БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ИРИ ИШ-ЧАРА КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

19-20-август күндөрү Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктер жарманкеси “Рух Ордо” этникалык комплексинде алдыӊкы илимий-билим берүү коомчулугун чогултат. Кыргызстан үчүн маанилүү бул чоң масштабдагы иш-чарага катышууга мектепке чейинки, жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарына келишет.

Жарманкенин жүрүшүндө этно-комплекс мыктылардын мыктылары өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун сунуштаган чыныгы билим берүү аянтчасына айланат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Россия Федерациясынын агартуу министрлиги, Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Менин тарыхым” гуманитардык илимдерди колдоо фонду менен биргеликте көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу иш-чараларды камтыган мазмундуу, мыкты программа даярдоодо.

Биринчи күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.Ү. Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаеванын, Россия Федерациясынын агартуу министринин биринчи орун басары А.В. Бугаевдин жана башка ардактуу коноктордун сөзү менен коштолгон пленардык отурум өткөрүлөт

Педагогдор жана ар кандай категориядагы адистер үчүн “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн ролу”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо тармагындагы инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санариптик чечимдер” секциялары иш алып барат.

Экинчи күнү окутуу мастер-класстары, лекциялар жана панелдик талкуулар өткөрүлөт. Ошондой эле көргөзмө уюштурулат. Катышуучулар инновациялык билим берүү долбоорлору жана аны ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Россиялык тармактык тамактануу институту мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу долбоорунун алкагында иштелип чыккан 1-4-класстар үчүн «Сергек жашоо мүнөзүнүн негиздери» окуу-методикалык комплексин апробациялоонун жыйынтыктарын сунуштайт. Окуу-методикалык комплексти Кыргызстандын мектептеринде жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган. Активдүү катышуучулар үчүн сыйлыктар менен интерактивдүү сессия каралган.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа