2023-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын дагы 33 мектептери БУУ ДАТПтын мектеп тамак-ашын оптимизациялоо программасынын алкагында ысык тамак-ашты киргизүүнү пландаштыруда. Программанын жалпы 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ысык тамак-ашка 850 мектеп өттү, алардын ичинен 686 мектепте бул Россия Федерациясынын жана россиялык Тармактык тамактануу институнун (SIFI) финсансылык каржылосу аркылуу мүмкүн болдү.
Жайкы ремонттук иштердин акыркы этабынын алдында Бишкекте жана Ошто БУУ ДАТПтын, Кыргызстандын Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, жергиликтүү бийликтердин өкулдөрүнө жана БУУ ДАТП локалдык өнөктөшү Инсан Лейлек фонду менен күздөн баштап өздөрүндө ысык-тамак ашты киргизүүчү мектептердин директорлорунун жолугушуулары өткөрүлдү.
Жыйынтыктар чыгарылды, мектептердин даярдыгы бааланды
Программаны иш жүзүнө ашыруу боюнча БУУ ДАТПтын ишмердүүлүгүнүн аралык жыйынтыктары азыр өлкөдө 220 000ден ашык балдарга Саламаттыкты сактоо министрлигинин калориялуулуктун жана балдардын организмине керек болуучу пайдалуу заттарддын камтылыш талаптарынын нормаларына дал келүүчү тамак-аш берилерин көргөздү. БУУ ДАТП өткөргөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча, ата-энелердин көпчүлүгү (98%) жакшыртылган мектеп тамак-ашына канааттанган. Салыштыруу үчүн – программаны жүргүзүүгө чейин ата-энелердин төрттөн бир бөлүгү гана мектеп тамак-ашы тууралуу жакшы пикирде болгон.
Жолугушуулардын жүрүшүндө БУУ ДАТПтын инженерлери Асылбек Тезекбаев жана Айгүл Алимбекова мектептердин алдыдагы өтүүгө болгон техникалык даярдыгына баа беришти. Негизги көйгөй – бир катар мектептерде ашкана техникасын кошуу үчүн керектелген үч фазалуу электр тармагынын жоктугу. Мындай учурларда бир гана жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнүүчү финансылык каржылоо гана эмес, ошондой эле көзөмөл органдары менен макулдашуу керек. Ошентип, Нарын облусундагы Акун Садырбаев атындагы мектептин өкүлүнө мындай макулдашууга болушунча тез суроо берүүсүн сунушташкан, ал эми Баткен облусунун айыл өкмөтүнө жакынкы арада тамак-аш блокторун реконструкциялоого каражаттарды табууга убада берилген. Андай болгону менен, бардык мектептер бүт иштер өз убагында аткарылып, аяктаарын тастыкташты.
Суроолор жана жооптор
Жолугушуулар учурунда каалоочулар министрликтин жана БУУ ДАТПтын өкүлдөрүнө суроолорду бере алышкан. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жетекчисин кадрлардын кескин азаюусу байкалган ашпозчулардын эмгек акысын көтөрүү маселеси кызыктырган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бул суроону карап чыгууну убадалап, бүткүл өлкөнүн мектеп ашпозчулары жакында пайда болгон Республикалык компетенциялар борборунда окууну өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин кошумчалады. Бирок бул үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жол акыга жана жатаканага керектелүүчү финансылык колдоо керек.
Эки жолугушууда теӊ балдардын тамактануусуна алардын ата-энелеринен акча чогултуу маселеси козголду, себеби мамлекеттин тарабынан болгон азыркы каржылоо ачык эле жетишсиз. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен мектептер бир балага күнүнө 7-10 сомдон алат (Бишкектен тышкары, ал жерде борбордук каржылоодон улам бир балага күнүнө 22 сом бөлүнөт). Мамлекеттик каржылоонун мындай ачык жетишсиз деӊгээли бир нече жылдан бери сакталып келе жатат. Кээ бир мектептерге каражаттардын жетишсиздигинен улам, мисалы, бул жылы компотту чайга алмаштырууга туура келди.
Бул эле учурда ата-энелердин каражаттарын тамак-ашка чогултуу кырдаалы түшүнүксүз бойдон калууда. Бул учурда бардыгына эле ата-энелерден тамак-ашка акча чогултуу кырдаалы түшүнүктүү эмес. 2019-жылы кабыл алынган ысык тамак-аш тууралуу мыйзамда каржылоо булактардын бири болуп юридикалык жана физикалык тараптардын ыктыярдуу салымдары болушу мүмкүн деген пункту бар. Бул эле учурда ошол эле 2019-жылдын Билим берүү министрлигинин Буйругу жетекчиликке ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча чогултууга тыюу салган. Бул жерде ыктыярдуу чогултуу эмес, мажбурлоо тууралуу кеп болуп жатат. Бирок, кээ бир мектептердин директорлору тобокелге салып, каражат чогултууну уюштурууга уруксат беришпейт. Бул эле учурда ата-энелердин ыктыярдуу салымдарынын механизми бар жана ал мектептердин камкорчулар кеӊештери тууралуу мыйзамында жазылган.
БУУ ДАТП долбоорунун координатору Эрик Куйкеев учурда бирдиктүү билим берүү мыйзамынын үстүндө иштер жүрүп жатканын айтты. Ал жерге мектеп тамак-ашынын бюджетин жыл сайын индексациялоо жана тамак-аш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жана ата-энелердин каражаттарын чогултууну эске алуу менен камсыздалары тууралуу пунктулар кошулду. Бул мыйзам октябрь-ноябрь айларынан кеч эмес кабыл алынары күтүлүүдө, андан кийин жергиликтүү бийлик ата-энелердин салымдарын мыйзамдаштыруу жана мектеп тамак-ашына болгон сумманы жогорулатуу боюнча өздүк ченемдик актыларын чыгара алат.
Программанын перспективдүү багыттары
Жолугушууда Программанын ишке кириши менен мындан 10 жыл мурда орнотулган биринчи агымдагы мектептердин жабдыктары эскирип, көп учурда иштен чыгып жатканы белгиленди. БУУ ДАТПтын инженери Айгүл Алимбекова билдиргендей, азыркы программанын алкагында мындай мектептерде жабдууларды толук кайра жабдуу каралган эмес, бирок БУУ ДАТП мектептердин муктаждыктарынын негизинде бузулган жабдууларды алмаштырууга жана мектеп тамак-аш блокторун толуктап жабдууга көмөктөшүүнү көздөп жатат.
Мектеп тушундагы чарбаларды өнүктүрүү да четте калган жок. Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Бакыт Рысбековдун айтымында, өлкөдөгү мектептердин 70% ы өз чарбаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк жана шарттарга ээ жана жакынкы 5 жылга бул БУУ ДАТПтын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Программа узартылды, ысык тамак-ашы бар мектептердин саны көбөйөт
Эске салсак, жазында Бишкекте Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана БУУ ДАТПтын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай БУУ ДАТПтын беш жылдык программасынын алкагында өлкөдө мектептик тамактануу системасын өнүктүрүүдө 2027-жылга чейин кызматташууну улантууну талкуулашкан.
Демек, келе жаткан 2024-жыл да Кыргызстандагы толук кандуу ысык тамак-аш берүүгө өтө турган мектептердин санын көбөйтүшү керек. Ысык тамак-ашты баштоо демилгеси мектеп директорлорунан, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистеринен болушу мүмкүн. Андан кийин жыл башында БУУ ДАТПтын адистери алдын ала баалоо жүргүзүшөт да, мектептер окуу жылынын башталышы менен дароо окуучуларына даамдуу, ысык жана пайдалуу эртең мененки тамактарды бере башташы үчүн, адатта, жай мезгилинде өткөрүлүүчү ашканаларын оңдоо иштерине даярдыкты башташат.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio