Жемиштерди жана мөмөлөрдү кайра иштетүүнүн жаңы технологиялары: өндүрүштүк-логистикалык борбордун кызматкерлери окутуудан өтүштү

Окуучулардын даамдуу эртең мененки тамагы менен технологиялык жаңылыктардын ортосунда кандай байланыш бар? Булардын баары Баткен облусундагы Өндүрүштүк-логистикалык борбордун (ӨЛБ) аракеттери менен ишке ашып жатат. Борбор азык-заттар менен иштөөнү гана эмес, мектептердеги тамак-аштын сапаты боюнча жаңы стандарттарды белгилөөдө. 2024-жылдын 16-декабрынан 27-декабрына чейин борбордун адистери жемиштерди жана мөмөлөрдү кайра иштетүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү максатындагы уникалдуу окутуудан өтүштү.

Окутуу: максаты жана зарылдыгы

Гүлкайыр Мамазияева жана Бүбүзайнап Темирова М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү. Алар жемиштерди жана мөмөлөрдү кайра иштетүүдөгү инновацияларга тиешелүү бардыгын – узак мөөнөткө сактоо технологияларынан баштап консервациянын сырларына чейин окуп үйрөнүштү. Бул татаалдай көрүнгөнү менен негизги максат жөнөкөй, ал –  балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн жыл бою табигый продуктылардын пайдалуу касиеттерин жоготпой, даамы менен жана жаңы  бойдон сактоо.

Борбор менен кызматташкан фермерлер эми алардын продукциялары максималдуу түрдө натыйжалуу жана ысырапсыз колдонулат деп ишене алышат.

Кадамжай районундагы ӨЛБ эмне менен алектенет?

ӨЛБ – жөнөкөй эле кампа  же жашылча сактоочу жай эмес. Бул фермерлерди, мектептерди жана жергиликтүү коомчулуктарды бириктирген бүтүндөй экосистема. Борбор 2023-жылдын жазында ишке кирген жана буга чейин эле билим берүү мекемелери үчүн жашылчаларды жеткирүү боюнча тендерлерди утуп, мектептер менен бала бакчаларга жаңы продукцияларды кайрымдуулук түрүндө жеткирүү аркылуу өзүн көрсөтүүгө жетишкен.

ӨЛБнын иши – бул мектептеги тамактанууну жакшыртуу гана эмес. Бул аймактагы өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы дагы. Маселен, борбор жергиликтүү фермерлерге чоң көлөмдөгү жеткирүүлөр аркылуу туруктуу киреше табууга көмөк көрсөтөт. Ал эми жеринде продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү ассортиментти кеңейтүү перспективаларын түзөт.

Келечекте жаңы сактоочу жайларды куруу, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана жаңы базарларга чыгуу пландалууда. Бул амбициялуу угулуп жатабы? Албетте, дал ошондой. Бирок бул өзгөрүүлөр балдардын тамактануусунун сапатын жөн гана жакшыртпастан, чындыгында инновациялуу да  кылууда.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа