2027-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда окуучулардын тамактануусуна көбүрөөк каражат бөлүнөт. Каржылоонун көлөмү бир окуучуга күнүнө 40 сомго чейин көбөйөт.
Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кабыл алды.
Азыр республикалык бюджеттен 1-5-класстын окуучуларынын тамактануусуна күнүнө бир балага 14 сом бөлүнүп жатат. Каржылоонун көбөйүшү мектептеги эртең мененки жана түшкү тамактарды ар түрдүү жана пайдалуу кылат. Менюга эт жана балык азыктары, сүт азыктары, жашылча-жемиштер көбүрөөк кошулат. Ошентип, рацион белок, май жана углеводдор боюнча тең салмактуу болот.

Бул ата-энелер үчүн маанилүү жаңылык. Сапаттуу тамак балдардын окуусуна, ойноосуна жана активдүү өнүгүсүнө карата энергияны сактоого көмөктөшөт.
Мындан тышкары, туура тамактануу дени сак өсүүгө, организмди бекемдөөгө жана пайдалуу адаттарды калыптандырууга жардам берет.
Бул жаңылык мектептеги тамактанууну уюштурууда өлкө аймактарындагы айырмачылыктарды кыскартууга шарт түзөт. Өлкөнүн мектептери менюну жакшыртууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.
Үй-бүлөлөр үчүн да бул ата-энелердин кошумча каржылык жүгүн азайтып, маанилүү колдоо болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2027-жылдын 1-январынан баштап мектептеги тамактануунун жаңы ченемдерин киргизүү үчүн бюджеттен керектүү каражаттарды кароо тапшырылды.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio