаңы технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен мектеп тамактарын даярдоо жаатында алдыңкы тажрыйбаларды ала алышат.

Кыргызстанда, дегеле КМШ өлкөлөрүндө аналогдору жок болгон борбордун пайда болушу менен, анын жаратуучуларынын алдында борбор үчүн РКБнын максималдуу пайда алып келүүчү өнүгүү жолдорун белгилөө милдети турду.

Бул миссия менен 2023-жылдын апрелинде Бишкекке SIFI өкүлү жана долбоордун жетекчиси Юлия Кудла жөнөдү. Компетенциялар борборунун аянтчасында Юлия стратегиялык пландаштыруу боюнча семинар өткөрдү. 

Жаӊы борборго стратегиялык пладандаштыруунун инновациялык усулдары 

Семинардын катышуучулары: КМТУнун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, БУУ ДАПтын жана өнөктөш уюмдурадын өкүлдөрү жалпы максатка – кийинки 5 жылга борбордун өнүгүү планын аныктоо үчүн биригишти. 

Канча адам болсо, ошончо ойлор бар – кантип талкууну туура жолго салып, пайда болуучу суроолорду кантип ырааты менен чечиш керек жана кантип борбордун өнүгүү формуласын чыгаруу керек?  РКБнын тагдыр чечүүчү семинардын ийгиликтүү өткөрүлүшүнүн ачкычы форсайт технологиясы болду.

Форсайт (англис тилинен «келечекти кароо») — бул келечектин сценардык прогноздоштуруу технологиясы. ϴнүгүү планы реалдуу тенденцияларга жана уюм ишин жүргүзүүчү шарттарга жараша курулат. 

Долбоордун өнүгүүсун форсайт технологиясы боюнча пландаштыруу – келечекке көз чаптырып, бирок аны алдын ала айтпай, аны биргеликтеги аракеттер менен кандай кылса болот деп келишүү.  

Форсайт иш жүзүндө – кантип катышуучулар келечекти карашкан

Стандарттык жумуш жолугушуулары же кеӊешмелер адатта эмнеден башталат? Адамдар келип, бири-биринин колун кысып, таанышышат. Бир-эки сөз менен алмашып, “Балким, жакынкы бир-эки саат кызыксыз болот, биз эч нерсеге келбейбиз – убакытты текке кетиребиз” – деп терең үшкүрүнгөн бойдон орундарына отурушат.

Биздин семинар “Байланыш карусели” – катышуучуларды бири-бири менен жемиштүү иштөөгө ыңгайлуу атмосферада тааныштырууга жардам берген ыкма менен башталып, кадимки жумушчу жолугушууну түп-тамырынан өзгөрттү. 

Таанышкандан кийин катышуучулар “кыялданууга” киришти: беш жыл алдыга көз чаптырып, 2028-жылы РКБ кандай болорун элестетүүгө аракет кылышты. Биргелешкен “мээ чабуулунан” кийин борбордун көрүнүшү түзүлдү.

Гүлдөгөн жана дайыма өркүндөп турган хаб – инновациялык билим берүү тажрыйбаларын жана ыкмаларын интеграциялаган аянтча. Эл аралык деңгээлде таанылган борбор коомдук тамактануунун сапатын жакшыртууга багытталган кызматтарды көрсөтөт да, андан 1 миллиондон ашык адам пайда көрөт.

Келечек азыр түзүлөт. Ошондуктан, мындан ары борбордун өнүгүү планынын үстүндө иштөө үчүн катышуучулар үч топко бөлүнүп, мектептеги тамак-аштын бүгүнкү абалын талдай башташты. Мектептерде ысык тамак-ашты кабыл алуу үчүн өлкөдө кандай ресурстар бар экенин, мектептеги тамак-ашты өнүктүрүүгө кандай уюмдар жана түзүмдөр жардам берип жатканын, мектептеги тамак-ашты уюштурууга байланыштуу кандай мыйзамдар бар экенин карап көрүштү.

Ушул учурлардын баарын талкуулап чыгып, катышуучулар Кыргызстанда мектеп тамак-ашын өнүктүрүү үчүн бардык шарттар мамлекет, эл аралык жана жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн мыйзам базасынын колдоосу менен түзүлгөндүгүнө бардык шарттар түзүлгөндүгүнө токтолушту.  

Кийинки этапта топтор дүйнөдө, региондо, өлкөдө болуп жаткан мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу менен алектенген уюмдардын ишине таасир эте турган процесстерди сүрөттөшү керек болчу. Дискуссиянын натыйжасында тренддердин тизмеси аныкталды: балдар арасында туура эмес тамактануу (семирүү, кант диабети, аз кандуулук) менен байланышкан оорулардын көбөйүшү; тамак-ашты кайра иштетүү жана тамак-аш даярдоо технологияларына инновациялык ыкмаларды тынымсыз киргизүү; туура тамактануунун популярдуулугунун өсүшү жана башкалар.

Акыр-аягы семинардын негизги бөлүгү келди. Аныкталган тренддерге, колдо болгон ресурстарга таянып, семинардын башында белгиленген 2028-жылдын сүрөтүнө – келечекти чындыкка айлантууга алып келе турган РКБны өнүктүрүүнүн кадамдык сценарийин түзүү керек болчу.  Эң кызыгы –  кырдаалды кескин өзгөрткөн терс же позитивдүү окуялар болгон “кара ак кууларды” унутууга болбойт эле.

Катышуучулардын топтору компетенциялар борборун өнүктүрүүнүн үч сценарийин иштеп чыгышты:

  1. Оптимисттик — мүмкүнчүлүктөрдү бардык жерден көргөн адамдар
  2. Песссимисттик — коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоого жакын адамдар
  3. Реалисттик – реалдуу сүрөттү көргөн адамдар

Борбордун 2028-жылына карата өнүгүү прогнозу

Сессиянын ар бир катышуучусунда өзүнүн көз карашы болду, бирок баары бир нерсеге токтолушту. Борбордун ийгиликтүү жана туруктуу иштеши үчүн компетенттүү кадрлар, окутуунун уникалдуу программалары, өздүк тамак-аш лабораториясы, алдыга жылдыруунун ойлонулган стратегиясы болуусу зарыл – борбор жөнүндө бардыгы билиши керек жана түрдүү булактардан каражаттарды тартуу керек. 

Жыйынтыгында балдар тамак-ашынын тармагында иштеген бардык уюмдар коопсуз, сапатттуу, өсүп келе жаткан муунга бирдиктүү стандарт боюнча теӊ салмактуу тамак-ашты камсыздоосу керек.

Ошентип, жеңил достук атмосферада, ошол эле, бирок чоӊдор үчүн, оюндун, бир бөлүгү болуп, адамдар реалдуу, бирок ошол эле учурда идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө бай Республикалык компетенциялар борборун өнүктүрүүнүн толук планын түзө алышты.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа