Помидор, бадыраң жана таттуу калемпир: Окуучуларддын тамактануусун рационалдуу уюштурууда жашылчанан ролу

Рационалдуу тамактануу – балдардын нормалдуу дене боюнун жана акыл эсинин өнүгүүсүнүн негизи. Ал окуучулардын ооруга туруктуулугун, когнитивдик жөндөмүн жана окууга жетишүүсүн жогорулатат.

Окутуунун  программалары  оорлогон сайын  рационалдуу тамактануунун  мааниси да жогорулайт. Азыркы  окуу программалары абдан көп тармактуу.  Балдарга системалуу түрдө берилүүчү көптөгөн  информациялар алардын нерв системасына чоң оордук  келтирет. Ал оорлукту жеңилдетүүгө, башка себептерди  айтпаганда да, мектептеги туура уюшбалдардын тамактануусун  туура уюштуруунун мааниси чоң.

Салат,  капуста,  бадыраң, помидор,  болгар калемпири жана  башка жашылчалар милдеттүү  түрдө мектеп рационуна кириш  керек. 

Жашылчалардын  баалуулугу составында  балдар үчүн өзгөчө маанилүү  туздардын жана витаминдердин болушуна  байланыштуу. Мындан сырткары, жер жемиштер –  биологиялык жактан активдүү заттардын булагы болуп  эсептелет: кээ бири зат алмашуу процессин жакшыртат,   эт, сүт, ун азыктарын аш кылууда кислоталарды нейтралдаштырат,  кан басымын нормалдаштырат, кээ бирлери кан тамырларын бышыктайт, аларга  чоюлгуч жөндөм берет, кандагы холестеринди жана организмдеги суюктукту азайтат.

Жашылчанын  белокту, майларды  жана углеводдорду аш  кылуу жөндөмүн жакшырта  турган баалу сапаттары бар.  Андыктан алар өз алдынча тамак  эле болбостон, балык жана эттен  жасалган тамактардын гарнири катары  баалуу. Жашылчасыз баланын тамактануусу  толук кандуу боло албайт.

Баадыраңдын  өзгөчө  диетикалык  бааалулугу бар  жана балдардын тамактануусуна  пайдалуу. Анда суу көп – 95% ке чейин.  Ошого карабастан, бадыраңдагы башка заттар  анын пайдалуу сапаттарын шарттайт. Бадыраңда  клетчатка, минералдык заттар бар: Калий, Натрий,  Кальций, Магний, Темир, Фосфор жана Йод, С, В группасындагы,  Р, РР витаминдер жана провитамин А бар.

Помидорлор (томаты) азыктык  жана даамдык  сапаты боюнча өтө  баалуу жер жемиш. Алар витаминдерге (С, В1, В2, К, провитамин А,  фолиевая кислота) бай. Анда клетчатка, минералдык заттар (Натрий, Калий, Кальций, Фосфор, Магний, Темир, Жез, Йод)  бар.

Помидордогу  С витамини лимон  менен апельсиндикинен бир   аз элс кем.

Жаңы  помидор –  авитаминоздун  алдын алууда эң  мыкты каражат. Помидор  ашказан суюктугун бөлүп чыгарууга  жардам берип, аш кылууну жакшыртат.  Помидордун клетчаткасы назик, ошондуктан  ашказанга жана ичегилерге жагымдуу.

Помидордогу  организмдеги   токсиндерди сырка  чыгарат, кан менен боорду  тазалайт, составында темир жана  фолиевая кислота болгондуктан, кан  иштеп чыгууга жардам берет. Калий жана  витаминдердин болгондугу жүрөк-кан тамыр ооруларына,  семирүүгө, зат алмашуусу бузулганга каршы дарылык касиетке  ээ.

Помидордон балдарга  салат даярдап, биринчи  блюдаларга кошсо болот. Рецепти   мектептеги тамактандыруу боюнча биздин  Рецептер китебинен тапса болот.

Таттуу  калемпир

“Ким  таттуу  калемпир  жесе,  ал узак  жашайт” – деген  кеп бар. Калемпир  коргоочу азык катары  айтылат: анын организмдин  ооруларга каршы туруктуулук  жөндөмүн жакшырта турган сапаттары  бар.

Таттуу  калемпир  канттарга (негизинен глюкоза  жана фруктоза) бай, анда белок,  эфир майлары, органикалык кислоталар (лимондун  жана алманын) бар. Калемпирде пайдалуу микроэлементтер  көп: Калий, Кальций, Темир, Магний, Фосфор, ошондой эле витамин  В1, В2, Е, РР, фолиевая кислота.

Таттуу  калемпир  С витаминин  кармагандыгы боюнча  жашылчалардын баардык  түрлөрүнөн ашып түшөт.  Таттуу калемпир А провитаминине  да бай. А витамининин болушу өзгөчө  суук тийгенде организмдин каршылык көрсөтүү  жөндөмүн камсыздайт, терини жана ыйлаакча кабыкчаларын  сактайт.  

Калемпирдеги  пайдалуу заттар  кан тамырларды бышыктайт, нормалдуу  кан чыгарып, кандын айлануусуна зарыл  болгон организмдин Темирди кабыл алуусуна  жардам берет. Ошондой эле, зат алмашуу процессине  таасир тип, борбордук нерв системасын бекитет, гипо –  жана авитаминоздо эң мыкты дары касиетине ээ. Калемпирдеги  Кремнийдин болушу чачтын, теринин, тырмактардын жан тиштердин сулуу  болушу үчүн зарыл.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа