Ден соолуктун сыйкырдуу дүйнөсү: Кыргызстандын башталгыч мектеп окуучулары өзгөчө жер-жемиштер иштери боюнча “Жаш детективдер мектебине” кабыл алынды

2024-жылдын 15-апрелинен тарта Кыргызстандын Нарын, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы мектептерде туура тамактануу дүйнөсүндөгү балдарды жана чоңдорду көӊүлдүү жана пайдалуу саякатка бириктире турган кызыктуу окуя башталды.

БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту (SIFI) «Жаш детективдердин мектеби» билим берүү кампаниясын баштады, мында ар бир катышуучу ден соолук үчүн пайдалуу жана даамдуу азыктардын сырларын ачып, чыныгы кесипкөй боло алышат. Иш-чара эки маанилүү датага – Эл аралык мектепте тамактандыруу күнүнө жана Эл аралык үй-бүлө күнүнө арналат.

Бул адаттан тыш мектептеги сабактарда балдар мугалимдер менен биргеликте мекенибиздин бакчаларын кыдырып, Кыргызстанда кандай жер-жемиш жана жашылчалар өсөрүн жана алардын ден соолугуна кандай жардам берерин биле алышат. Ден-соолукка зыяндуу жана пайдалуу азыктардын дүйнөсүн өздөштүрүшүп, туура өсүү жана өнүгүү үчүн аларды кантип туура тандоо керектигине адат алышат. Чогуу ойношот, табышмактарды таап, баланстуу, тең салмактуу тамактанууну үйрөнүшөт.

Ата-энелер туура тамактануу боюнча семинарларга чакырылат. Алар бүт үй-бүлө үчүн пайдалуу жана даамдуу тамактарды даярдоону, дүкөндөн сапаттуу азыктарды кантип тандоону жана тамак-аш калдыктарын азайтуу жолдорун үйрөнүшөт. Бул бардыгы үчүн кызыктуу жана пайдалуу болот!

“Жаш детективдер мектебинин” жыйынтыктоочу–бүтүрүүчү күнү мектеп окуучуларынын ар бири ден-соолукка пайдалуу тамактануу боюнча билимин жана убакытты чогуу көӊүлдүү өткөрүүгө болгон жөндөмүн көрсөтө алыша турган командалык оюнга катышышат.

“Жаш детективдердин мектеби” чоңдорду жана балдарды укмуштуудай табиттердин жана пайдалуу ачылыштардын дүйнөсүнө тартып, бир ай бою ачык турат. Биздин жаңылыктар менен кабардар болуп туруӊуз!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа