Кыргызстанда “Мыкты мектеп ашпозчусу–2025” сынагынын тандоо туру башталат

Жакында, 2-июнда бүткүл өлкө боюнча жыл сайын өтүүчү “Мыкты ашпозчу – 2025” сынагынын тандоо турлары башталат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ БДАТП) жана Россиянын тармактык тамактануу институту (SIFI) тарабынан уюштурулган. Конкурстун максаты – жөнөкөй, мааниси – мектеп тамак-ашын даамдуу, пайдалуу жана сапаттуу кылуу.

Быйыл Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келген 400дөн ашуун ашпозчу өз күчүн сынап көрөт.

Тандоо туру өлкөнүн бардык жети облусунда бир нече этап менен өтөт. Алгач, катышуучулар онлайн-тестирлөө аркылуу санитардык жана коопсуздук эрежелери боюнча билимдерин көрсөтүшөт. Андан кийин “Ата-энелерден суроо” блиц-турнири болот, анда ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү сынактын катышуучуларына мектептеги тамак-аштын сапаты боюнча суроолорду бере алышат. Ашпозчулар тез жана так жооп бериши керек, бул алардын окуучулардын ата-энелери менен түз диалогго барууга даяр экендигин күбөлөндүрөт.

Негизги жана эң мыкты этап – практикалык тапшырма. Анда ашпозчулар чектелген убакыттын ичинде “Кыргызстандагы мектеп тамак-ашынын рецепттер” китебиндеги рецепттер боюнча биринчи жана экинчи тамактарды даярдашмакчы. Калыстар тобу тамак-аштын даамын жана берилишин гана эмес, рецептин негизинин, санитардык нормалардын жана коопсуздук техникаларынын сакталышына да баа беришет. Калыстар тобунун мүчөлөрүнөн тышкары,  окуучулар жана алардын ата-энелери да даяр тамактарды татып көрүү менен даамы жана жасалгасы боюнча өз пикирлерин айта алышат.

Мунун менен катар мектептерде кенже класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн “Бирге тамак жасайбыз” ашпозчулук сабактары өтөт. Бул сабактардын негизги идеясы – үй-бүлө менен пайдалуу тамактарды даярдоо жөнөкөй жана тез гана болбостон, кызыктуу да экенин көрсөтүү. Кесипкөй ашпозчулардын жана нутрициологдордун жетекчилиги астында балдар ата-энелери менен бирге аш болумдуу тамактарды даярдоону үйрөнүшөт, ошондой эле кантип күнүмдүк пайдалуу менюну  жеңил түзүүнү үйрөнүшөт.  Катышуучуларга рецепттер жана тең салмактуу тамактануу боюнча материалдар берилет. Ар бир үй-бүлө  үйдө өткөрүү үчүн “Дени сак эртең мененки тамакты издөө” квестин  белекке  алышат.

Сынактын финалы  2025-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Республикалык мектеп ашпозчуларын даярдоо борборунда өтөт.  Жети обулустун мыкты ашпозчулары мектептеги тамактануу үчүн автордук ысык тамактарды сунуштаган финалдык кулинардык батлда таймашышат. Жеңүүчүлөргө пайдалуу сыйлыктар жана татыктуу дипломдор берилет.

Сынак “Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын алкагында өтүп жатат, ал бүгүнкү күндө күн сайын 250 миңден ашуун кенже жаштагы мектеп окуучуларын  тамактандырып, алардын тамак-ашын чындап даамдуу жана тең салмактуу кылат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа