Май айындагы окуу күндөрү Кыргызстандын айрым мектептеринде абдан кызыктуу өттү. Үчүнчү класстын окуучулары көздөрү таңылуу абалда смузинин даамын татып, табышты, стресске каршы оюнчуктардан ичеги-карындын муляжын чогултушту, суу, айран же компоттун кайсынысы пайдалуу деп талашып-тартышып, күн сайын аларга мектептеги эртең мененки жана түшкү тамактарды даярдай турган ашпозчуларды жаңыча өздөштүрүштү.
Ушундай форматтагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту тарабынан Үй-бүлөнүн эл аралык күнүнө жана Дүйнөлүк дени сак тамак сиңирүү күнүнө карата уюштурулган «Сыйкырдуу ашкана: табактагы күн желесинин сырлары» аттуу иш-чара 2026-жылдын 14-21-майында өлкөнүн беш аймагында Баткен, Ысык-Көл, Ош, Талас облустарында жана ошондой эле Бишкек шаарында өттү.
Программада класстык саат, интерактивдүү фестивал жана ата-энелер менен жолугушуу камтылып, анда үй-бүлө, тамак-аш, ден соолук жана мектеп ашпозчуларына ыраазычылык билдирүү туурасындагы ири маектешүүлөр камтылды.
Дени сак тамактануу дүйнөсүнө карата кенже класстын окуучуларына башкы жол көрсөтүүчүлөрлөр катары жогорку класстын окуучулары кызмат кылды. Алар алып баруучу, командалардын капитандары жана оюн бекеттеринде насаатчы гана болбостон, кенже класстын балдары аларды кызыгуу жана ишеним менен ээрчиген улуу жолдоштордун ролун да аткарышты. Балдар балдарга үйрөткөндө, атмосфера дароо башкача болуп жандуу, эркин, жакыныраак абал түзүлө түшөт эмеспи. Ошентип, маанилүү темалар жеңилирээк кабыл алынып, жакшыраак эсте калат.

Ден соолукту ким кайтарат?
Иш-чара “Ден соолукту сактоочулар: “Үй-бүлөгө Күн желесин кайтаруу” миссиясы” аттуу класстык саат менен башталды.
Класста Витаминдер Илимдеринин Магистри – мантия жана конфедератка калпагын кийген жогорку класстын окуучусу пайда болду. Ал балдарга үй-бүлөлүк дасторкондон күн желесинин түстөрүн уурдап кетишкен каардуу Мифтер тууралуу айтып берди. Тамак-аш бир түрдүү болуп калды, балдар өздөрүн начар сезе башташты.
Миссия айдан ачык эле. Ал күн желесин дасторконго кайтарып келүү болчу.
Балдарга “Ден соолук сакчылары” деген жазуусу бар силикон билериктерди таратып беришти, оюн башталды. Алдыда аларды ашкерелөө жана жеңүү керек болгон үч тамактануу туурасындагы миф күтүп турган эле.

Биринчи миф мындай болчу: “Пайдалуу – демек даамсыз”. Аны смузилерди көзү байланган абалда даам татуу аркылуу текшеришти. Суусундукка балдар көбүнчө жактырбаган кызылча, шпинат, авокадо өңдүү азыктар “жашырылган”. Бирок мөмө-жемиштер, алма жана йогурт менен бирге алар таптакыр башкача – жумшак, сергитүүчү жана күтүүсүз даамдуу болуп чыкты. “Анда чындап эле кызылча бар беле?” Көпчүлүк үчүн бул чыныгы ачылыш болду.
Экинчи миф: «Таңкы тамак маанилүү эмес». Муну балдар «Батарейкалардын рейтинги» оюну аркылуу талдап чыгышты. Алар түшкүгө чейин күч берген азыктарды тандап, тез «кубаттап», бирок ошондой эле тез эле организмди энергиясыз калтырган азыктардан бөлүп алышты.
Үчүнчү миф жемиш ширелерине байланыштуу болду. Балдар эмне үчүн бүтүндөй жемиш бир стакан ширеден пайдалуу экенин талкуулап, клетчатканын пайдалуу касиеттерин эстеп, өздөрү эле тыянак чыгарышты. Демек, жемиштин кабыгы жана эти азыктын тамактануудагы маанилүү жана зарыл, ошол эле учурда ден соолукка пайдалуу бөлүгү болуп саналат.
Кыймылсыздык да болгон жок. «Энергия оту» оюну балдарга «тез» жана «узак» энергиянын айырмасын сезүүгө жардам берди. Магистр таттууларды же газдалган суусундуктарды атаганда, балдар колдорун катуу шилтеп, отуруп-туруп, мындай «оттун» канчалык тез күйүп, өчөөрүн көрсөтүштү. Ал эми ботко, балык, жашылча, буурчак же жаңгактарды укканда, кудум туруктуу жалын же узак энергия сыяктуу түз отурушуп, колдорун көтөрүп, жай термелишти. Зал ызы-чуулуу, күлкүлүү жана абдан жандуу болду.
Андан кийин балдар тамак сиңирүү кандай иштээрин билишти. Мугалим тамактын ооздон ичегиге чейинки жолун көрсөтүп, ичеги тамакты ылдый көздөй кантип жылдырарын түшүндүрдү. Балдар жашылча, жемиш, дан жана клетчаткасы бар башка азыктар эмне үчүн өзүн жакшы сезүүдө маанилүү экенин оңой эле эстеп калышты.
Акыркы сюрприз “ичегилердин бийи” болду. Музыканын астында балдар Магистрдин артынан дененин толкун түрүндөгү кыймылын кайталап, колдору менен “жыландын” кыймылып туурап, азыктын алдыга жылуу процессин көрсөтүштү.
Класстык саат каардуу мифтерди жеңип чыгуу менен аяктады. Ар бир катышуучуга үйдө ата-энеси менен биргеликте туура тамактануу темасын улантыш үчүн “Табактагы күн желеси” магниттери жана пайдалуу тамактануу оюндарынын материалдары берилди.
Иш-чаранын маанилүү бөлүгү аларсыз мектепте тамактануу мүмкүн болбогон адамдарга же ашпозчуларга жана ашкана кызматкерлерине арналды.
Фестиваль “Байкалбаган каармандар: “Ашпозчуга рахмат” операциясы” деп аталат. Эки жума муда балдар командаларга бөлүнүп, мектептин ашпозчулары жөнүндө көбүрөөк билүү тапшырмасын алышкан. Алардын аты-жөнүн жана кызмат абалын билүү менен гана чектелип калбастан, алар менен чындап таанышып көрүү, алардын күн тартибин, баарынан эң оор учурлары эмне экендигин, алар кандай тамактарды жасоону жактырышарын жана башка көптөгөн нерселер туурасында билүү талабы коюлган.
Командалар өз каармандарынын “досьелерин” же чыгармачыл портреттерин, коллаждарды, мүнөздөрдүн сүрөттөмөлөрүн жана жумуш күнү жөнүндө кыскача видеолорду даярдашты. Бул абдан кызыктуу, дээрлик детективдик иликтөө болду.
Натыйжада балдар мектептин ашканасына жаңыча көз чаптырышты жана тамак өзүнөн-өзү эле дасторконго келип калбай турганын түшүнүштү. Ар бир ысык ботконун, жыпар жыттуу шорпонун, жаңы бышырылган торттун жана даамдуу котлетин артында кандай гана эсепсиз өлчөмдөгү ири, оор күнүмдүк эмгек турарын, өзгөчө алардын эрте туруп, азык-заттарды даярдоо, так эсептөө, тамак жасоону уюштуруу, тазалоо, ошондой эле ар дайым эле байкала бербеген жоопкерчилик жана камкордук сыягындагы эмгеги тууралуу тереңден таанышышты.
Ашпозчуларды даңазалоо менен катар окуучулар интерактивдүү бекеттерден өтүштү, бул алардын класстык сааттан алган билимдерин бекемдеп, саламаттыкты чыңдоочу тамактануу менен катар мектеп ашканасынын иши тууралуу практика жүзүндө көбүрөөк билүүсүнө шарт түздү.
“Хронология” бекетинде балдар ашпозчунун меню түзүүдөн баштап ашкананы тазалоого чейинки жумушчу күнүн калыбына келтиришти. “Гиганттык порциялар” бекетинде 100 окуучуга канча шорпо кайнатуу керектигин жана 80 булочка алуу үчүн мешти канча жолу күйгүзүү керектигин эсептешти. “Алтын колдор” бекетинде идеалдуу котлетти тегиз, тыкан, жаракасыз, сыйдам жасоого аракет кылуу процессинде балдар бул ойлогондой оңой эмес экенин да билип алышты.

“Тазалык” бекети да болуп, анда балдар “кир” идиштерди чоң табактарга салып тез-тезден “кургатуучу” жайга ташышты.
Балдар рецепттерди чогултушту, азыктарды жытынан божомолдоп табышты, курамындагы клетчатка боюнча сорттошту, “тамак сиңирүү жолу” аркылуу өтүштү. Мунун баары чоң, шаңдуу майрамды элестетип, бирок ар бир тапшырма өз алдынча зор маани камтып турду.
Өнөктүктүн бир бөлүгү ата-энелерге арналды. “Акылдуу ашкана: үй-бүлөнү даамдуу, тез жана ашыкча убаракерчиликсиз кантип тойгузуу керек” деген семинар ата-энелерди дароо эле кызыктырды. Көпчүлүк балдарга жашылча, эртең мененки тамак жана тең салмактуу тамактануу керектигин билишет. Негизги суроо башкада же төмөндөгүдөй эле: кантип баарына жетишип, үй-бүлөлүк бюджетке туура келтирип, бала табакты четке түртпөгөндөй кылып тамак даярдоо керек? Жумуштан кийин күч калбай, чарчап турганда кантип пайдалуу тамактандырууга болот?
Жолугушууда дал ушул нерселер жөнүндө сөз болду.
Эксперттер менен бирге ата-энелер бир жумалык менюну кантип түзүү, мезгилдүү азыктарды кантип пайдалануу, үй шартында даярдалган азыктарды кантип сактоо, эмнелерди тоңдурууга болоорун, тамактануу рационундагы шекер менен туздун көлөмүн кантип азайтуу керектигин талкуулашты.
Өзгөчө жөнөкөй, практикалык идеялар кызыгууну жаратты: Мисалы, мезгилинде мөмө-жемиштерди тоңдуруп, анан суусундуктарга, ботколорго жана десерттерге колдонууга боло тургандыгы; алдын ала даярдалган үй шартында жасалган жарым-жартылай фабрикаттар пайдалуу жардамчы боло ала тургандыгы; дени сак тамактануу ар дайым кымбат азыктарды талап кылбагандыгы ж.б.
Ата-энелер суроолорду берип, үй-бүлөлүк тажрыйбалары менен бөлүшүп, мектеп окуучуларынын рациону, витаминдер, окуунун көп жүктөмөсү болгон күндөрдөгү тамактануу тууралуу сурашты. Реакцияларга караганда, мындай формат абдан керек болуп тургандыгы белгилүү болду.
Сүрөттө гана калбай турган майрам
Финалда командалар мектеп ашпозчулары тууралуу эмгектерин – коллаждарды, видеолорду, маектерди, ачылма каттарды жана ыраазычылык сөздөрүн тартуу кылышты. Оригиналдуу фоторобот, жүрөккө жеткен маек, кылдат оператордук көз караш, активдүүлүк жана демилгелүүлүк үчүн деген сыяктуу өз салымдары боюнча ар бир команда белгиленди жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Ашпозчуларга да “Мектептеги тамактануунун баатыры” деген жазуусу бар белектер жана фартуктар тапшырылды. Бирок башкы сыйлык балдардын открыткалары жана жөнөкөй, чын ыкластуу “рахмат” деген сөздөрү болду. Анткени ар бир адамдын эмгегинин бааланганынын угуусу өтө маанилүү.
Иш-чара тамактануунун ар кандай аспектилерин камтып, мектепте жана үйдө ар түрдүү, ошондой эле дени сак тамактануунун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүүнү улантууга мүмкүндүк берди.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio