Балдардын жаркын келечеги үчүн жасалган кадам: Кыргызстан мектеп тамактануусу боюнча Коалицияга кошулду

Экинчи класстагы кичинекей  бала мектепте тамак ичип жатып, анын мааниси же узак мөөнөттүү пайдасы жөнүндө ойлонбошу деле мүмкүн. Ага жөн гана тамак даамдуу жана тоюмдуу болсо болгону. Бул жакшы нерсе! Бирок андан да маанилүүсү – ошол окуу жылынын ичиндеги күн сайынкы тамактануудагы  табактагы шорпо же дагы башка ысык тамак ар бир мектеп окуучусунун ден соолугуна жана келечегине негиз болору. Чынында эле мектеп тамактануусу – келечектеги муундардын денинин сактыгына, ийгиликтүү инсан болуусуна карата курулган пайдубал болуп саналат.

2024-жылдын аягында Кыргызстан өлкөдөгү ар бир баланын ушундай баа жеткис мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн маанилүү кадам жасады.  Мектеп тамактануусу боюнча Глобалдык коалицияга (School Meals Coalition) өлкө сыймыктануу менен кошулду.  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Япониянын Осака шаарында өткөн Балдар тамактануусу боюнча Глобалдык форумда бул тууралуу жарыя кылды.

Мектеп тамактануусу боюнча Коалиция деген эмне?

Мында дүйнөнүн 105тен ашык өлкөсү биригип, ар бир мектеп тамактануусу билим алуунун, ден соолуктун жана бактылуу балалыктын негизи болушу үчүн аракет кылышууда. Балдардын тамактануусу боюнча глобалдык фонду (GCNF) бекеринен глобалдуу деген статусту алып жүрбөйт. Ал колдогон демилге ар бир мамлекет өзүнүн улуттук программаларын түзүп,  туруктуулукка жетишүүгө жана анча элес алынбаган, бирок сезилип эле турган  көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт.

Кыргызстан үчүн бул демилгеге кошулуу жөн гана формалдуулук эмес, чыныгы көйгөйлөрдү чечүү чарасы болуп саналат. Өлкөдө балдардын өсүү темпин жакшыртуу боюнча чоң ийгиликтерге жетишилгени менен, микроэлементтердин жетишсиздиги дагы эле чоң маселе бойдон калууда.

Бул эмне үчүн керек?

Балдардын ден соолугу – ар бир мамлекеттин келечегинин негизи. Бирок, эгер өлкөдөгү балдардын жана  кыздардын жарымы темир, D жана A витаминдери сыяктуу маанилүү заттардын жетишсиздигинен жабыр тартып жатса, эмне кылуу керек?  Бул өсүп келе жаткан муундун физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн жайлатып, өсүүсүнө терс таасирин берет.

Министр Догдуркул Кендирбаева Япониядагы форумда бул көйгөйлөргө токтолуп, мындай деп белгиледи:

«Бул көйгөйлөр үй-бүлөлөргө, коомчулукка жана мамлекетке олуттуу социалдык жана экономикалык чыгымдарды алып келет».

Эмне жасалды?

Кыргызстан мектеп тамактануусу жаатында тажрыйбасы жок эмес. 2006-жылы башталган улуттук программа 250 000ден ашык баланы камтыйт. 2019-жылдан бери ар бир окуучуга баланстуу тамактанууну кепилдеген мыйзам иштейт.

2024-жылы бул программага бөлүнгөн бюджет эки эсеге көбөйтүлдү. Ошондой эле, 2025-жылдын аягына чейин мектеп тамактануусун бир гана сапаттык жактан жакшыртпастан, даамдуу, коопсуз кылуу менен мектептеги тамак-ашты заманбап стандарттарга ылайык жасай ала турган мектеп ашпозчуларын  даярдоо максаты коюлган.

Министр Д.Кендирбаеванын айтымында, Кыргызстан Улуттук программасында мындан ары жергиликтүү азыктарга негизделген мектеп тамактануусуна басым жасап, туруктуу климаттык  ыкмаларды киргизүүнү пландоодо. Эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө иш алып баруу аркасында өкмөт окуучуларга пайдалуу жана жергиликтүү коомчулуктарды колдогон туруктуу мектеп тамактануусу программасын түзүүгө умтулууда.

Жергиликтүү азыктар эмне үчүн маанилүү?

Жооп жөнөкөй: Бул экономиканы колдоо гана эмес, туруктуу өнүгүүгө болгон салым да болуп саналат. Өз жерибизде өскөн, өндүрүлгөн жергиликтүү азыктарды колдонуу менен биз тамак-ашты жеткиликтүү гана эмес, пайдалуу да кыла алабыз.

Андан тышкары, элде айтылган «эмнени эксең, ошону оросуң» деген сөздү түз дагы, кыйыр маанисинде дагы түшүнүүгө боло тургандай эле окуучулар өз маданиятынын жана жаратылыш ресурстарынын баалуулугун түшүнө башташат.

Эл аралык колдоо

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп калды. Бул программанын жардамы менен 920 мектеп заманбап жабдууларды алышты, миңдеген ашпозчулар жана администраторлор атайын окуудан өтүштү.

            БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкө боюнча директору Кожиро Накай Мырза  мындай деп белгилейт:
            «Мектеп тамактануусу программалары – бул  балдардагы азыктануу муктаждыктарын канааттандыруу менен эле бирге, келечектеги адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизин түзө турган  социалдык коргоонун эң натыйжалуу чараларынын бири».

Бул балдарга кандай таасир этет?

Курсагың ачка кезде бир нерсеге көңүл топтоо канчалык кыйын экенин элестетиңиз. Эми муну бала күнүмдүк турмушунда күн сайын башынан кечирерин ойлоп көрсөңүз. Бул көйгөйдү жоюу – жакшы бааларга, сергектикке жана келечекке болгон кыялдарга карата ачкыч болуп саналат.

Мектеп тамактануусу  ошондой эле – балдарды кичинекей курактан тартып ден соолукка пайдалуу адаттарга үйрөтүүнүн жолу. Анткени,  ынанымдуу сөздөрдөн эмне күчтүүрөөк келет дейсиз? Туура, даамдуу жана тоюмдуу түшкү тамак.

Коалицияга кирүү – бул эл аралык аренада таанылуу гана эмес, ошондой эле милдеттенме дагы. Мектеп тамактануусу боюнча Коалицияга кошулуу менен Кыргыз Республикасы өз балдарынын келечегине болгон негизги инвестиция катары мектеп тамактануусу программаларын чыңдоого багытталган 105тен ашык өлкөнүн күчүнө  биригет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа