«Жашыл ачылыштар марафону»: Кыргызстандык окуучулар Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүн планетага кам көрүү боюнча практикалык сабактар менен белгилешет

2025-жылдын октябрь айынын ортосунда Кыргызстандын төрт мектебинин төртүнчү класстарынын окуучулары «Жашыл ачылыштар марафону» аттуу уникалдуу билим берүү долбоорунун катышуучулары болушат. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата уюштурулуп, бул жылы «Азык-түлүктүн сапатын жакшыртуу жана бакубат келечек үчүн колмо-кол биргеликте» деген ураандын астында өтөт.

Мында зериктирме лекциялардын ордуна балдарды эки жумалык практикалык укмуштуу окуялар күтөт. Алар тамак-аштын “бакчадан табакка чейинки” бүт жолун басып өтүшөт: дени сак топурактын сырларын изилдешет, өздөрү урук (үрөн) жана көчөт отургузушат, өсүмдүктөргө кам көрүүнү  жана биздин күнүмдүк адаттарыбыздын жаратылышка кандай таасир тийгизерин үйрөнүшөт. Марафондун финалында театралдаштырылган оюн-зоок жана “Жашыл планета” аттуу жамааттык арт-объектисин түзүү квести менен коштолгон “Бакчадан табакка чейин” аталышындагы көңүлдүү Фестиваль болот.

 Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк системалары олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. “Марафон”  тамак-ашка аяр мамиле кылуу, сууну үнөмдөө, жерге кам көрүү сыяктуу кичинекей кадамдар да абдан маанилүү экенин балдарга ачып көрсөтүп берет. Оюн жана жамаат менен биргелешип иштөө аркылуу окуучулар планетанын саламаттыгы жана ток болушу өзүбүздөн гана көз каранды экенин түшүнүшөт.

Программада балдарды эмне күтөт?

Теориянын ордуна практика: Балдар “топурак дарыгерлери” болуп, тажрыйба жүргүзүшөт, өздөрүнүн кичинекей чарбагын (огородун) отургузуп, ага күн сайын  кам көрүшөт.

Челлендж форматы: Күн сайын – өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн бир этабын ачып берген жаңы тапшырма.

Командалык дух: Топтордо иштөө балдарды биргелешип чечим кабыл алууга жана жалпы жыйынтык үчүн жоопкерчиликте болууга үйрөтөт.

Көңүлдүү финал: Фестивалда командалар “Табигый чыпка”, “Уруктар устаканасы” жана башка бекеттерде кызыктуу квесттен өтүшөт, ал жерде алган билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүшөт.

Уюштуруучулар “Жашыл ачылыштар марафону” балдарга унутулгус таасирлерди тартууларына, анын тамак-аш азыктарына жана жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого негиз болоруна жана ошондой эле бул алардын эсинде өмүр бою сакталарына да ишенишет .

Иш-чара 2025-жылдын 13-октябрынан 24-октябрына чейин төмөнкү базаларда өткөрүлөт:

● Е.Кожомкулов атындагы орто мектеби (Чүй облусу, Панфилов району)

● Ч.Айтматов атындагы №69 орто мектеби (Ош облусу, Кара-Суу району)

● М.Нургазиев атындагы №29 жалпы билим берүүчү орто мектеби (Жалал-Абад облусу, Токтогул району)

● Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби (Талас облусу, Айтматов району)

«Жашыл ачылыштар марафону» – бул жөн гана сабактардын сериясы эмес. Бул келечекке салынган инвестиция, анда балдар бүгүнтөн баштап эле оң өзгөрүүлөрдүн агенттери болуп кала алышат. Өзүнүн биринчи үрөнүн отургузуп жана планетага жеке убада берүү менен алар тамак-аштын баасын гана билбестен, жаратылыштын чыныгы сакчылары болууга да үйрөнүшөт. Мектептин короосунан башталган мындай демилгелер бүткүл Кыргызстандын туруктуу жана дени сак жаркын келечеги үчүн бекем негиз түзөт.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа