Сыйкырдуу бакчаны сактап калуу: Кыргызстандын окуучулары Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн белгилешти

Сыйкырдуу бакчадан бардык даамдар жоголду – Кант, Нарын жана Манас шаарларындагы үчүнчү класстардын 118 окуучусу үчүн Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн майрамдоо ушундай жомок сымал окуя менен башталды. «Сыйкырдуу бакчанын сырлары» аттуу туура тамактануу боюнча китептер сериясынын сюжетине ылайык, балдар алты өлкө боюнча оюн саякатына аттанышты. Башкы каарман Зуурага бакчадагы даамдарды кайтарып, аны кайра жандандырууга жардам берүү үчүн алар көк чөп-чарларды жыты боюнча таап, күрүчтөн жасалган тамакка татымалдарды тандап, кадимки эле көндүм азыктардан жаңы нерселерди жаратууну ачышты.

            Иш-чаралар октябрь айында Кант шаарындагы №3 мектепте, Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектепте жана Манас шаарындагы Алым Усман атындагы №7 мектепте өттү. Ага балдар менен бирге ата-энелер, мектеп ашканасынын кызматкерлери, ошондой эле мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Майрамды БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин көмөгү жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен уюштурду. Иш-чаралардын негизи болгон китептер сериясын БУУнун ДАТП жана SIFI Кыргызстандын мектептериндеги тамактанууну оптималдаштыруу долбоорунун алкагында иштеп чыгышкан.

            Алты белгисиздин картасы

            Биринчи сабакка чейин бир нече күн калганда класстардын эшиктерине алты өлкө тартылган жана алты бош тегерекчеси бар «Зууранын саякат картасы» илинди. Ал эми анын жанында болсо китептер жатты. Тыныгууларда балдар картаны карап, баракташып, башкы каарман жана алдыдагы саякат тууралуу өз бложомол-жоромолдорун айтышты.

            12-октябрда үч мектепте тең «Туулган жердин белектери жана алты даам» аттуу класстык саат өттү. Алгач даам татуу уюштурулду: кургатылган өрүк менен лимондун мисалында балдар таттуу жана кычкыл даамдарды салыштырышты.

            Андан кийин мугалимдер Зууранын бакчага жардам берүү жана чачырап кеткен даамдарды табуу өтүнүчү жазылган катын окушту. Балдар картага өздөрү татып көргөн эки даамды белгилешти, ал эми калгандарын тааныш азыктардан: туздуу даамды курут менен сырдан, ачуу даамды көк чайдан, өткүр, курч даамды калемпир менен сарымсактан, куруштуруучу даамды курма менен айвадан табышты. Ошентип, балдар алты тегерекчени тең толтурушту.

Тааныш азыктарды талкуулоо менен балдар өздөрүнүн аймагында эмне өсөрүн жана эмне алыстан келерин эстерине салышты. Андан соң «Даамдуу алакандар» оюнунда өздөрүнүн даамдарды канчалык деңгээлде эстеп калышканын текшеришти: алып баруучу азыктын атын атаганда, балдар жаңсоо (жест) менен же кыймыл-аракет аркылуу түшүндүрүшүп жооп беришти, эгер азык таттуу болсо курсактарын сылашып, ал эми кычкыл болсо мурундарын тырыштырышты ж.б.

            Зууранын бакчасы кайрадан гүлдөшү үчүн балдар ага капкактардан, картондон жана кездеменин өөн-кесиндилеринен, калдыктарынан же адатта ыргытылуучу материалдардан кооз гүлдөрдү жасашты. Фестивалда бул кол өнөрчүлүк буюмдары менен «Сыйкырдуу бакча» аттуу жалпы плакатты кооздоо керек болчу.

Ошентип, балдар керексиз буюмдарга кантип жаңы функция берсе болорун өздөштүрүштү. Үй тапшырмасы даамдар менен таанышууну андан ары дагы улантып тереңдетти: балдарга жергиликтүү азыктардан бир тамак ойлоп табуу менен катар аны сүрөткө тартуу сунушталды. Эми алар кандай азыктарды айкалыштырууну жана алардын тамагында кайсы даамдар бири-бирине төп келерин өздөрү чечиши керек эле.

            Бир майрамда алты өлкө

            15-октябрда Манаста, 16-октябрда Нарында жана 21-октябрда Кантта окуучулар «Сыйкырдуу бакчанын даамдар жарманкесине» саякат жасашты. Аларды жетекчилер катары жогорку класстын окуучулары коштоп жүрүштү: алар окуу бөлүмүнүн башчыларынын жетекчилиги астында бекеттерди даярдап, өздөрү болсо китеп каармандарына айланышты. Ар бири командаларды өз каарманынын өлкөсүнүн тилинде сүйлөп тосуп алып, бакчага алты даамдын бирин кайтарып берүүгө шарт түзө турган тапшырмаларды сунушташты.

            «Грециялык» каарман Алексистин бекетинде «таттуу жол чырак» иштеди. Карточкаларды түстүү зоналарга бөлүштүрүү менен балдар мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер жана бал газдалган суусундуктардан, момпосуйлардан эмнеси менен айырмаланарын жана кайсы азыктарды азыраак колдонуу керектигин үйрөнүштү. Ал эми Грузиядан келген Тамардын жанында балдар көздөрү таңылуу абалда петрушка, кинза, ашкөк, райкан жана жусайды жыты боюнча айырмалап табууга аракет кылышты. Индиядан келген Ракешке болсо даамы жок күрүч үчүн жардам керек болду. Командалар анын буйрутмасы боюнча татымалдарды тандашты: алтын түс үчүн куркума, жыты үчүн зире, таттуураак даам үчүн корица тандалды.

“Италияда” балдар деңиз тузу жөнүндө сүйлөшүп, Джулия менен капкактардан, картондон жана жиптерден балык жасап, керексиз нерселердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табышты. Хиро менен бирге балдар “Япониядагы”  лимондун чайдын түсүн өзгөртүп жатканына байкоо жүргүзүштү. Ал эми “Таиландда” Савика лаймдуу сууну татып көрүүнү жана витамин С булактары бар азыктардын (чычырканак, ит мурун, болгар калемпири жана капуста) карточкаларын табууну сунуштады..

            Ар бир тапшырмадан кийин команданын капитанынын конвертине даамдын символу жазылган чаптамалар салынып турду. Финалда командалар чогултулган символ-чапталмарды “Сыйкырдуу бакча” жалпы плакатына көчүрүп, аны класстык саатта жасалган гүлдөр менен кооздошту.

Бул эсте калаарлык саякаттын жыйынтыгында ар бир окуучу балага топ жана “Сыйкырдуу бакчанын сырлары” сериясындагы китептер белекке берилди. Ошондой эле уюштуруучулар майрамды даярдаган мугалимдер менен жогорку класстын окуучуларына  белектер үчүн ыраазычылык билдиришти.

            Мектептеги түшкү тамактагы бардык даамдар

            Даам издөө иштери ашканада, «Сыйкырдуу бакча дасторконунда» уланды. Бул жерде балдарды мектеп ашканасынын сакчысынын ролундагы ашпозчу тосуп алды. Менюда мастава, «Шакарап» салаты, ашкабактан жасалган самса жана кант кошулган чай бар эле. Булардын баары мектептеги тамактануу китебинде берилген рецепттер боюнча даярдалган.

            Андан соң балдар тааныш даамдарды өз түшкү тамагынан табуусу керек болду. Балдар тамактардын даамын татып, кеңештер баракчасы менен салыштырышты жана ашкабак самсага таттуулукту, помидор салатка кычкылдуулукту, пияз өткүрлүктү берерин өздөштүрүштү. Ошону менен бирге алар шорподон туздуу даамды, чайдан болсо ачуу жана сергитүүчү даамды табышты. Акырында “жей ала турганыңча гана алуу керек жана ашпозчунун эмгегин баалоого тийишпиз” деген ашкана сакчысынын  насаатын да жадыларына түйүп алышты.

            Ата-энелер өздөрү эмнелерди байкаштырып көрүштү?

            Лимон канчалык деңгээлде кычкыл жана баары эле анын даамын бирдей сезеби? «Үйдөгү сыйкырдуу бакча» жолугушуусунда ата-энелер муну өздөрү текшерип көрүштү. SIFIнин тамактануу боюнча адиси менен биргеликте алар лимонду, лаймды, кычкыл алманы, кефирди жана клюкваны даамдап көрүп, ар бир азыктын кычкыл даамын бирден онго чейинки шкала боюнча баалашты. Берилген баалар ар түрдүү болуп, ал сезимдерди салыштырууга негиз болуп берди.

            Ал эми татымалдар жаатындагы тапшырма бөлөкчө болду: тунук эмес баштыктын ичинде эмне бар экенин алгач кармап көрүп, андан кийин жыттап билүү керек эле. Адис мындай тапшырмаларды балдар менен кайталап көрүүнү, кимге алма кычкылыраак сезилерин салыштырууну же баштыкка карабай туруп тааныш татымалды биле алар-албасын текшерүүнү сунуш кылды.

Даам татуудан кийин үй тиричилигине өтүштү. Кантип керектүү нерселерди гана  сатып алуу жана кантип азыктар бузулганга чейин  гана колдонуу керек? Ашып калган боткодон же кургап калган нандан эмне жасап салса болот? Менюну пландаштыруу, тамак-ашты сактоо жаатындагы боткодон кактап бышырылган тамак, ал эми каткан нандан кургатылган нан жасоого боло тургандыгы сыяктуу жөнөкөй чечимдер талкууланды.

            Ата-энелер өздөрү менен  кошо үйлөрүнө ар кайсы өлкөлөрдүн рецепттерин, эскертмелерди, үй шартындагы эксперименттер үчүн нускамаларды, ошондой эле кол өнөрчүлүк идеяларын алып кетишти. Ал эми балдар болсо үйлөрүнө Зуура туурасындагы китептерди алып барышат. Эми алар ата-энелери менен бирге окуяны окуп, рецепт тандап, бүт үй-бүлө үчүн тамак даярдай алышат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа