Бишкектеги мектептеги тамактануу жана медицина кандай өзгөрдү: эксперттин көз карашы

№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-педиатры жана Октябрь районундагы мектептердин саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору Бактыгүл Жумакулова vb.kg агенттигине берген маегинде Бишкек шаарынын мектептериндеги саламаттыкты сактоо жана тамактануунун негизги аспектилери тууралуу айтып берди. Ал акыркы жылдарда шаардын мектептериндеги медициналык тейлөө кызматы жергиликтүү бийликтердин, эл аралык уюмдардын жана ата-энелер фонддорунун колдоосу менен жаңы медициналык кеңселердин ачылышы жана алардын жабдылышы аркасында бир топ жакшырганын белгиледи. Ошентсе да, анын айтымында эскирген жабдууларга жана эмеректерге байланышкан көйгөйлөр дагы да бар экендиги белгиленди.

Мектептеги тамак-аш жөнүндө айтып жатып, дарыгер башында меню балдардын каалаган даамына дайыма эле дал келе бербегендигин, тамак-аш көп учурда ыргытылып ысырап боло турганын айтты. Бирок менюну улуттук өзгөчөлүккө ылайыкташтыргандан кийин, менюга сүт азыктары, дан азыктары, шорпо жана плов киргизилгенден кийин абал жакшырды. Анткени менен эт жана балык азыктарынын жетишсиздиги көйгөйү анын пикири боюнча дагы деле чечилбей келүүдө.

Жумакулова ошондой эле мектеп тамагын ижарага алуучулар камсыз кыларын жана мындай ыкма Россиялык Тармактык тамактануу Институтунун эксперттери тарабынан уюштурулган ашпозчуларды заманбап тамак-аш жасоо технологияларына үйрөтүүнүн аркасында ийгиликтүү болгонун да билдирди. Бул окутуу мектеп тамактануусунун сапатын бир топ жакшыртты.

Ата-энелер коомчулугу менен өз ара иштешүү да талкууланды. Дарыгер белгилегендей, тамактанууну уюштурууга ата-энелердин катышуусу ар түрдүү: кээ бир мектептерде ата-энелер менюга активдүү таасир этсе, башкаларында мындай жигердүүлүк байкалбайт. Ал ата-энелер мектеп окуучуларын тамактандырууну уюштурууга, өзгөчө азык-түлүктү даярдап-жеткирип берүүчүлөрдү (камсыздоочуларды же жабдуучуларды) тандоого активдүү катышса деген үмүтүн билдирди.

Жумакулова ошондой эле балдардын тамак-ашына мөмө-жемиштерди киргизүү жана өлкөнүн айрым аймактарында буга чейин жасалгандай, чайды компоттор жана кургатылган жемиштер менен алмаштыруу зарылчылыгына көңүл бурду. Мектептеги тамактандыруунун ийгиликтүү системасына мисал катары ал балдарга ар түрдүү менюдан тандоо мүмкүнчүлүгү бериле турган Беларусь менен Россияны мисалга келтирип, аны дагы иш жүзүнө ашырууга чакырды. 

Фастфуддук жана газдалган суусундук туурасында дарыгер балдар арасында туура тамактанууну жайылтуу жаатында республикада активдүү иш аракеттер жүргүзүлүп  жатканын белгиледи. Бул жаатта пайдалуу жана зыяндуу азыктарды айырмалоого кенже мектеп жашындагы окуучуларды үйрөтө турган интерактивдүү сабактар өткөрүлүүдө.

Жумакулова мектептердин жанында тез тамактарды жана куурулган тамактарды сатууга тыюу салуу талабын билдирип, бул азыктарды туура сактабоо олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле Новосибирск менен Москвада уюштурулган борборлоштурулган балдар тамак-аш фабрикаларын бизде да түзүү идеясын колдой турганын жана бул тамак-аштын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн да айтып өттү.

Жыйынтыгында дарыгер мектеп окуучуларынын, ата-энелердин жана мугалимдердин арасында туура тамактануу маданиятын калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын пикири боюнча, мамлекет кенже мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылып, ал эми жогорку класстын окуучуларына пайдалуу тамактарды саткан буфет түрүндөгү альтернативаларды сунуштоосу керек.

for.kg материалы боюнча – https://www.for.kg/news-852883-ru.html#google_vignette 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа