Журналисттер мектептердеги тамактануу тууралуу: Мыкты публикациялар үчүн Кыргызстанда сынак башталат

Кыргызстандын журналисттерине жана блогерлерине өздөрүнүн кесиптик таланттарын гана көрсөтүү менен гана чектелбестен, өлкөнүн мектептериндеги тамактанууну жакшыртууга олуттуу салым кошуусуна да мыкты мүмкүнчүлүк ачылат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги россиялык Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” конкурсун жарыялайт. Конкурс мектептердеги тамактануунун негизги маселелерин талкуулоо үчүн аянтча болот жана бул маанилүү темага кеңири коомчулуктун көңүлүн бурат.

Бул конкурс эмне үчүн?

Балдарыбыз үчүн туура тамактануу канчалык маанилүү экенин баарыбыз билебиз. Алар үйдөгүдөй эле мектепте да организмине пайдалуу тамактар менен азыктанышы зарыл. Ошондуктан, конкурстун максаты – жаш муундардын мектеп ичиндеги тамактануусунун сапатын жогорулатууга умтулган Мектеп тамактануусу улуттук программасынын маанилүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Биз мектеп тамактануусу темасын талкуулоого жана кеңири жайылтууга өлкөнүн журналисттеринин жана блогерлеринин активдүү катышуусун каалайбыз. Бул коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга гана эмес, ата-энелердин, мугалимдердин жана бардык кызыкдар тараптардын көңүлүн мектептеги тамактануу системасын жакшыртууга буруусуна көмөктөшөт.

Ким катыша алат?

Эгерде Сиз штаттагы жана штаттан тышкаркы негизде иштеген басмакананын, телеканалдын, радиостанциянын же интернет-ресурстун журналисти же 10 миңден ашык жазылуучусу бар блогер болсоңуз – анда бул сынак Сиз үчүн! Сиз буга жеке жана редакциялык команда катарында катыша аласыз.

Чагылдырыла тургантемалардын идеясы

Биз сизди төмөнкү темалар боюнча чагылдыруу материалдарын даярдоого чакырабыз:

Катышууга өтүнмөнү кантип берүүгө болот?

Гугл формасы аркылуу катышууга өтүнмөнү толтуруп же материалдарды schoolmealsawards@gmail.com. электрондук дарегине 2024-жылдын 20-июнунан тартып 21-октябрына чейин жөнөтө аласыз. 

Сыйлыктар жана сыйлоо

Катышуучулардын эмгектери 2024-жылдын 22-октябрынан тартып 4-ноябрына чейин калыстар тобу тарабынан каралып, бааланат. Ал эми 7-ноябрь – журналисттер күнүндө аныкталган жеңүүчүлөрдү жарыялап, сыйлыктарын тапшырабыз. Эң мыкты деп табылган эмгектер 150 000 сомдук техника сатып алууга укук берүүчү сертификаттар менен сыйланат. Ошону менен катар бардык конкурсанттарды катышуучулардын дипломдору менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде атайын уюштурулган фуршет күтөт.

Коомдук маанилүү долбоордун дагы бир катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз жана өз эмгегиңиз менен татыктуу баага ээ болуңуз. Сиздердин өтүнмөлөрүңүздөрдү жана материалдарыңыздарды күтөбүз!

#МектепТамактануусу #КыргызстандынЖурналисттери # ЖурналисттерСынагы # БиздинБалдардынКелечеги

Жазыңыз, сүрөткө, видеого тартыңыз, жаратыңыз жана шыктандырыңыз!

Биз Сиз менен биргеликте Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшырта алабыз.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа