Мектеп ашканасынын жашыруун сырлары: Кыргызстанда жаш “детективдер” “байкалбаган каармандардын” ким экенин ачышат

Бишкек шаары, 2026-жылдын 12-марты.

Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) тарабынан демилгеленген Эл аралык мектептеги тамактануу күнүнө карата иш-чаралар өз ишин баштады. 2026-жылдын 18-мартынан тартып 27-мартына чейин Чүй жана Жалал-Абад облустарында “Байкалбаган каармандар” аттуу уникалдуу билим берүү акциясы өтөт. Бул акция интерактивдүү тапшырмалардын сериясынан туруп, анын кульминациясы ар бир ашкана кызматкеринин чыгармачылык “досьесун” түзүү болуп саналат.

            Ден соолукка пайдалуу тамактануу жумалыгын өткөрүүгө төмөнкү эки мектеп негизги аянтча болуп берет:

  • Чүй облусундагы «Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби» (Аламүдүн району).
  • Жалал-Абад облусундагы «Р.Санатбаев атындагы №9 жалпы билим берүү мектеби» (Манас шаары).

Төртүнчү класстын окуучулары эки жума бою жогорку класстын окуучулары-кураторлору менен бирге оюн механикасы, командалык иш жана физикалык активдүүлүк аркылуу билим алышат. Ар бир сабактын аягында окуучу балдардын ар бири  ата-энеси менен үйдө аткаруу үчүн “Дени сак тамактануу жөнүндө таанып-билүү оюндары” чыгарылышын ала алышат.

Мында башталгыч класстын окуучулары мектептеги тамактануунун “байкалбаган каармандары” жөнүндө маалымат чогулткан, ар кандай декоративдик-колдонмо искусство техникаларында жасалган мектеп ашпозчуларынын жана ашкана кызматкерлеринин фото-роботун – портреттерин түзгөн чыныгы “агенттерге” айланышат. “Иликтөөгө” катышуунун натыйжасында жаш агенттер мектеп ашканасындагы тамак бышыруучу мештин жанында күн сайын  туруп талбай эмгектенгендерге жаңыча көз караш менен карай алышат.

Долбоордун уюштуруучулары өз алдыларына балдардын мектеп тамагына болгон мамилесин өзгөртүү жана  эмгеги көп учурда байкалбай калган ашкана кызматкерлерине карата алардын ыраазычылык сезимин ойготуу сыягындагы маанилүү социалдык милдетти коюп жатышат.

Ден соолукка пайдалуу тамактануу жумалыгынын кульминациясы катары жогорку класстын окуучулары тарабынан уюштурулган кызыктуу квест форматындагы фестиваль-презентация болот. Жыйынтыктоочу иш-чарада окуучулар өздөрүнүн чыгармачылык иштерин жана “иликтөөлөрүнүн” жыйынтыктарын тартуулашып, “Ден соолук сакчысы” наамын алышат, ашпозчуларга өздөрү жасаган ыраазычылык ачылма каттарын жана өздөрү түзгөн алардын портреттерин тапшырышат.

Ден соолукка пайдалуу тамактануу жумалыгы ашпозчунун кесибинин кадыр-баркын көтөрүү менен гана чектелбестен, өсүп келе жаткан жаш муундардагы тамак-ашты жана аны даярдаган адамдарды урматтоого негизделген тамактануу маданиятын калыптандырууга да багытталган.
***

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы – бул өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап калуучу жана азык-түлүк көмөгүн көрсөтүү менен жаңжалдардан, кырсыктардан жана климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттерден кийин калыбына келип жаткан адамдар үчүн тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө карата жол ачууну көздөгөн дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм.

Бизге https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan  даректери аркылуу байкоо жүргүзүп туруңуз.

             БУУнун ДАТП тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: Алмаз Чороев, БУУнун ДАТП/ Бишкек, электрондук почта: almaz.tchoroev@wfp.org, тел .: +993 312 660033, моб.: +996 550 577 597

КМШ өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын тамактануусу маселелери боюнча базалык уюм  болгон “Тармактык тамактануу институту” (SIFI) автономдуу коммерциялык эмес уюму –  мектепте жана социалдык тамактануунун комплекстүү программаларын Россияда жана чет өлкөлөрдө иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча эксперттик уюм. Институт БУУ системасындагы уюмдар менен өнөктөштүктө  мектептеги тамактанууну өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, тамак-аш блокторун модернизациялоого, адистерди окутуп-үйрөтүүгө, саламаттыкты сактоонун, сергек жашоонун принциптерин балдар жана ата-энелер арасында жайылтууга багытталган долбоорлорду ишке ашырат. Институттун ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк маалыматты анын расмий сайтынан жана Facebook расмий аккаунтунун баракчасынан  алууга болот.

«Кыргыз Республикасында мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» программасы тууралуу кеңири маалымат расмий сайтта https://tamakash.edu.gov.kg/ жана программанын Instagram баракчасында https://www.instagram.com/school_meals_programme/ жайгаштырылган.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа